Category Класстык кабарлар

Айгерим «Акыл ордонун» жеңүүчүсү

Ош шаарындагы №11 Терешкова атындагы  жатак мектебинде «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну ѳткѳрүлдү. Бул оюнга 6 окуучу катыша алды. Алардын ичинен 2 окуучу финалга калып ойношту. Алар Жумамамат кызы Айгерим жана Медербек уулу Уларбек. Финалда кѳптѳгѳн логикалык суроолор болду.

Далее

Мен «2» алганда

Мен үчүн эң кыйын предмет –бул алгебра, химия. Алар мен үчүн ѳтѳ татаал сабактар. 26-январь күнү да бизге химия  сабагы болду. Ал күнү мен үй тапшырмасына даяр эмес элем. Эптеп шылтоо кылып жооп сурап кетип  калайын десем эжеке жооп бербей койду. Айлам жок эмне кылат элем, отуруп калдым. Эжей үй тапшырмасын чекеден сурай баштады. «Даяр эмесмин»,-деген сѳздү укканда жини келип кетти да.

Далее

Ош шаарындагы чыгармачыл окуучулардын сынагында 5 жеңүүчү аныкталды

Ош шаарындагы чыгармачыл окуучулардын сынагы жыйынтыкталып, калыстар 5 жеңүүчүнү аныкташты. Сынак быйыл жарыяланган Эмгекчилердин жылына карата шаардагы мектептердин 9-11 класстардын окуучуларынын арасында өткөрүлгөн.

Далее

Күндөлүк жоголгондо

Ар бир окуучунун классында, мектебинде кызыктуу окуялар  болуп турат эмеспи. Ошондой күндѳрдүн биринде сабакта отурган элек. Адеп сабагынан берген эжеке «Ѳзүн-ѳзү тарбиялоо»,-деген темада эссе жазгыла,-деди. Класс тынч, окуучулардын бардыгы эссе жазуу менен алек. Марал деген кызыбыз биринчилерден болуп жазып бүтүп, эжекеге алпарып текшертип, баа койдурайын десе күндѳлүгү жок. Ал кыз ыйлап, эжеке  «Кимиңер алсаңар, же кѳргѳн болсоңор  кайтарып берип койгула»,-деди. Ангыча кийинки сабак башталып, окуучулар топурап башка сабакка кирип кетишти. А Бекмырза болсо, класста калып, Маралдын күндѳлүгүн кайтарып  берди. Эгер күндѳлүктү кайтарып бербесе  Марал да, башкалар дагы Бекмырзаны ууру деп ойлоп калыштары мүмкүн эле...

Далее