Москва шаарында жашап, окуп, кыргызча орто сүйлөгөн Аида

Аида Тойчиева

Москва шаарындагы мектептердин биринде  2-класста окуган Аида Тойчиева менен болгон маегибиз кызыктуу уланды. Аиданын ата-энесинин  Москва шаарына келип иштеп калгандарына  30 жылга чукулдап калыптыр. Атасы да, энеси да Россиянын жарандары. Россиядагы  бутуна туруп калган кыргыздардан. Өздөрүнүн  жеке ишканалары, кафелери да бар. Балдарынын  келечекте мыкты инсандардан болсо деген ниеттери бар. Андыктан алардын терең билим алышына кам көрүп жүргөн учурлары.

-Аида канчанчы класста, кандай  окуйсуң?

-2-класста, нормально окуйм.

-Кыргызча сүйлөй аласыңбы?

-Орточо сүйлөйм. Анча жакшы эмес.

-Үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүңөр?

-Орусча сүйлөшөбүз.

-Айылга барып турасыңбы? Таенеңе, чоң апаңа барганда  кайсыл тилде сүйлөшөсүң?

-Кыргызча сүйлөшөм.

-Мектепте кандай окуйсуң?

-Жакшы окуйм. «4», «5» алам.

-Чоңойгондо ким болосуң?

-Врач-кардиолог болгум келет.

-Бош убактыңда эмне кыласың?

-Сүрөт тартам. Эжеме жардам берем.

-Апаң, атаң силер менен кыргызча сүйлөшүшөбү?

-Аз,аз. Алар кечке иште болушат. Анан үйдө орусча, кыргызча аралаш сүйлөшөбүз

-Эжең, агаң барбы?

-Бар. Бир агам, бир эжем бар.

-Алар менен кайсы тилде сүйлөшөсүңөр?

-Алар менен дагы аралаш, Когда орусча, когда кыргызча.

-Кайсыл сабакты жакшы окуйсуң?

-Математиканы, орус тилин жакшы көрөм.

-Атаңды, апаңды кантип чакырасың?

-Апамды «апа» дейм. Папамды «папа» дейм.

-Москва көбүрөөк жагабы, же Кыргызстанбы?

-Экөө тең жагат.

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>