Category Куттуктоолор

Урматтуу энелерибиз, эжелерибиз, сиңдилерибиз, карындаштарыбыз!

 

images

Сиздерди 8-март аялдардын Эл аралык күнү менен куттуктайбыз. Жаздын алгачкы күнү менен келген бул  майрамда  сиздерге бакты, таалай, чың ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Үй бүлөңүздөр, эл, жериңиздер  менен  тынч, аман болуңуздар.

                                           Редакциянын жамааты

Далее

Куттуктоо

                                      Урматтуу  кесиптештер, окуучулар, «Данек» гезитинин окурмандары!

images_2

Сиздерди  алдыда келаткан 2014-Жылкы жылы менен куттуктайм. Жаңы жылыңыздар  үй –бүлөңүздөргө бакты –таалай алып келген, ишиңиздерге ийгилик. кут, береке тартуулаган берекелүү, түшүмдүү, жакшы жыл болсун!

                                                                                              Нускайым Сулайманова

Сиздердин түйшүктүү жана сыймыктуу ишиңиздерге ийгилик каалайм, кесиптештер!...

Далее

Куттуктоо

1293979986_3

Урматтуу  Ош шаарынын тургундары, билим берүү тармагынын  кызматкерлери, мугалимдер, окуучулар!

Сиздерди  келе жаткан жаңы 2014-Жылкы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.

Жаңы жыл сиздерге бакты таалай, үй-бүлөңүздөргө  тынччылык, аманчылык, эл –жерибизге  береке пайыз, молчулук, токчулук, ынтымак алып келген акжолтой, ийгиликтердин  жылы болсун!  Өз өмүрлөрүн келечек муунду тарбиялоого  арнаган ардактуу мугалимдерибиздин  иштеринде ийгилик болсун! Биздин Ош шаарынын мектеп окуучуларынан  келечекте  Мекенибиздин  тагдырын чече турган, эл журтунун керегине жараган, Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган  билимдүү, патриот,  мыкты инсандар ...

Далее

Куттуктоо

Менин ардактуу классташым жана досум

Адинов Дѳѳлѳттүн 26-март туулган күнү менен куттуктайм.

Бир ак гүл жѳнѳттүм,

Тамырында береке.

Жалбырагында сый,

Сабагында бакыт.

Жытында бейиш,

Ѳзѳгүндѳ ѳзгѳчѳ сулуу

Турмушуңда ушундай  кереметтүулүктү, чың ден соолук, узун ѳмүр, окууларыңа ийгиликтерди каалайм

                                                    Классташың  Элнура

Далее

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Урматтуу окурмандарыбыз, эже-агайлар, окуучулар!

 Сиздерди  Нооруз майрамыңыздар, жаңырган жылыңыздар   менен куттуктайбыз.
Нооруз  жылдын жаңырышынын,  сабырдуулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн, кубанычтын, тазалануунун, мээримдүүлүктүн, терең ишенимдин жана ынтымакты чыңдаган  улуу майрам.

Жаңырган жыл  элибизге ынтымак, жергебизге кут, береке,  үй-бүлѳңүздѳргѳ бакты-таалай, бекем ден соолук  алып келсин.

Майрамыңыздар менен!

«Данек» гези...

Далее

Нооруз майрамыңыздар менен!

Жаздын жаркырап кирип келиши менен   майрамдар башталат, алар  8-март аялдардын эл аралык майрамы, андан соң 21-март «Нооруз» майрамы, 9-май Жеңиш күнү дагы   кѳптѳгѳн майрамдарыбыз бар.  Биз жаз айларын майрамдарга бай десек   жаңылышпайбыз.

Далее

Урматтуу балдар жана кыздар!

Бул гезитти негиздеп жатып,  ал мектеп окуучуларынын кызыктуу жашоосун чагылдырган, мектепте, ѳлкѳдѳ жана жалпы дүйнѳ жүзүндѳ жаш балдар менен кыздарды кызыктырган маалыматтар менен билимди камтыган, жашоодо туура жолду кѳрсѳтѳ алган гезит болсо экен дедик. Гезитти мектеп окуучуларынын арасынан тандалып алынган жаш кабарчылар даярдап турмакчы. Анткени мектеп окуучуларынын дүйнѳсүн, кѳксѳѳсүн, каалоо-тилектерин алардан артык ким билет?! Биз бир гана журналистикадагы кѳп жылдык тажрыйбабызга таянып, ѳз кеп-кеңештерибизди айтып, гезиттин кызыктуу болушуна айрым жардамыбызды гана берип турмакчыбыз...

Далее

Урматтуу келечек ээлери болгон жаш достор!

Сиздерди  жаны 2013-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Жаңы жыл ак тилектин, аруу ниеттин, ынтымактуулуктун жана тилектештиктин жылы болсун! Элибизде, сүйүктүү Ош шаарыбызда тынчтык, молчулук, достук орносун! Жыл жаңырып, мезгил алмашкан учурда  биринчи саны жарык кѳрүп жаткан «Данек» гезити балдардын кѳптѳн күткѳн жакын сырдашы болуп калаарына ишенем.  Мектеп окуучуларынын гезити таланттуу, билимдүү, чыгармачыл балдардын сырдашы жана насаатчысы  болсун. Жаңы жыл менен жарык кѳрүү алдында турган «Данек» гезитинин  калем ээлерине ийгилик каалап, окурмандарынын сүймѳнчүгүнѳ айланып, кѳпчүлүктүн купулуна толушуна тилектештигимди билдиремин...

Далее

Урматтуу «Данек» гезитинин эмгек жамааты жана окурмандары!

Биздин шаарда  мектеп окуучуларынын гезитинин жарык кѳрүшү менен чын дилимден куттуктайм. Шаарыбызда мектеп окуучулары үчүн гезит чыга баштаганы, ал гезиттин үч тилде чыгарыла турганы, гезитти биздин шаардагы мектеп окуучулары чыгара тургандыгы албетте кубана турган жагдай. Гезитиңиздер окурмандар арасында кадыр-барктуу, окумдуу гезит болсун!  Гезит кѳп улуттуу  шаарыбыздын элдеринин ынтымагын, достугун  чыңдоодо ѳз салымын кошооруна ишенем. Ушул гезиттен  турмушту калыс чагылдырган,  жагдайга таамай жана так баа бере ала турган, келечекти кѳрѳ билген билимдүү, калеми курч  журналисттер ѳсүп чыгышына тилектешмин. Бул гезиттин жарык кѳрүшү биздин Ош шаарында «Жаштар жана билим жылынын»  жыйынтыгы чыгарылып жаткан мезгилге жана Жаңы жылга туш келиши да  бекеринен эместир дейм...

Далее