Кызыктуу фактылар

Кытайда адам организми телефонго заряд катары колдонулушу мүмкүн. Күтүлгөндөй, келечекте смартфондор зарядды адамдын жүрөк согушунан толтуруп алат. Ал үчүн телефонго кичинекей электростанция орнотулмакчы.Ал телефонго энергияны өткөрүп турат. Мындай ыкма жаныбарларда колдонулду.

АКШда атактуу Marlboro тамекисинин “ковбою” өпкө оорусунан каза тапты. Актер жана модель Эрик Лоусон 73 жашта болчу. Анын көз жумушуна көп чылым чегүүдөн пайда болгон өпкө оорусу себеп болду. Эске салсам, Лоусон 1970-80-жылдары Marlboro бренди үчүн жарнамалык роликтерде ковбойдун образын жараткан. Белгилүү болгондой, актер 14 жашынан баштап тамеки тарта баштаган.

Америкада “акылдуу” капчык чыгарылды. Аны уурдап кетишсе, бул жөнүндө дароо кожоюнга белги берилет. Чоң эмес пластикалык карта капчыкка салынып, смартфонго туташтырылат. Эгер капчыктын ээси аны үйдө унутуп калса, байланышын жоготкон смартфон катуу үн чыгарып баштайт. Ошол сыяктуу эле, капчыкты уурдаган адам тараптан белги жаңырат. Анын үнү жада калса көчөдө 10 метр аралыкта угулат.

Канаданын 104 жаштагы тургуну сууда сүзүүдө 2 ирээт рекорд койду. Яринг Тиммерман февралда 105 жашка толгондуктан, бул жаш категория ичинде да ал эң мыкты жана жалгыз рекордчу сүзүүчү болот. Тиммерман карыя жумасына эки жолу бассейнге барып, машыгып турат.

Африканын 25 жашар тургуну Мандла Масеко космоско жолдомо утуп алды. Америкалык космостук академия тарабынан уюштурулган сынакка 1 миллиондон ашык адам катышкан. Талапкерлер өтө оор физикалык машыгууларда атаандашып, ондогон тестирлөөдөн өттү. Жеңүүчү Мандла Масеко – Африканын айылдарынын биринде турат. Эми минтип анын бала кезинен берки каалоосу орундалганы турат. Ал кара түстөгү африкандыктардан алгачкы болуп 2015- жылы космоско учат.

Умар Канатбек  уулу,

          №52 Кыргыз –Түрк достугу  атындагы  таланттуу  балдар мектебинин

10-классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>