Media Literacy Сourse эми Ош шаарында

Марат жоноткон сурот

17-марттан 22-мартка чейин Ош шаарында Media Literacy Сourse өткөзүлөт.

Media Literacy Course теориялык жана практикалык сабактан турат. Ал массалык маалымат каражаттары (ММК) деген эмне жана журналисттик кесип  тууралуу, ошондой эле  маалыматтар менен иштөөнү: маалыматтарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу, ММК мазмунун анализдөөнү үйрөтөт.

Курс медиа тууралуу жалпы маалыматты гана бербестен, ар бир медиа тармактын спецификасын да камтыйт. Катышуучулар практика учурунда басма ММКлар кантип басылаарын, радио, телевидение жана жаңы медиалар кандай иштээри менен таанышат. Курстун бардык тренерлери өз тармагында мыкты адистер.

Курска катышууга журналист адистигине жана массалык маалымат каражаттарында иштегенге кызыккан студенттер жана жогорку класстын окуучулары чакырылат. Каалоочулар өздөрү жөнүндө жана курстан  эмнени күтө тургандыгы туралуу маалыматтарды pm@msc.kg электрондук дарегине жөнөтсө болот.

Жазылуу боюнча  суроолор болсо  төмөнкү телефондорго 0701 112285, ошондой эле pm@msc.kg электрондук дарегине кайрылсаңыз болот.

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>