Космонавт болгусу келген Ураимов Нурислам

 IMG_3853

Ю.А.Гагарин мектебинин 4-а классынын окуучусу Ураимов Нурислам быйыл шаардык олимпиадада Мекен таануу сабагынан  олимпиадага барып,  3- орунду багындырды.  1- класстан бери окуунун мыктысы болуп келе жатканын айтты. Мекен таануу жана математика сабактарына кызыгып. келечекте космонавт болгусу келет.Бош убактысында китеп окуйт таеквандо менен машыгат. Баткенде таеквандо боюнча мелдешке катышып биринчи орунду алган. Бишкеке да таеквандо боюнча мелдешке барып тилекке каршы орун албай калган бирок катышуусу анын чоң жетишкендиги экенин айтты.  Ю.А.Гагаринди  В.В.Терешкованы, С.Шариповду жана башка  көптөгөн  космонавттарды биле турганын, алардын эрдиктерине кызыга турганын белгиледи.

                                                                                                 Бекназар Ысабек уулу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>