Уйку

уйку

Уйку бул— организмдин мезгил-мезгили менен болуп туруучу физиологиялык абалы; ал физиологиялык процесстердин басаңдашы, чөйрөнү н таасирине реакциянын төмөндөшү  менен мү нөздөлөт.  Мында организмдин ишке жөндөмү , айрыкча борбордук нерв системасы калыбына келет. Уйку маалында жогорку нерв системасынын иши басаңдап, булчуңдар бошоңдойт, зат алмашуу төмөндөйт, жү рөктүн иштеши,  дем алуу сейректейт, кан басымы төмөндөйт. Уйкунун мезгилдүүлүгү  организмдин тиричилигинин суткалык биологиялык ритми менен байланыштуу.  Демек мээ менен кошо бардык ички органдар да «эс алат».  Уйку мээ кыртышындагы тормоздолуу процесстеринин пайда болушуна байланыштуу. Организм сергек кезинде нерв клеткаларында белгилү ү  заттардын сарпталышына карата өзгөрү үлөр болуп турат. Уйкудан кийин нерв клеткалары өз калыбына келет.  Уйку үргүлөөдөн башталып, акырындап тереңдейт. Тормоздолуу абдан тереңдеп, мээ кыртышынын астындагы бөлүктөргө тараганда  уйку катуу болот. Киши белгилү ү  убакта, белгилү ү  шартта уктаганда уйку тез келет. Мындай учурда тигил же бул шарт уйкуну козгойт, ошондуктан көп учурда көнүп калган шарт бузулса киши уктай албай кыйналат.  Үргү лөөгө дайыма бир өңчөй дүүлүктү ргү ч себеп болот,  себеби мындай дү үлүктүргү чтөр улам-улам кайталанып, мээ кыртышынын клеткаларынын көпчүлүгүндө тормоздолуу процесси жү рөт (мисалы,  жаандын,  китеп окуунун уйку келтирү ү  таасири). Аны менен бирге кү чтү ү  дү үлүктүргүч  уйку келтирү үгө тоскоол болот. Ошондуктан уктаардан мурда жарыкты, радиону  өчүрүп,  жакшылап жамынып, ыңгайлуу абалда жатуу керек.

Толук эс алуу жана көпкө созулган уйку ыңгайлуу төшөктө гана мүмкү н. Төшөктү  таза кармап, мезгил-мезгили менен кагып, чаңдан арылтып, матрац,  жаздыктарды көбүрөөк желдетип, кү нгө кактоо зарыл. Кыймыл жана дем алууга тоскоол кылбаган ич кийим кийип жатуу керек. Уктаганда чүмкөнү п жатууга болбойт,  ал дем алууну кыйындатат. Уктоочу бөлмөдөгү  аба таза болууга тийиш, күн жылуу мезгилде терезени ачып, кышкысын уктаарда бөлмөнү  желдетип же форточканы ачып коюу сунуш кылынат.  Уктаардын алдында 10— 15 мин. сейилдөө абдан пайдалуу,  ал нерв системасын сеп алдырат. Уйкунун алдында ваннага тү шүү  же бутту ваннага (ысык эмес) салуу да жакшы. Тамакка абдан тоюп же ачка жатса да уйку тынчсыз болуп, ар кандай түш көрөт. Ошондуктан уйкунун алдында майлуу эмес, эти азыраак тамак жеп, кофе же чайды көп ичпей жатуу талапка ылайык. Уктаарда тамеки тартпоо керек.

Жакшы уйку кишинин ишке жөндөмдү үлүгү  менен ден соолугун бир калыпта кармоодо абдан маанилү ү . Уйкунун узактыгы жаш өткөн сайын азаят, мисалы, 1 жашка чейинки бала суткасына 18, чоң киши 7—8 саат, улгайганда андан да аз уктайт. Кээ бир кишилердин уйкусу тиешелү ү  убакыт созулса да, уйкусу канбай калат. Мындай терең эмес, тынчсыз уйку акыл эмгеги менен көп иштегенде же абдан кызыктуу китеп окуганда болот. Терең уйкуда түш көрбөйт. Мындай уйку нерв клеткаларын абдан жакшы калыбына келтирет. Бирок жакшы, терең уйкуда мээ кыртышынын клеткаларынын бардыгы эле бир өңчөй тормоздолбойт.  Уйку канчалык катуу болсо да, уктаган киши кээ бир

дүүлүктүргүчтөргө сезгич келет. Мисалы, эне чарчап катуу уктаганда кыйкырыкты, тү рткөндү  сезбейт, ал эми баласы акырын эле ыйласа ойгонот. Киши дайыма жетишсиз уктаганда ишке жөндөмдүүлүгү , нерв системаларынын абалы начарлайт. Көп учурда уйкунун  бузулушу (уйку басуу же уйку качуу) оорунун белгиси болушу мүмкү н.  Ал учурда врачка кайрылуу зарыл.

Даярдаган:Адилет Ильяз уулу

№31 Курманжан  датка орто мектебинин 10-б классынын окуучусу.

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>