Category Адабият

Жаштарга

Урпагыбыз айкөл Манас атанын,

Урматтайбыз улуу муун адамын.

Терс адатты таштандыга биз таштап,

Үйрөнөлү ыймандуулар сабагын.

Кыргыз уулу эр жүрөктүү дайыма,

Кыргыз кызы мээримдүү келет калкына.

Эли-жерин ыйык тутуп ар убак,

Намыскөйлүк берсе экен жаштарга.

Эмгектенип, билим алып окусак,

Элибизге кызмат өтөп биз турсак.

Ак батасын кимдер эле бербесин,

Доорубуздун пайдубалын  биз курсак.

Акылмандык, ыкчамдыкты үйрөнгүн,

Ач көздүккө, сар...

Далее

Айжан эже

Дарыя

Дарыя

Адал иштеп, так сүйлөп,

Мыкты билет өз ишин.

Карта, глобус баарысын,

Үйрөтөт бизге талыкпай.

Орозоева Айжан эжебиз,

Биздин географ мугалимибиз.

Ыраазычылык билдирип,

Ийилип таазим этебиз.

Абдикалил кызы Дарья,

№50 П.Нышанов атындагы  гимназия мектебинин

9- альфа классынын окуучусу

Далее

Борбордук Азиядан көркөм адабият боюнча чакан чыгармаларга сынак

 «NewEurasia» порталы Орто Азия үчүн жаңы көркөм адабиятынын кичине формасындагы «Новеллазия» деген конкурс жарыялайт. Конкурстун максаты – региондогу таланттуу авторлорду эл аралык деңгээлде таанылуусуна жардам берүү. Конкурска Казакстан, Кыргызстан, Таджикстан, Түркменстан, жана Өзбекстандын атуулдары катыша алышыт. Мурун чыгармаларын эч жерде басып чыгара элек адабият сүйүүчүлөрү, жаңы баштап келе жаткан жазуучулар, профессионал жазуучулар, ошондой эле блоггерлер, кабарчылар жана башкалар катыша алышат. Конкурста жашына, жынысына, улутуна жана башка критерияларга чек коюлбайт, бирок катышуучулар жогоруда көрсөтүлгөн республикалардын биринин атуулу экени тууралуу аныктап бериши керек...

Далее

Коңурбай кызы Фатима эжекеге…

Ар түрдүүчө адам болот эмеспи,

Мугалимге кимдир бирөө теңдешпи?

Эмгектенип, өз билимин бизге арнап,

Фатима эже  мээримдүү  жан эмеспи.

Окуучунун жан сырдашы боло алган,

Айтып бүткүс  не бир сөзгө татыган.

Жарык берип, сахнанын дагы төрүнө,

Таланттуунун таланттуусун чыгарган.

Сынактарда байгелерди ыйгарган,

Талыкпастан мээримдүү бизге караган.

Окуучум деп күнү тынбай талпынып,

Боорукер жан  окуучуларына  арбалган.

Күлүп турса айдай сулуу кере...

Далее

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго ырдесте

белые розы

Нечендеген повесттерди жараткан,

Чыңгыз аты Манас менен жанашкан.

Ыйык  тутуп кыргыз аттуу ысымды,

Бүт ааламдын элдерине тараткан.

Жүрөгүмдө Чыңгыз атам сакталган,

Кумир тутуп,  дүйнө эли  барктаган.

Ким болсо да таазим кылып Чыңгызга,

Кимдер гана улуу сөзүн жазбаган.

Адамдарга кыйын адам болуу, -деп

Таамай  сөзүн  ак баракка калтырган.

Кыргыздардын аты өчпөй жүрсүн деп,

Өлбөс кылып чыгармалар жараткан.

Чыңгыз өтүп – кайгырбаган калбады,...

Далее

Чынгыз Айтматов 85 жашта

№7 Н.Нариманов атындагы гимназия мектебинин 6-классынын окуучусу Зубанова Алина

Далее

Жоголосуң эне тилди жоготсоң

Өмүр жалган, жалган залкар дүнүйөң,

Кылым жанган, жалган жашооң түбүнөн,

Жалган -эгер мүдүрүлсө кызыл тил,

Кан -жан менен бүткөн  эне тилинен.

Жапыз болуп калаар анда намысың,

Ойлобосоң өз тилиңдин бактысын,

Жоготосуң эне тилди жоготсоң,

Эртеңиңди,келечектин ачкычын.

Карек көрбөй  жыргалды да,  бакытты,

Калаар жүрөк  сезбей чынды, ачыкты,

Унуткарып койсоң эне тилинди,

Сыйлабасаң улуу  көөнө  тарыхты.

Кээси айтат,  уялам дейт сүйлөштөн,...

Далее

Мугалимдин ырларынан

Матлюба 2 020_2

Матлюба  Мусабаева Өзгөн шаарындагы Ленин атындагы орто мектебинин директору,  Кыргыз Республикасынын Журналисттер, Жазуучулар  союзунун мүчөсү, 20га жакын китептин автору

МЕКЕН

Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алган сен мекен,

Кубанычтын күлкүсүнөн  жаралгансың сен мекен.

Дарттарыма даба дагы өзүң болуп дарылап,

Даңгыр жолду тагдырыма буюргансың сен мекен.

Сулуулуктан, аруулуктан жаралгансың сен мекен,

Тунуктукту, махабатты тартуулайсың сен мекен...

Далее

ырлар

Мен кызганам

Ачыласың эрте жазда, Ноорузда,

Чачыласың ѳрүк гүлү жазында.

Кыздар ойноп гүлүң терип алганда,

Мен кызганам ѳрүк гүлү ачканда.

Далее

Кимдин ѳнѳрү артык? (жомок)

Өткөн заманда бир бечара кемпирдин жети уулу болгон экен. Жети баласынын ар биринин өзүнчө өнѳрү бар. Күндөрдүн биринде энеси кимисинин ѳнөрү күчтүү экенин сурап калды. Балдарынын ар бири өз өнөрүн кезек менен айта баштады. Эң улуу баласы: -Мен алпкаракуш асманда торгойдой болуп, көзгѳ араң көрүнсө да атып түшүрөм,- деди. -Мен жети жыл мурун кеткен кумурсканын изин билем,- деди экинчиси.Үчүнчү баласы: -Мен эки дүйнөдѳ эмне болуп жатканын өз алаканыман карап көрѳ алам,- деди.

Далее

Эмне үчүн түлкү түнкүсүн учуп калган?

 Үкүлөрдүн эмне үчүн түнкүсүн учуп калгандыгы жөнүндө ар кандай уламыштар бар. Ошолордун бирөө мындай экен. Албетте, бул окуя мьшдан көп кьлымдар мурда болгон. Күндөрдүн биринде ойдо-тоодо жашаган куштар өздөрүнүн курултайына жыйылышты. Анда өздөрү жашаган жерден башка чөбү, от, суусу мол жерди издеп табууну чечишти. Курултайда куштардын төрөсү  Бүркүт аларга кайрылып, минтип айтты:  Андай жерди табууга кимди жиберебиз? Кеңешке келгендер чурулдашты:  Учкул эмеспи, Ылаачын барсын! Сак эмеспи, Сагызган барсын!  Алп эмеспи, Таз Жору барсын! Бирок булар жараган жок. Акыры тырмактуу десе тырмактуу, тумшуктуу десе тумшуктуу, күчтүү десе күчтүү дешип, Үкүнү жибермек болушту. Үкүнү үч ай бою жакшылап багышты. Анан жолго салышты. Ал тоо-талааны кыдырып, ашуу бел ашып учуп отурду. Бир нече айдан кийин кайра келди. Аны тосуп чыккандарга:  «Жакшы жерди тапкан жокмун»,-  деп жооп берди.

Далее

Кыздар поэзиясы

АПАКЕ

Апаке дүйнѳдѳгү чырагымсыз,
Ааламдагы эң бийик бакытымсыз.
Сиз менин ѳмүрүмсүз, кѳңүлүмсүз,
Эч нерсеге теңдешсиз асылымсыз.

Далее

Жомок. Акылдуу бала

Илгери бир атагы чыккан ууру болуптур. Анын жалгыз баласы бар экен. Баласы чоңойгондо, атасы чакырып алып: Балам, мени сыйласаң ууру бол, мындан бөлөк жакшы кесип жок, деди. Баласы капаланып: Ата, эгер мени адам кылам десеңиз  уурулук кесипти үйрөтпө, андан көрө адал эмгек кылайын, деди.  Ууру аябай ачууланды: Атанын жолун жолдобойт деген эмне?.. Атанын тилин албайт имиш!.. Менин сөзүм эки эмес, айтканымдан кайтпайм. Бүгүн түнү төмөнкү айылдагы Жоошбайдын кызыл өгүзүн уурдап кел. Уурдабасаң, көзүмө көрүнбөй, ошондон ары жогол!

Далее

Чыңгызды эскерүү

Адам уккан атагыңыз кѳѳнѳрбѳс,
Жазганыңыз, ѳмүрүңүз улуу кѳч.
Сиздей инсан, сиздей залкар калемгер,
Бул жарыкка миң жылда бир тѳрѳлбѳс.

Жаралып бул жарыкка  калем менен,
Жаралып кѳѳнѳрбѳс талант менен.
Дүйнѳгѳ аты чыкты кыргызымдын,
«Кыргызстан» кѳрккѳ келип Чыңгыз менен.

Далее

Ырлар

Апаке

Жакшы сөздүн баары сизге жарашат,
Жылмайсаңыз ууртуңузда таң атат.
«Балам»,-деген мээрим төккөн жалгыз сөз,
Канат тагып, демиме дем жаратат.

Ою таза, көңүлү ачык апакем,
Бешенеңден нур чачылып  турса экен.
Бул өмүрдө  сизден  артык адам жок,
Сизге теңир узун  өмүр сунса экен.

Далее

Мамлекеттик тилди өнүктүрө алабызбы?

Кыргыз тили… Орус тили… Бул эки тил биз пайдаланып келген мамлекетибиздеги  негизги тилдер. Бирок,  биз мамлекеттик тилибизди өнүктүрөбүз деген сөздөрдү  көп жылдардан бери чарчабай  айтып келебиз. Ошол эле учурда бул маселе ордунан козголбой тургандай сезилет. Туура, көчөлөрдүн, кеңселердин, мекемелердин аттары кыргызчаланды. Тил өнүксүн деген аракет менен   көптөгөн уюштуруу иштерин да жүргүзүп келебиз.  Кандай деген менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө болгон биринчи кадам ар бирибизден болуш керек. Биз окуучулар да мамлекеттик тилибизге кам көрүшүбүз зарыл.. Бирок мамлекеттик тилге кам көрүү деген жалаң кыргызча гана сүйлөш керек, башка тилдин зарылчылыгы жок деген сөз эмес. Эгер мүмкүн болсо көп тил билсең эч убакта зыяны тийбейт.

Далее

Сыйлык – сыймык

Ош шаарында дүйнѳлүк руханий бийиктиктин  чокусу, улуттун  сыймыгы, улуу  жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнѳ карата  Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган «Ч.Айтматовдун чыгармалары окуучулардын жан дүйнѳсүндѳ» аттуу кароо-сынактын жыйынтыгы чыгарылды.Сынак 4-декабрда №42 Керме-Тоо орто мектебинде болуп, шаардагы кыргыз тилдүү бардык мектептердин окуучулары катышты.Окуучулар мыкты даярдыктарын, актердук чеберчиликтерин кѳрсѳтѳ алышты.

Далее