Category Күлкү

Апендинин жоруктарынан

Түн ичи кызыктай түш кѳргѳн апенди таң атаар замат байдын үйүнѳ келет .Таң калган бай:  Сага эмне болду апенди.-десе, .Апенди минтип сѳзүн баштаптыр:-ээх байым, карызга акча берип, кайра кайтарып ала албай жатам. -Кимге бердин эле? -Сизге да байым,-дейт Апенди. –Кандайча? деп  бай чочуп кетет. –Түнү түшүмдѳ экѳѳбүз үйлѳрүбүздү алмаштырып, мен үстүнѳ 100 алтын дилде кошуп берипмин.Чочуп ойгонсом үйүмдѳ эле жатыптырмын, бирок сизге берген 100 дилдемден дайын жок .Ошолорду кайтарып берүүңүздү ѳтүнѳм,-дептир,-Апенди...

Далее

Апендинин жоруктарынан

Апендиге апасы кошунасыныкынан май сурап келчи.-дейт. Апенди чыныны кѳтѳрүп  кошунаныкынан май сураганы барат. Кошунасы чыныга  толтуруп май куят. Апенди бул жагына дагы деп түбүнѳ дагы май куйдурмакчы болгондо чынынын ичиндеги май тѳгүлүп калат. Кошунасы чынынын түбүнѳ да май куюп  берет таңданып. Апенди майды апасына алпарат. Ушунча элеби,-дейт  апасы чынынын түбүндѳгү майды кѳрүп. Жок, бул жагында дагы бар,-деп чыныны аңтарганда чынынын түбүндѳгү майы дагы тѳгүлүп, майсыз калышат...

Далее

Кыштагы окуялар

Кыш мезгили эле. Жолдор кѳкмѳк муз, айлана аппак кар. Жол тайгак болгондуктан адамдар абайлап басып калышкан. Мектептен чыгып Нуржан экѳѳбүз үйүбүзгѳ бара жатканбыз. Биздин алдыбызда эки классташ балдар кетип баратышкан. « Кырсык  каш-кабактын ортосунда» ,-дейт эмеспи, бир заматтын ортосунда эки бала кѳк музга жыгылып түшүштү. Нуржан экѳѳбүз аябай күлүп, аларды шылдыңдадык. Бирок бир аз ѳтпѳй эле, жолдун аркы ѳйүзүнѳ  ѳтүп баратып  Нуржан экѳѳбүз дагы баягы балдардан бетер  тайтайып жыгылып түштүк. Катып калган музга катуу тийгенбизби, айтор тим эле башыма бирѳѳ даңк эттире койгондой болду. Айлананы карасам элдин баары чогулуп бизди карап, кээ бирлери кыткылыктап күлүп, кээ бирлери эстеликке деп сүрѳткѳ тартып атышат.

Далее