Category Ден соолук

Кыргызстанда өсүүчү дары өсүмдүктөр

 каз таман Дары өсүмдүктөр — медицинада, ветеринарияда ооруну дарылоо, алдын алуу максатында колдонулат. Алардын дарылык касиети составындагы алкалоиддер, гликозиддер, витаминдер жана башка заттардын болушуна негизделген. Дары заттар кээ бир өсүмдүктөрдүн бүчүрүндө, жалбырагында же сабагында; айрымдарынын гүлүндө же мөмөсүндө, тамырында же кабыгында жана башка органдарында топтолот. Ошондуктан өсүмдүктөрдүн керектүү бөлүгүн гана жыйнап алуу керек. Активдүү заттар түрдүү органдарда ар башка убакытта жыйналгандыктан,  дары  өсүмдүктөрдүн  чогултуу мезгили чоң мааниге ээ. Тамыр-сабак, тамыр, түймөктөр эрте жазда жана күзүндө казылып, жууп кургатылат. Бүчүрү ачылып кете электе чогултуу керек. Кабыкты жазында катып кете электе сыйрып алган оң...

Далее

Сарык оорусу

Сарык – жугуштуу оору, анын белгилери, түрлөрү, жугуу жолдору жана андан кантип сактанууга болоору тууралуу Ош шаарындагы Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун №1 филиалынын клиникалык жетекчиси, жогорку даражадагы дарыгер, КРнын саламаттык сактоосунун мыктысы Ниязалиева Жаркынай Асанкановна төмөндөгүлөргө токтолду:

Далее

«Баланын тишине энеси эрте кам көрүүсү зарыл…»

 

 

Ош шаарындагы №1 тиш дарылоо эмканасынын жогорку даражадагы тиш дарыгери  Бүасия Рысдөлөтова

Далее

«Баланын тишине кам көрүү зарыл…»

Бүасия Рысдөлөтова

Бүасия Рысдөлөтова

Эне кош бойлуу мезгилинен баштап баланын ден соолугуна кам көрүүсү зарыл,- дейт Ош шаарындагы №1 тиш дарылоо эмканасынын жогорку даражадагы тиш дарыгери  Бүасия Рысдөлөтова.  Баланын  ден соолугу чың болуш үчүн кош бойлуу эненин дени сак болуу керек. Кош бойлуу эненин каны аз болбоо керек. Тиштерин да өз убагында дарылатып туруусу керек. Бала төрөлгөндөн кийин акыл-эсине келип, сөз түшүнө баштагандан балдарга эртең менен кечинде тиш жууганды үйрөтүшүбүз керек. Балдар  үчүн атайын паста, щетка тандап берип, алардын туура тамактануусуна кам көрүүбүз абзел.  Балдардын рационунда витаминге бай, кальцийге  бай тамак-аштар болуусун  камсыздаш керек. Кальцийге бай балык азыктарын, сүт азыктарын көбүрөөк берүү зарыл...

Далее

инфографика

грипп инфографика_2

Далее

Сасык тумоонун алдын алса болобу?

Бизде мейманда  Ош  шаарындагы  №2 үй бүлөлүк медициналык борборунун жугуштуу оорулар  боюнча дарыгери  Бийзаева Айгүл Маматеминовна

IMG_3066_2

-Айгүл Маматеминовна айтыңызчы,  сасык тумоо кандай оору жана кандай учурда жугат?

-Сасык тумоо сууктун түшүшүнөн улам чөйрөдөгү чаң аркылуу, аба аркылуу, оорулуулар жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, бет аарчыны тосуп жөтөлбөй, оозун тоспой жөтөлгөндө, эл көп топтолгон жерлерде, окуучуларга мектепте, көчөлөрдө көбүрөөк жугат. Сасык тумоо курч кармаган оорулардын катарына кирет...

Далее

«Данектен» пайдалуу кеңештер

lemon

Лимонду  ачкарын суу менен ичүү керек

 Төмөндө адистер лимонду суу менен ичүүнүн пайдалуулугунун  себептерин айтышат: биринчиден лимон иммундук системаны бекемдейт. Лимон С витаминине жана калийге бай. Ал мээнин жана нерв системаларынын жакшы иштешине өбөлгө түзөт жана кан басымын жакшыртат. Андан сырткары лимон чарчоодон сактайт жана ишке болгон жөндөмүңүздү көбөйтөт.

 

Далее

Нышанов мектебинин окуучулары футболго маани беришет

IMG_2920

IMG_2923

IMG_2924

IMG_2928

Ош  шаарындагы №52 П.Нышанов атындагы  мектепте  балдардын ден соолугун чыңдоо   жакшы жолго коюлган. Мектептин  физкультура сабагынын  мугалими Искендер Эшбаевдин билдиргенине караганда  аталган мектеп окуучулары  акыркы  3 жыл ичинде шаарда өткөн спорттук мелдештерде алдыңкы орундарды ээлеп келишүүдө.  Жаңы окуу жылында да  спорттук оюндарга өзгөчө көңүл бурулууда...

Далее

Жаркын келечекке тамекисиз барбайлыбы!

Азыркы учурда кѳчѳдѳ, ар бир тѳртүнчү мырзанын же айымдын тамеки чегип жатканын кѳрѳбүз. Кийинки мезгилдерде бул нерсе коомчулук үчүн жат кѳрүнбѳй калды. Кимиси болбосун тамекинин буусун үйлѳп, ырахаттанып чегип турганын кѳрѳсүң. Аны кѳргѳн жаш балдар кызыккыдай  үйлѳшѳт. Ишканаларда, коомдук жайларда да чегишет. Жада калса мектепте жашырынып чеккен окуучулар жок деп айта албайбыз. Кѳп учурда жашпыз, эч нерсе болбойт, эркек болгондон кийин чегет да деп тамекини жан шерик кылгандар кѳбѳйүүдѳ. Бирок тамекинин терс таасири, зыяндуулугу спирттик ичимдиктерден, баңгиликтен, насвайдан калышпайт. Тамеки чеккендердин катарында рак оорусуна чалдыккандар, ал тургай  ѳпкѳсү начарлап, түрдүү ѳпкѳ ооруларына тушуккандар андан да кѳп.

Далее

СПИД жѳнүндѳ кичинекейлерге туура түшүндүрсѳк

Ар жылы «1-декабрь СПИД менен күрөшүү күнүнө карата биздин мектепте сынак ѳткѳрүлѳт. Быйылкы жылы дагы СПИД, анын алдын алуу максатында сынак уюштурулуп, класстар арасында командалар таймашты. Сынакка 8-11-класстардын окуучулары катышышты. Сынактын максаты СПИД оорусу жѳнүндѳ түшүнүк берүу жана анын алдын алуу болчу.  Бардык класстардын окуучулары сынакка даярдалган программа боюнча даярданышыптыр. Программада саламдашуу, инцинировка, суроо-жооп бар эле.   

Далее