Фундамент башталгыч класста калыптанат

IMG_3860

Фундамент башталгыч класста калыптанат,-дейт №17 Ю.А.Гагарин атындагы окуу тарбиялык  комплекс гимназия мектебинин башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы Нышанова Шарапат. Биздин мектепте башталгыч класстарда 1-класстан 4-класска чейин  230 окуучу билим-тарбия алышат. Терең билим берүү үчүн балдарга билим берүүдө бизде көп эмгеги сиңген, бардык  сыноолордон өткөн, башка программалар менен иштеген эжекелерибиз сабак беришет. Анан  3-4 жылдан бери биз Германиянын   «Окутуунун активдүү формалары» деген  методу менен   билим берип келатабыз. Биздин бардык эжекелерибиз, мына өзүм баш болуп, ошол программаны окуп, үйрөнүп, анан балдарга билим берип келатабыз, Мунун  жакшы жагы  балдардын билимге умтулуусун  өнүктүрө турган программа болуп эсептелет. Мына жакында биздеги мугалим  Абытова эжеке 2-класстарга  шаардагы мектептердин завучтарына сабак өтүп берди. Жыйынтыгы аябай жакшы болду.  Мен өзүм дагы 3-класстарга өтүп бердим. Анан Исмаилова Чолпон эжеке дагы ошол  программанын үстүндө абдан катуу эмгектенет. Бул программанын балдарга болгон таасири өтө чоң. Анан бир гана өзүбүздүн мектепте колдонбостон программа   башка мектептерде дагы жайылтылып атат. Шаар боюнча  7 мектеп ушул программанын негизинде иштейбиз. Анан дайыма  кайсы жерлерде семинарлар болот, өз билимибизди, балдардын  билимин жогорулатыш үчүн семинарларга катышабыз. Курстардан өтүп турабыз. Мына жакында эле баалоонун жаңы түрлөрү киргизилди, Башталгыч класстардан башталды. Ошого дагы 3 эжеке барып окуп келдик. Анан окутуунун усулдары, анан жаңы сабактын планын түзүү боюнча  дагы  семинарда барып окуп келип турабыз. Эми биз башталгыч класстарда кандай натыйжа берет экен, ошону биз биринчи мектебибизге жайылтабыз, анан кийин  эгер жакшы болсо чоң класстарга дагы жайылтабыз деп турабыз. Бизде тартип жакшы, окуучуларда. Себеби кыргыз тилиндеги мектеп болгондуктан, бизде балдардын жүрүм –туруму, айлана- чөйрөдөн, үйдөн алган тарбиясы жакшы. Жаман балдар жок. Рэкетчилик деген жок. Анан ар жумада бизде тарбиялык сааттар өтүлөт. Ошол тарбяилык сааттарда балдарга керектүү, балдарга таасир бере турган сабактарды өтөбүз. Бардык класстарга өтүлөт андай сабак. Анан мектепте ай сайын өзүбүзгө бөлүнгөн иш-чараларыбыз бар, мектепте. Мисалы  март  айында башталгыч класстарда  окуучулардын тамактануусу текшерилип турулат. Андан тышкары күндөлүктөрүн текшерип турабыз. Анан ай сайын ата-энелер чогулуштарын өтөбүз.Ата-эне менен мектеп байланышта болсо, окуучулардын билими дагы , тартиби дагы жакшы болот. Ошон үчүн тез-тез чогулуштарды өткөзүп, ата-энелер менен мүмкүн болушунча тыгыз байланышып турабыз. Натыйжада биздин билим сапатыбыз дагы жакшы. Башталгыч класстарда эң жакшы класс деп үчүнчү чейректе 4_А класс аталды.  Башка мектептер менен байланышып, башка мектептерге семинарларга барып турабыз. Биздин девизибиз фундамент башталгыч каласстан башталат деп, колубуздан келишинче терең билим берүүнү аракетиндебиз

                                                           Бекназар Ысабек уулу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>