Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясы

             Араздашууга жол бербейбиз

Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов атындагы  мектеп гимназиясында  ынтымак, достук маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп келүүдө. Мисалы жакында эле мектептин  тарбия завучу Калыс Акматова жана шаардагы  №2 Карл Маркс атындагы мектебинин соц. педагогу Эркайым Козуева Бишкек шаарында коомдук саясий институттун  алдында уюштурулган «Окуу жайларында  араздашууларды конструктивдүү чечүү»  деген аталыштагы  тренигге катышышып,  сертификат жана баалуу сыйлыктар менен кайтышты. Алар келгенден кийин  тренингде өтүлгөн театика боюнча  кесиптештерине айтып беришип, азыркы мезгилде окуучулар арасында достукту, ынтымакты чыңдоо боюнча көп тармактуу  иштер жүргүзүлүүдө.

    Шаардык сынакта биздин мектеп жеңүүчү

 Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан 21-февраль күнү Эл аралык тилдер күнүнө карата ири  масштабдагы сынак  болуп өттү. Бул сынакта №50 П.Ж.Нышанов атындагы  мектеп гимназиясы Украин элинин тили жана анын каада – салттарынын өзгөчөлүктөрүн  көрсөтүп, оюн-зоокторду  эң жогорку чыгамачылык деңгээлде аткарышып. шаар боюнча алдыңкы орунга жетишишти. Бул сынакты   даярдоодо Жусуева Гүлипа Ражаповна, Орозоева Айжан Дыйкановна. Добулбекова Айнура, Колесникова Светлана Паловна,  Адеева Майрам Карабековна, Калилова Нурай жана башка мугалимдер жана окуучулар  мыкты даярданышып, ири  салым кошушту. «Эмгек сыйлыка жеткирет»  деген макалды тастыктай алышты.

              Спорт ден соолуктун булагы

 25-февраль күнү Ош шаардык жаштар камитетинин демилгеси менен    мелдеш болуп өттү. Бул мелдешке 9-10-11-класстын окуучулары катышышты. Мелдеште П.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынын Волейбол боюнча кыздар командасы 1-орунга татыктуу болуп, негизги спорттук кубокту жеңип алышты.

                       Жаштарды аскерге даярдоо

 19-февраль күнү Ош аймактык аскердик окуругунда ачык эшиктер күнү болуп, анда кыргыз  армиясынын учурдагы  аскердик  машыгууларын  жана жашоо турмушун муктеп окуучуларына көрсөтүп,  экскурсия жүргүзүштү. Шаардык мектептен барган окуучулар арасында аскерге чейинки даярдык боюнча сынак өткөрүлдү.Бул сынакта №50.П.Ж.Нышанов  атындагы мектеп гимназиясынын окуучулары өздөрүнүн шамдагайлыгын, таамай аткычтыгын көрсөтүп 1-орунга татыктуу болушту.

       Ооган согушундагыларды эскерүү

 Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов атындагы мектеп гимназиясында 14-февраль күнү Ооган согушунун 25 жылдыгына карата «Багынбас» Ооганстан качан басылат? атуу сабакты Бубуева Ыкыбал Эргешовна 9 «а» классына өтүп берди. Сабак окуучулардын патриоттук сезимин ойготуу максатында өтүлдү.  Окуучулардын Ата мекенге болгон сүйүүсүн артыруу максатында өтүлгөн  бул сабакка Ооган согушуна катышып келген Акбаев Раимжан,  Азиз уулу Таалай келип катышышты.Сабак диспут,  суроо,  жооп аркылуу өтүлүп,  анда окуучулар ардагерлерден кызыктуу жоопторду алышты.Андан сырткары окуучулар тарабынан музыкалык кече уюштурулуп,  учкул сөздөр, макалдар,  ыр-күүлөр ырдалып, кече  жогорку деңгеелде өттү.

Абдикалил кызы Дарыя жана Парманасова Толгонай,

 №50 П.Ж.Нышанов  атындагы мектеп гимназиясынын 9-альфа классынын окуучулары

 

 

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>