Daily Archives Суббота февраля 1st, 2014

Кыргызстанда өсүүчү дары өсүмдүктөр

 каз таман Дары өсүмдүктөр — медицинада, ветеринарияда ооруну дарылоо, алдын алуу максатында колдонулат. Алардын дарылык касиети составындагы алкалоиддер, гликозиддер, витаминдер жана башка заттардын болушуна негизделген. Дары заттар кээ бир өсүмдүктөрдүн бүчүрүндө, жалбырагында же сабагында; айрымдарынын гүлүндө же мөмөсүндө, тамырында же кабыгында жана башка органдарында топтолот. Ошондуктан өсүмдүктөрдүн керектүү бөлүгүн гана жыйнап алуу керек. Активдүү заттар түрдүү органдарда ар башка убакытта жыйналгандыктан,  дары  өсүмдүктөрдүн  чогултуу мезгили чоң мааниге ээ. Тамыр-сабак, тамыр, түймөктөр эрте жазда жана күзүндө казылып, жууп кургатылат. Бүчүрү ачылып кете электе чогултуу керек. Кабыкты жазында катып кете электе сыйрып алган оң...

Далее

«Ачык эшиктер» күнү

Ж-А ОИИБ-1Жалал-А ОИИБЖ-А-ОИИБ-2

2014-жылдын  24-январында  Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын жаш  өспүрүмдөр  менен  иштөө   инспекциясынын  кызматкерлеринин  демилгеси   менен   уюштурулуп,  «Мекеним  менин-Кыргызстан!»  аттуу  чоң  профилактикалык  иш-чаранын  алкагында  «Биз  биргебиз!»  деген  ураандын  алдында  Жалал-Абад  облусунун  Сузак  районунун  Сафаровка  айылындагы  Жоомарт  Бөкөнбаев  атындагы  жатак  балдар  үйүндө  «Ачык  эшиктер  күнү»  ...

Далее

Кызыктуу фактылар

Кытайда адам организми телефонго заряд катары колдонулушу мүмкүн. Күтүлгөндөй, келечекте смартфондор зарядды адамдын жүрөк согушунан толтуруп алат. Ал үчүн телефонго кичинекей электростанция орнотулмакчы.Ал телефонго энергияны өткөрүп турат. Мындай ыкма жаныбарларда колдонулду.

АКШда атактуу Marlboro тамекисинин “ковбою” өпкө оорусунан каза тапты. Актер жана модель Эрик Лоусон 73 жашта болчу. Анын көз жумушуна көп чылым чегүүдөн пайда болгон өпкө оорусу себеп болду...

Далее

“Керме-Тоо” мектеби 3-орунда

Фото2370

Сорос фонду жана ФБОИ тарабынан 3 жылдан бери ар түрдүү семинарлар уюштурулуп келе жатат. Семинарлардын  жыйнтыгында катышуучулар үчүн социалдык проблеманы козгогон 5 минуталык видео сюжет тартуу сынагы  жарыяланган. Түштүк аймагы боюнча сынакка катышкан бардык мектептер боюнча   жыйынтык 16- 17- январда “Ош нуру” мейманканасында жарыяланды. Ал жерде жеңүүчүлөр  аныкталып, мыктылар баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.  Жеңүүчүлөрдүн катарында Керме-Тоо  мектеби да 3чү даражадагы диплом менен сыйланып, журналисттин эң жакшы иши, 1- даражадагы мыкты оператор диплому  ыйгарылып,   социалдык көйгөйдү эң жакшы бере алгандыгы  белгиленди.  Керме-Тоо мектебине  “6 жаштагы жаш жеткинчектердин көйгөйү”,- деген темадагы 3 минуттук видео сюжетти  февраль айына чейин  тартуу тапшырмасы берилди...

Далее