Category Бош убакытта

Дасторкон үстүндөгү этика

goods_249_2_thumb[1]Адамдын дасторкон үстүндө өзүн кармап отуруусунан, тамактануу манерасынан, бычак, кашык жана идиштерди туура пайдалана билүүсүнөн адамдын маданиятына баа берип келишкен. Кээ бирөө, тамак ичкенге эмне кирип кетиптир, ар ким өз билгениндей жейт, дешет, ал туура эмес. Чыканакты кенен коюп, үстөлгө өбөктөп жатып алууда, чыканагы тамак-ашка тийип, ошондой эле жанында олтургандарга да тоскоол болушат.

Же чалкалап, отургучка жарым-жартылай ажыратып алганда, көйнөгүнө же ...

Далее

Чучук кантип жасалат?

чучук

Кыргыздын  сый тамактарынын бири чучук. Бирок чучук жасаганды  кыздар эмес  байбичелердин көбү билишпейт. Бүгүн биз чучук кантип жасалааарын айтып берели.

1.Пияз менен сарымсакты майдалап туурайсыз.

2. Казыны ичке, узун болуп тууралган этти туздап, ага сарымсак менен пиязды кошуп, бир нече убакыт тыныктырып коесуз. Мындай калыбында бир күн кечке турса эң сонун маринаддалган болот.

3. Жумшарып калган эт менен казыга калемпир, мурч, зире кошосуз...

Далее

Кыздар үчүн кеңештер

Өрдөк быжы

 

Өрдөк быжы

1. Картошка , пиязды аарчып, төрт бурчтук формада майдалап туурайсыз.

2. Бөйрөк май менен ич майды майдалап туурайсыз. Аларды тууралган жашылчаларга кошуп, туз, мурч кошуп аралаштырасыз.

3.Койдун ичегилерин: мөөн менен жумурду жакшылап жууйсуз да, алардын ичине толтуруп фарштан саласыз. Жумур-өрдөк, мөөн- жумурткаалары болот. Жумурга фаршты салганда өзү эле өрдөктүн формасына келип калат. Ал эми мөөнгө фаршты салгандан кийин муун-муун кылып ар кайсы жеринен жип менен бууп коесуз да, бышканда байланган жерлеринен кесип, жиптерин алып саласыз...

Далее

«Келечек» чыгармачылык борбору

IMG_2745

IMG_2760

IMG_2785

IMG_2788

IMG_2761IMG_2800

Ош шаарынын тургундарына жакшы маалым,   балдардын  «Келечек» чыгармачылык  борборунун  крышасы  25 – апрелде  өрттөнүп, күйүп кеткен. Аталган борбордун крышасын жаап, капиталдык ремонт кылуу үчүн Ош шаардык мэриясы тарабынан 2,5 миллион сом  каражат бөлүнүп, жай  бою аталган борбордо ремонт иштери жүргүзүлгөн. Борбордун директору Туратбек Муратовдун билдирүүсүнө караганда бүгүнкү күнгө  ремонт иштери 95 пайыз бүттү. Адистер ремонт иштерине кеткен чыгымды 5-6 миллион каражат жумшалат деп эсептешкен. Өрттөн чыгармачылык борбордун  актовый залы, компьютердик жана бий класстары көбүрөөк жабыркаган эле.  Азыркы мезгилде  актовый зал бүтө элек. Чыгармачылык борбордун жетекчиси  актовый залды оңдоо үчүн каражат изделип жаткандыгын, декабрга чейин актовый зал бүтө тургандыгын  маалымдады...

Далее

“Олимпте” футбол боюнча мелдеш өттү

Ош шаарындагы  “Олимп” мектеп-гимназиясында быйылкы жылы биринчи жолу футбол  боюнча  мелдеш өттү.  Мелдеш  мектепте биринчи жолу дайындалган  спорт министри тарабынан уюштурулду. Таймашка 7-11 класстардын окуучуларынын командалары катышышты.

Далее

Окуучулардын ырларынан

Дастанбек кызы Адила №2 Карл Маркс атындагы  мектебинин 5-В классынын алдыңкы окуучуларынын бири. Бош убактысын ыр жазуу менен ѳткѳрѳт

Жаз айы

Жаркырап нуруңду чачасың,

Жаз айы гүлдѳрдү ачасың.

Жадырап биз күлүп, ойносок,

Жамалың жайкалтып жатасың.

 

Кубанып, майрамды ѳткѳрүп,

Тособуз майрамды жаркырап.

Кубана баарыбыз ойносок,

Жаз айы ансайын кулпурат.

Далее

Бүткүл дүйнѳлүк китеп күнү

23-апрелде Ош шаарындагы Таш Мияшев атындагы ѳспүрүм балдар китепканасында бүткүл дүйнѳлүк китеп күнүнѳ карата концерттик атайын даярдалган программа болуп ѳттү. Концертке жаш акындардан ОГПИнин студенти Медер катышып, лирикалык  ѳз ырларын окуп берди. Кечеде ал ѳз жолдошу менен келип, жаңы чыккан китептери менен тааныштырып, мектепте окуган жаш акындарга ѳз ойлорун жана тажрыйбаларын бѳлүшүп, дил маек курду. ОГПИнин «Шайыр кыздар» бийчилер тобу келип бийлешти.

Далее

Боорсок

Боорсок – кыргыздын улуттук даамдарынын бири. Боорсок көбүнчө тойлордо, майрамдарда, аштарда бышырылат. Боорсоктун кеңири тараган түрү – чарчы боорсок. Каймак же майонез, кумшекер, сүт, ачыткы кошуп жумшагыраак кылып камыр жууруп, жылуу ороп 1-2 саатка тыныктырабыз. Жумшак жуурулуп, ачытылган камырдан чактап үзүп алып, жукартып жаят (калыңдыгы 0,5 сантиметрдей), узатасынан тилет (туурасы 3-4 сантиметрдей). Ар бир тилимди кыйгачынан чарчылап кесет, казандагы кайнап жаткан майга аз-аздан салып, депкир менен аралаштырып кызарта бышырат. Бышкан боорсокту сүзүп алып, майын сарыктырып, идишке салат. Тоборсутуш үчүн дасторкондун бетине бир азга жайып коёт.

Далее

Кѳчѳ балдары да мээримге муктаж

Кийимдери тургай беттери жуулбай, чачтары үрпѳйүп, кийимдери жыртылып, жүдѳгѳн балдарды кѳчѳдѳн кѳп кѳрѳбүз. Алардын дээрлик бардыгы тилемчилик кылып, жертѳлѳлѳрдѳ, жылытуу түтүкчѳлѳрү ѳткѳн жерлерде жашашат. Кѳпчүлүгү үйлѳрүнѳн качып, кѳрүнгѳн жерде жашап кѳнүп  калган балдар. Алардын качып кеткенине жакындары кѳнүп калгандыктанбы, эч ким деле издебейт. Үйдөн качкан балдардын бардыгы тилемчилик жасашат, кѳпчүлүгү тапкан акчаларын компьютердик оюндарга коротушат  «Көчө балдарынын» саны жылдан жылга көбөйүп баратканын милиция кызматкерлери билдиришти. Өзүбүз деле көчөдөн тилемчилик кылышып, же жаш экендиктерине карабастан акча таап, жан багыш үчүн иштеп жүрүшкөн балдарды көп кезиктиребиз. Ѳзгѳчѳ ѳзү кичинекей туруп, кыйраңдап чоң арабадагы жүктү эптеп сүйрѳп бара жаткан киичинекей баланы кѳргѳндѳ ичим ачышат.

Далее

Кыялкеч кыл калемдер

Далее

Атактуулардын балалыгы

«Титаник»  фильминин башкы каарманы Леонардо Ди Каприо

«Оскар» сыйлыгынын үч жолку номинанты, америкалык белгилүү актер Леонардо Вильгельм  Ди Каприо 1974-жылы 11-ноябрда Лос-Анжелесте туулган. Ди Каприоннун апасы Ирмелин боюнда бар мезгилинде Италиянын бир музейинде сүрѳт кѳрүп жүргѳн. Леонарда Да Винчинин сүрѳтүнѳ сугун артып,  кызыгып карап турган мезгилинде ичиндеги баласынын акырын тепкилегенин сезет. Ошондо уул тѳрѳсѳм атын Леонардонун атынан атайм деп ниет кылат. Кѳп ѳтпѳй баласы жарык дүйнѳгѳ  келгенде улуу художниктин атынан атайт.

Далее

Табышмактар

Бозоруп кирип, кызарып чыгат.
(нан)

 

Аты менен отун жарасың,
Анда-санда өзүң барасың.
Тапкандар күтө турсун,
Таппагандар Картаны карасын.
(Кара-Балта)

 

Далее

Жомок. Акылдуу бала

Илгери бир атагы чыккан ууру болуптур. Анын жалгыз баласы бар экен. Баласы чоңойгондо, атасы чакырып алып: Балам, мени сыйласаң ууру бол, мындан бөлөк жакшы кесип жок, деди. Баласы капаланып: Ата, эгер мени адам кылам десеңиз  уурулук кесипти үйрөтпө, андан көрө адал эмгек кылайын, деди.  Ууру аябай ачууланды: Атанын жолун жолдобойт деген эмне?.. Атанын тилин албайт имиш!.. Менин сөзүм эки эмес, айтканымдан кайтпайм. Бүгүн түнү төмөнкү айылдагы Жоошбайдын кызыл өгүзүн уурдап кел. Уурдабасаң, көзүмө көрүнбөй, ошондон ары жогол!

Далее

Кышкы каникул

                                                                                          

Быйылкы кышкы каникул өтө узак болду. Кыргызстандын мектеп окуучулары 24-декабрдан 14-январга чейин эс алышты. Бул кардын көп жаашына жана катуу суукка байланыштуу болду дешет.

Кышкы каникул мезгилинде 2012-жылды узатып, жаӊы 2013-жылды тостук. Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргызстандагы эӊ бийик балаты орнотулду. Элдер ошол жакка үй-бүлөлөрү менен барышып, Аяз ата жана Аяз кыз менен сүрөткө түшүшүп, салют атышып жана бийлеп жатышты. Биз да үй-бүлөбүз менен бардык. Жаңы жылды көӊүлдүү тостук.

Далее