Москвада элчиликте Жоомарт Исмаилбеков менен тааныштым. Жоомарт жаңыдан түзүлгөн заманбап бий тобунун мүчөсү экен. Кыргыз элчилигинде өткөн ар кыл иш чараларда келип бийлеп беришет. Азыркы мезгилде Жоомарт Москва шаарындагы
№68О нинчи мектепте 9-класста окуйт. Жолугушууда Жоомарт ата-энеси 7 жылдан бери Москвада иштеп, жашаша турганына, өзүнүн Москвага келгенине 5 жыл болуп калганына токтолду. Кыргызстанга, айылга жайкы каникулда барып туруп келээрин айтып берип, көп суроолорубузга жооп берди.
-Жоомарт кыргыз тилин унутуп бараткан жоксуңбу?
-Жок, кыргыз тилин унутпайм. Ата-энем дайыма айтат, адам баласы өз эне тилин эч качан унутпаш керек дешет.
-Үйдө кыргызча сүйлөшөсүңөрбү?
-Албетте, үйдө кыргыз тилинде гана сүйлөшөбүз.
-Айылда кайсыл тилде окудуң?
-Айылым Жалал – Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылы. Айылда кыргыз тилинде окугам.. .Апам Россиянын жараны, атам Кыргызстандын жараны. Баарыбыз Россияда жашайбыз. 5 бир тууганбыз. Бир жума болуп калды, айылда 5-класста окуп жүргөн карындашым дагы келди.
-Айылда жалаң кыргыз тилинде окугансыңбы?
-Жок, адегенде Жалал-Абад шаарында орус мектепте окугам, анан айылда кыргыз мектепте окудум. 3-класста келип, даярдоо классында окугам. Мен анда орус тилин таптакыр билбейт элем. Анан кийинки жылы 1 класс ылдый отуруп окудум.
-Азыр кандай окуйсуң?
-Жакшы эле окуйм. 4, 5, кээде 3 дагы болуп калат.
-Кандай ийримдерге катышасың?
-Ушул бий ийримин ачканыбызга аз эле убакыт болду, бирок алгачкы ийгиликтерибиз жаман эмес. Үч кыргыз бала бийлейбиз.
-Мектебиңерде кыргыз балдар барбы?
-Жок, бир казак бала бар. Бирок досторум көп. Жалаң орус балдар. Келечекте Москваны багындырсам деген оюм бар.
Комментарии