Газетабыздын өткөн санында Москвада жашаган кыргыздардын балдары менен болгон маегибизди окурмандарга тартуулаган элек. Бүгүн ата-энеси көп жылдардан бери Москвада жашап, иштеп, өздөрү орус тилиндеги мектепте окуп жүргөн бир туугандар Бактыбек уулу Жакшылык жана Миргел менен болгон маегибизди сиздерге сунуштамакчыбыз.
-Жакшылык, кыргызча сүйлөшө аласыңбы?
-Сүйлөшөм, бирок орточо.
-Быйыл айылга бардыңбы?
-Эмне дейсиз деди, «Айыл» деген сөзгө анча түшүнө бербей.
-Ошко бардыңбы,-десем
-Бардым, бардым,-деп күлүп жиберди.
-Канча жүрүп келдиң?
-Каникулда бардым.
-Үйдө кыргызча сүйлөшөсүңөрбү?
-Ооба, сүйлөшөбүз.
-Классыңда кыргыз балдар жокпу?
-Бирөө бар.
-Аны менен кайсы тилде сүйлөшөсүңөр?
-Орусча.
-Жакшы окуйсуңбу?
-Ооба.
-Кайсы сабакты жакшы окуйсуң?
-Орус тилин, математиканы. Математикадан олимпиадага катыштым.
-Келечекте ким болгуң келет?
-Билбейм. Азырынча тандай элекмин.
– Досторуң көппү?
-Көп.
Жакшылыктын иниси Миргел биз менен ачыгыраак сүйлөштү
-Миргел канчанчы класста окуйсуң?
-5-класста.
-Кыргыз тилин жакшы билесиңби?
-Ооба.
-Айылга көп эле барып турасыңбы?
-Каникулду айылда өткөрөбүз.
-Айылда кыргызча сүйлөшөсүңөрбү?
-Айылда только кыргызча сүйлөшөбүз. Чоң энем менен, балдар менен баары менен кыргызча сүйлөшөбүз.
-Келечекте ким болгуң келет?
-Повар болгум келет.
-Азыр үйдө тамак жасайсыңбы?
-Жасайм. Блинчик жасаганды, тукум куурганды апамдан үйрөнүп алгам.
-Досторуң көппү?
-Көп. Жалаң орус балдар. Максим, Сергей, Никита, Настя, санай берсем көп.
-Бош убактыңда эмне иш кыласың?
-Ата, энеме жардам берем. Жакшылык экөөбүз үйлөрдү жыйыштырабыз. кээде тамак да жасап коебуз.
(Өз маалыматыбыз)
Комментарии