“Керме-Тоо” мектеби 3-орунда

Фото2370

Сорос фонду жана ФБОИ тарабынан 3 жылдан бери ар түрдүү семинарлар уюштурулуп келе жатат. Семинарлардын  жыйнтыгында катышуучулар үчүн социалдык проблеманы козгогон 5 минуталык видео сюжет тартуу сынагы  жарыяланган. Түштүк аймагы боюнча сынакка катышкан бардык мектептер боюнча   жыйынтык 16- 17- январда “Ош нуру” мейманканасында жарыяланды. Ал жерде жеңүүчүлөр  аныкталып, мыктылар баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.  Жеңүүчүлөрдүн катарында Керме-Тоо  мектеби да 3чү даражадагы диплом менен сыйланып, журналисттин эң жакшы иши, 1- даражадагы мыкты оператор диплому  ыйгарылып,   социалдык көйгөйдү эң жакшы бере алгандыгы  белгиленди.  Керме-Тоо мектебине  “6 жаштагы жаш жеткинчектердин көйгөйү”,- деген темадагы 3 минуттук видео сюжетти  февраль айына чейин  тартуу тапшырмасы берилди.

“Рэкетчиликти канткенде токтотобуз?” жана алдын алуу проблемаларын алдыга койгон жана иш чараларды жүргүзгөн мүдүрдүн билим жаатындагы орун басары Жылдыз Мамаразыкова эжеке жаш өспүрүмдөрдү жана чоң класстардын окуучуларын анкета толтуртту. Ал жерде окуучунун аты жөнү жазылбай,  окуучунун айталбай жүргөн көйгөйлөрүн кеңири жазса болот жана ал жерде жазылган   суроолордун жообун текшерип, рэкетчилик менен алектенип жүргөн балдарга керектүү чараларды колдонууга болот. Бул идея  былтыркы жылдан бери эле аткарылып келе жатат, иш чаранын негизинде рэкетчилик менен алектенген балдар жазасын алышканы, рекетчиликти    жоюуга мүмкүнчүлүк түзүлүп  жаткандыгынан кабар берет.

                                          Мектеп жаңылыктарынан

24-жана 25- январда Ош шаарындагы Керме-Тоо гимназия мектебинде  үлгүлүү жана коомдук иштерге активдүү катышкан балдарды мектептин мүдүрү кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйлады. Анын негизинде эң активдүү жана эң мыкты класс деп 9-б классы аталды. 9-б класстын окуучулары азыркы мезгилде  алган сыйлыктарына кубанып турган кези.

                                                                             Сайкал Нурбек кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>