«Мугалимдик-сыймыктуу кесип…»

IMG_3765

Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы таланттуу балдар мектебинин кыргыз тил, адабият мугалими, жаш адис Гулбарчын Раимжан кызы эжеке менен маектештик. Гулбарчын эже Ош мамлекеттик университетинин кыргыз тил филология факультетинде  5-курста окуйт. Азыркы мезгилде 7-8-11-класстарга кыргыз тили, адабиятынан сабак өтөт. Өзүм Ноокат районунун Шаңкол айылындагы Дары Суу орто мектебин бүтүргөм. Кичинекей кезимден эле мугалим болгум келчү. Ойногондо курбуларыма сабак өтүп ойночумун,-дейт ал.

-Бул мектепке кантип келип калдыңыз?

-Былтыр ушул мектепке практикага келгем. Анан сабак бергенге кызыгып кеттим. Жакшы иштедим окшойт, мектептин  жетекчилиги мени мектепте  калууга чакырды. Ошентип иштеп калдым.

-Мугалим болуш кыйын бекен?

-Кыйын экен. Окуучулардын сүймөнчүгүнө  ээ болуш, окуучулардын көңүлүн табыш оңойго турбады. Бирок ал баскычты басып өтүп кеттим.

-Сүрдөйсүзбү?

-Жок, сүрдөбөйм. Бизди университетте сабак өттүрүп үйрөтөт. Анан практикада сабак өтөбүз. Кыскасы сабак өткөнгө жакшы эле үйрөнүп калыптырбыз.

-Окуучуларыңыз укпай койсо эмне кыласыз?

-Анда ал окуучу менен жеке иштешишим керек болот. Мугалимдин биричи утугу-ал окуучулардын ишенимине ээ болуп, алар  менен  дос болуш керек.

-Мектепте иштеш кызыкпы, жаш мугалимдер үчүн  шарт түзүлгөнбү, эмгек акыңыз сиздин  жашооңузга жетеби,  канааттандырабы?

-Мектепте иштеш мен үчүн кызык. Ал эми жаш адистерге  кайсыл жерде шарт түзүлгөн? Бизде деле ошондой. Эмгек акым  канча экенин эч кимге айтпайм. Себеби мен эмгек акы үчүн иштебейм. Шаарда квартирада турам, квартира үчүн төлөйм. Эми мындай караганда жашоо кыйынчылыксыз болбойт. Адам ошол кыйынчылыктарды жеңиш керек. Сабырдуу болуш керек. Мугалимдик-түйшүктүү да, сыймыктуу да кесип. Мээримдүү, жоопкерчиликтүү, балдарды сүйгөн адам гана мугалим болууга татыктуу.

-Мугалим болгондон бери сабакка кечигип келген убагыңыз болдубу?

-Болду. Ал күндөгү ыңгайсыздыкты айтып берүү мен үчүн абдан оор. Окуучуларымды  карай албайм. Ошол күнү ичимден «Мындан кийин эч качан кечикпейм» деп ойлодум.  Жоопкерчиликтин үстүнөн дагы иштешим керек экен деген ойго келдим.

-Өзүңүз  иштеген мектепте кайсы мугалимдерди өрнөк тутасыз?

-Андай мугалимдер көп. Мисалы директор эжекебиз Салтанат Аманованын адамкерчилигин, завучубуз  Дамира Курбанбаеванын жоопкерчилигин, завучубуз Шаангүл Эргешованын чыгармачык демин, Динара Жумабаева эжекенин ишине тактыгын сыйлайм.  Эмгек жамаатыбыздын ынтымагын  абдан  жактырам.

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>