Category Чыгармачылык

Атама

Adilet-Ilyaz-uulu-224x300

Чоң атам Ноорузов Жолчуга

Ак-сакалдуу наркысыз  Жапалактын,

Атасы адал эмгек, күч кубаттын,

Кутман курак 64 жаш маарек болсун,

Аброюлуу, куйкум сөздүү чоң атамдын.

 

Уул-кызды пайгамбардай кастарлаган,

“Келечекте элге керек болгун  адам,

Жөнөкөй бол, эмгек менен билим ал” деп,

Өстүрдүңүз  “бата  ал” деп  элден-журттан.

 

Далее

Жоголосуң эне тилди жоготсоң

Өмүр жалган, жалган залкар дүнүйөң,

Кылым жанган, жалган жашооң түбүнөн,

Жалган -эгер мүдүрүлсө кызыл тил,

Кан -жан менен бүткөн  эне тилинен.

Жапыз болуп калаар анда намысың,

Ойлобосоң өз тилиңдин бактысын,

Жоготосуң эне тилди жоготсоң,

Эртеңиңди,келечектин ачкычын.

Карек көрбөй  жыргалды да,  бакытты,

Калаар жүрөк  сезбей чынды, ачыкты,

Унуткарып койсоң эне тилинди,

Сыйлабасаң улуу  көөнө  тарыхты.

Кээси айтат,  уялам дейт сүйлөштөн,...

Далее

Мугалимдин ырларынан

Матлюба 2 020_2

Матлюба  Мусабаева Өзгөн шаарындагы Ленин атындагы орто мектебинин директору,  Кыргыз Республикасынын Журналисттер, Жазуучулар  союзунун мүчөсү, 20га жакын китептин автору

МЕКЕН

Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алган сен мекен,

Кубанычтын күлкүсүнөн  жаралгансың сен мекен.

Дарттарыма даба дагы өзүң болуп дарылап,

Даңгыр жолду тагдырыма буюргансың сен мекен.

Сулуулуктан, аруулуктан жаралгансың сен мекен,

Тунуктукту, махабатты тартуулайсың сен мекен...

Далее

Алтын куш (жомок)

Илгери  бир кедей абышка болуп, анын жалгыз уулу жана жалгыз түп алмасы бар экен. Ал алманын эн, башына жалгыз кызыл алма мөмөлөп, ар жылы бышкан сайын абышка ошону жеп, жашарып турчу. Кийин эрте күздө жакшы быша элек алмасын белгисиз бөлөк бир нерсе жеп кетет. Андан кийинки жылы чалдын өзү кайтарып жүрүп, бир күнү уктап калып, дагы жедирип жиберет: үчүнчү жылы кемпирине кайтартат. Кемпири түн ортосуна чейин карап жатып, таңга маал уктап калып, алманы дагы жедирди. Төртүнчү жылы баласына кайтартты. Баласы уктабай карап жатса, кандайдыр алтын куш учуп келип, алмага конуп жей баштады. Бала жаа менен атып, бир тал канатын түшүрүп калды.

Далее

ырлар

Мен кызганам

Ачыласың эрте жазда, Ноорузда,

Чачыласың ѳрүк гүлү жазында.

Кыздар ойноп гүлүң терип алганда,

Мен кызганам ѳрүк гүлү ачканда.

Далее

Акылсыз хан

(жомок)
Мурунку өткөн заманда малы көп, акылы аз бир хан жашады. Хан бир күнү ойлонуп отуруп, уулун чакырып: — Балам, палан жерде, бакыр деген элде акылман кемпир бар экен. Ошону эч кимге билдирбей ээрчитип кел, андан акыл сурайлы,- деди. Уулу макул болду да, атасынын сөзүн айтып, кемпирди чакырууга бөлөк бир жигитти жумшады.  Кемпир жолдо келе жатып, хандын уулуна жолугуп калды. Хандын уулу ага карап: Акылман кемпир, ханга барып кайтканында, сөзүңдү эшитербиз,— деп жигиттерин ээрчитип жүрүп кетти. Кемпир хандын алдына барды.

Далее

Кимдин ѳнѳрү артык? (жомок)

Өткөн заманда бир бечара кемпирдин жети уулу болгон экен. Жети баласынын ар биринин өзүнчө өнѳрү бар. Күндөрдүн биринде энеси кимисинин ѳнөрү күчтүү экенин сурап калды. Балдарынын ар бири өз өнөрүн кезек менен айта баштады. Эң улуу баласы: -Мен алпкаракуш асманда торгойдой болуп, көзгѳ араң көрүнсө да атып түшүрөм,- деди. -Мен жети жыл мурун кеткен кумурсканын изин билем,- деди экинчиси.Үчүнчү баласы: -Мен эки дүйнөдѳ эмне болуп жатканын өз алаканыман карап көрѳ алам,- деди.

Далее

Кѳнѳчѳк кийген түлкү (жомок)

Илгери бир кемпир-чал болуптур, алардын жалгыз кара ую бар экен. Чал-кемпир  уюнун сүтүн ичип, каймагынан каттама жасап жеп күн кѳрүшчү. Кемпир табакка жыйнаган каймагын тактанын алдына койчу. Муну бир шум түлкү байкап калып, күн алыс келип жеп кетчү болот. Кемпир аны мышыгынан кѳрүп, эми каймакты оозу тар кѳнѳчѳккѳ куят.

Далее

Кыялкеч кыл калемдер

Нурия Эрали кызы

Нурия Эрали кызы

Сагынбаева Айдай

Адель Исабекова-ученица 4 “Б” класса сш. №29 г.Бишкек

Далее

Кыздар поэзиясы

АПАКЕ

Апаке дүйнѳдѳгү чырагымсыз,
Ааламдагы эң бийик бакытымсыз.
Сиз менин ѳмүрүмсүз, кѳңүлүмсүз,
Эч нерсеге теңдешсиз асылымсыз.

Далее

Ур-раа! Кайрадан жаз келди!

Сүрѳттү тарткан Ч.Айтматов атындагы мектептин 9-классынын окуучусу Айдан Бактыбек уулу

Далее

Ат адамдын канаты

Тарткан Мамытов Шаршеналы, Ага Хан мектебинин 6-“А” классынын окуучусу

Далее

Ырлар

Апаке

Жакшы сөздүн баары сизге жарашат,
Жылмайсаңыз ууртуңузда таң атат.
«Балам»,-деген мээрим төккөн жалгыз сөз,
Канат тагып, демиме дем жаратат.

Ою таза, көңүлү ачык апакем,
Бешенеңден нур чачылып  турса экен.
Бул өмүрдө  сизден  артык адам жок,
Сизге теңир узун  өмүр сунса экен.

Далее