Жаңы методикалар колдоого алынууда

Сүрөттө Айгүл Жунусова

Сүрөттө Айгүл Жунусова

Бизде мейманда №17 Юрий Алексеевич Гагарин атындагы  окуу-тарбиялоо комплекс мектеп –гимназиясынын  директору, билим берүүнүн мыктысы   Жунусова Айгүл Абдымажитовна.

-Айгүл Абдымажитовна айтсаңыз, билим берүүнүн  жаңы усулдары сиздердин мектепте ишке ашырылып атыптыр, мектебиңиздердин курамында балдар бакчасы бар экен, дагы кандай жаңылыктарыңыздар  бар?

-Биздин мектепте быйылкы 2013-2014-окуу жылында 779 окуучу  билим алууда  жана мектеп алдындагы бала бакчабыз бар. Бул бала бакчада 120 бала тарбияланып атат. Шаардагы мектептерден айырмаланып, биздин №17  Ю.А.Гагарин атындагы  мектеби- окуу –тарбиялоо  комплекс мектеп гимназиясы деген статусту  алып иштеп атабыз. Биздин комплекстин курамында  мектеп, балдар бакчасы анан кесиптик лицей бар. Мен атаган  №16 –кесиптик лицей менен биз келишимдик негизде иштейбиз. А мектеп гимназиясынын окуучуларынын билим сапатын жогорулатууда  3 жылдык -2014-2016-жылдар үчүн түзүлгөн перспективалык программа түзүлгөн. Ошол программанын негизинде  иш алып баруудабыз.  Азыркы учурда  3-чейректин жыйынтыгын жакында эле чыгардык,  атайын педагогикалык кеңешме өткөрдүк, биздин мектептин  билим сапаты  43,8 процентти түздү. Эң мыкты деп аталган 5-А,5-Б, 6- А, 7-А, 8-А, 10-А-класс, 11-А, 11-В-класстарыбыздын билим сапаты жакшы болуп аныкталды. Ошондой эле  олимпиаданын жыйынтыгы боюнча жакшы көрсөткүчтөр ушул класстарыбызда болуп атат. Анан шаардык олимпиадада  5 окуучубуз эң алдыңкы орундарды ээлешти. Бул олимпиаданын  жыйынтыгы  боюнча биздин окуучуларыбыз  Ош шаардык  билим берүү башкармалыгы тарабынан  Ардак грамоталар менен сыйланышты.  Ушундай жакшы көрсөткүчтөр албетте  мугалимдерге байланыштуу. Биздин ошондой мугалимдерибиздин  катарында Бөпөева Калия эжекени, Маматова  Чыныгүл, Акматова , Исмаилова, Абытова, Жолдошева,  Абдрахманова, Дооронова  эжекелерди мен сыймыктануу менен айтып кете алам. Себеби  бул  эжекелерибиз биздин мектептин күзгүсү, окуучуларыбызга билим, тарбия берүүдө  алардын  эмгеги өтө чоң. Биздин мектеп  комплекси негизинен ошол бала бакча, мектеп, кесиптик лицей болуп  комплекстүү иш алып барабыз. Азыркы мезгилде комплекстин жаңы программаларын  Германия кызматташтыгы менен биргеликте ишке ашыруудабыз.  Борбордук Азиядагы билим берүү системасын  реформалоо программасынын астында Германия  мамлекети, бизди каржылоодо. Мына ошол каржылоонун  негизинде биз  билим берүү системасындагы жаңы методикаларды, жаңы инновациялык усулдарды  үйрөнүп, шаардын гана мугалимдерине эмес, областтан мугалимдердин  билимин өркүндөтүү институттарына келген мугалимдерге өзүбүздүн иш тажрыйбабызды жайылтып атабыз. Алардын эң негизгилеринин бири-технология сабагы. Биздин технология кабинетибиз Германиядан алынып келинген жабдыктар менен жабдылган.   Ал кабинетибизге баасы 2 млн. сомдон ашык  жабдыктар орнотулган. Бул кабинетте  агайыбыз технология сабагы боюнча  Бишкекте, Ысык-Көлдө атайын Германиядан келген  окумуштуулардын,  мугалимдердин  курстарынан өтүп,  жаңы методиканы колдонуп, азыркы учурда биздин мектепте ошол жаңы технология  сабагынын жаңы методикасын окуучуларга үйрөтүүдө. Кыргызстан боюнча технология сабагы жумасына 1 саат өтүлсө а биздин мектепте ушул жаңы усул бир эле биздин мектепке жумасына 2 саат киргизилген, Эгембаев Курбаналы агай сабакты  жаңы  методиканын негизинде өткөрүп, азыркы учурда  шаарыбыздагы кол эмгектен берген мугалимдерге  өзүнүн иш тажрыйбасын жайылтууда. Мунун негизги бир өзгөчөлүгү- мурда биз кол эмгекте кыздар менен балдарды бөлүп сабак өтөт элек. Азыр биз кыздарды дагы, балдарды дагы бөлбөстөн, чогуу  эле кыздар дагы балдар бара турган кол эмгек сабагына катыша берет, балдар кыздар бара турган кол эмгек сабагына катышып, тамак жасаганды, кийим тиккенди үйрөнүшүүдө. Бул балдардын келечеги үчүн  өтө чоң пайдасы бар экен. Себеби балдар дагы  кадимкидей тамак жасаганды, салаттарды жасаганды, столдорду сервировкалоону, өздөрүнө керектүү нерселерди тиккенди, топчу кадагандын бардыгын биздин балдар аябай жакшы өздөштүрүп атышат. Кээ бирөөлөрү кыздардан ашырып калпактарды тигишип, кыздардан ашырып саймаларды сайышууда. А кыздарыбыз тетирисинче балдардын кол эмгек сабагына барып, ал жерден шуруптарды кадоону, электр приборлорунун жайгашышын ж.б эркек балдар кыла турган иштерди үйрөнүшүүдө. Мына ушундай жаңы өзгөчөлөнгөн методиканы киргизип, ушул технология сабагы боюнча азыркы учурда биздин мектеп  пилоттук мектеп болуп кирип, дагы  көп үйрөнүп, агайыбызды курстарга жөнөтүп окутканга аракет кылып атабыз. Бул иш тажрыйбабыз 2016- жылга  чейин уланмакчы.  Ал  эми ошол программада химия, биология сабактарында «старттык  эксперимент»  деген жаңы усулдар колдонулуп атат. Бул  программа  Ош шаарында  8 мектепте ишке ашырылууда, азыр  8 мектептеги мугалимдер окуп атат. Химияга, биологияга бериле турган лабораториялык иштердин бардыгын биздин мектепке алып келип орнотушкан.  Ошонун негизинде Дооронова Мукадас эжеке, Акматова Калыс эжекелер жаңы усулду өздөрү окуп, агай сыяктуу эле эжекелерди Бишкекке чакырып курстардан өткөрүп окутуп,  биздин мугалимдер   тренер болушту, химия, биология сабагы боюнча, азыркы учурда булар дагы облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү  институтундагы мугалимдерге старттык эксперимент деген жаңы усулду жайылтышууда. Сабактары абдан жакшы, кызыктуу, жаңы методикада өтүлүүдө. Германиядагы негизги билим берүүнүн бир негизги өзгөчөлүгү-алар турмуштан алып, балдарга  оңойнотулган жол менен өтүлөт экен. Ал сабакта  бир гана мугалим гана иштей бербестен, сөзсүз түрдө  окуучу аралашып, окуучу да, мугалим да көбүрөөк сүйлөй турган методика экен, анан балдарыбыз бул жаңы методикага аябай кызыгып окуп атышат. Айрыкча химия, биология, жаңы программадагы  предметтерге абдан кызыгышууда. Ушул эле  долбоордогу  дагы бир үчүнчү программа-бул башталгыч класстардагы « Окутуунун активдүү формалары» деген жаңы усул. Бул жерде дагы биздин эжекелерибиздин үчөө Минура Абытова, Чолпон Исмаилова, Шарапат  Нышанова  эжекелерибиз дагы курстардан өтүшүп, азыркы мезгилдерде шаардык мектептерге иш тажрыйбаларын жайылтып атышат.

-Балдар бакчаңыздар жөнүндө да айтып берсеңиз?

-Биздин мектептин алдында балдар бакчабыз бар. Бул балдар бакчасы мэриянын токтому менен 120 балага ылайыкташтырылып ачылган. Шарты аябай жакшы, 4 жаштан жогорку балдарды алабыз. Эки орус, эки кыргыз группбыз бар. Анан мектеп алдындагы балдар бакчасында тарбияланган балдарыбыз мектепке келишет. Мунун дагы бир өзгөчөлүгү-ошол мектеп алдындагы балдар бакчасында балдар мектеп окуучулары менен кеңири  мамилелешишет. Тарбиячылар мектепке   даярдоо группасынын балдарын мектепке саякатка алып келишет. Балдар мектепке келгенге чейин мектеп менен, эжекелер менен таанышышат. Мектепке келгенге чейин мектеп жөнүндө билип, биринчи мектепке келгенде чочулабай, окуганга  даяр болуп калышат.

 Анан 9-классты бүткөндөн кийин  биз мектепте жылда №16 кесиптик лицей менен  келишимдин негизинде ачык эшик күнүн өткөрөбүз, лицейдин жамааты менен биргеликте. Анан мектептердин бардыгына жарыя кылабыз. Кесиптик лицейди биздин комплекске тандап алганыбыздын негизи  9-класстан кийин кээ бир балдар окубай коюп атат. Окубай койгон балдар  көчөдө калышып, азыркы мезгилде рэкетчилик, баңги затка азгырылуу коркунучу бар, компьютердик оюндарга алаксыгандар андан да көп. Мына ошолор оң жолго түшсүн деген максатта  лицейди комплекстин курамына  киргиздик. Балдар жок дегенде 9-классты бүткөндөн кийин ширетүүчүлүккө,  слесарлыкка, гипсокартон менен иштөөгө, куруучу, тигүүчү сыяктуу кесиптин ээлери болушуп, биздин мектеп 9-класстын базасындагы бүткөн окуучуларга аз да болсо өзүбүздүн кичинекей жардамыбызды көрсөтөйлүк деп атайын кесиптик лицейди тандаганбыз.

Мындан сырткары шаардагы түрдүү иш чараларга тынымсыз катышып турабыз.

Маекти жазып алган  Бекназар Исабек уулу,

№17 Ю.А.Гагарин атындагы  окуу тарбия комплекс

гимназия мектебинин 11-А классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>