Category Кызыктуу

Кышы тескери материк

Дүйнѳдѳ кѳпчүлүгүбүз билбеген кызыктар кѳп. Ар бир материктин ѳзүнѳ гана мүнѳздүү ѳзгѳчѳлүгү бар. Мисалы биз бүгүн сѳз кыла турган Австралия мамлекетинде бардыгы тетири. Ал ѳлкѳдѳ Жаңы жыл жайдын эң ысык күнүндѳ, июлда  белгиленет. Эң суук жери Түндүгүндѳ эмес, Түштүгүндѳ. Күн Түндүктѳн тийип турганда Түштүгүндѳ кѳлѳкѳ түшүп турат. Түштүгүнѳ күн тийгенде  Түндүгүнѳ кѳлѳкѳ түшѳт. Австралия Жашыл континент деп аталганы менен, жер жүзүндѳгү эң кургак жана жайдак материк. Жердин ¾ бѳлүгү жетиштүү нымдалбайт жана жайдак талаалар саргыч кызыл түскѳ боелуп турат. Түштүк Африкага жана  Түштүк Америкага салыштырмалуу Австралия батыштан чыгышты карай созулуп жайгашкан. Андыктан ал жердин Түштүк жарым шарындагы   эң ысык  бѳлүгү деп эсептелет. Австралияда бир канча жылдар бою жамгыр болбогон райондор бар. Ошол эле учурда жер үстүнѳ караганда жер астында суулар кѳп. Бул жерде суу табигый күч менен атырылып чыккан 6 миңден ашык ар кандай артезиан кудуктары бар.

Далее

Сүмөлөк

Сүмөлөктүн келип чыгышы жөнүндө ар кандай уламалар айтылат. Алсак, алардын биринде: “Илгери өткөн заманда, жаркыраган жаздын алгачкы айында калкты ачарчылык каптайт. Эл ичинде өлүм-житим көп болот. Элдин айласы куруп, самандай сапырылат. Эл тентийт. Тамак сурап чыркыраган балдардын үндөрү басылбайт. Энелеринин айлалары кетип, аргалары түгөнөт. Мындай учурда адамдан амал качып кутулбайт тура. Мээрман энелер бир ойго келишип, ар кимиси колдорунда болгон тамак-аштарын ортого чыгарышат. Бирөөсү бир чымчым унун, экинчиси бир кашык майын, үчүнчүсү бир ууч талканын, дагы бирөөлөрү үч-төрт өрүктүн кагын ж.б чогултушат.

Далее

Атактуулардын балалыгы

«Титаник»  фильминин башкы каарманы Леонардо Ди Каприо

«Оскар» сыйлыгынын үч жолку номинанты, америкалык белгилүү актер Леонардо Вильгельм  Ди Каприо 1974-жылы 11-ноябрда Лос-Анжелесте туулган. Ди Каприоннун апасы Ирмелин боюнда бар мезгилинде Италиянын бир музейинде сүрѳт кѳрүп жүргѳн. Леонарда Да Винчинин сүрѳтүнѳ сугун артып,  кызыгып карап турган мезгилинде ичиндеги баласынын акырын тепкилегенин сезет. Ошондо уул тѳрѳсѳм атын Леонардонун атынан атайм деп ниет кылат. Кѳп ѳтпѳй баласы жарык дүйнѳгѳ  келгенде улуу художниктин атынан атайт.

Далее

Кимдин ѳнѳрү артык? (жомок)

Өткөн заманда бир бечара кемпирдин жети уулу болгон экен. Жети баласынын ар биринин өзүнчө өнѳрү бар. Күндөрдүн биринде энеси кимисинин ѳнөрү күчтүү экенин сурап калды. Балдарынын ар бири өз өнөрүн кезек менен айта баштады. Эң улуу баласы: -Мен алпкаракуш асманда торгойдой болуп, көзгѳ араң көрүнсө да атып түшүрөм,- деди. -Мен жети жыл мурун кеткен кумурсканын изин билем,- деди экинчиси.Үчүнчү баласы: -Мен эки дүйнөдѳ эмне болуп жатканын өз алаканыман карап көрѳ алам,- деди.

Далее

Тынчтык коңгуроосу

2010-жылдагы июнь окуясынан кийин  Ош шаарында курулган  айкелдердин бири-тынчтык коңгуроосу болгон.  Ош шаарынын кѳп улуттуу тургундарын тынчтыкка чакырып, калаабызда мындан ары эч  ким ыйлабасын,  ый угулбай, тынчтык коңгуроосу  жаңырып турсун деген максатта Орусиянын Новосибирск шаарындагы «Светолития»  ишканасында  куюлуп, даярдалган.  «Тынчтык коңгуроосу»  алынып келинип, шаардык мэриянын оң капталына орнотулган.

Далее

Дүйнѳнүн жетинчи керемети- Александр маягы…

Дүйнѳнүн  жетинчи  керемети  аталган  Александр  маягы  биздин  заманга  чейин  III  кылымда кораблдер рифтерди  ийгиликтүү ѳтүү үчүн  Эгипеттеги кичинекей Фарос  аралында Александрия  шаарынын  жээгинде,  Александр Улуу тарабынан  курулган.  Маякты  куруу  үчүн  20 жылдан  ашык  убакыт  кеткен. Бирок  Египет  ханы Птолемей II  башкаруусу  учурунда Маякты  куруу  5  гана  жылга  созулуп, биздин  заманга  чейин 282-жылы  толугу  менен  курулуп  бүткѳн.

Далее

Нооруздун тарыхынан:

Кыргыз элинин жыл санагы боюнча жаңы жыл жалган куран (март) айынын 21ине, же болбосо Нооруз майрамына туш келет. Нооруз фарсы (Иран) тилинин  “жаңы күн” деген сѳзүнѳн которулган.  Нооруз майрамы  жыл санагы боюнча эсептелип, жазында күн менен түндүн теңелген күнүнѳ туура келет. Бул майрам бардык майрамдардын  эң коозу, эң көркөмдүүсү жана эң сулуусу катары эсептелип, байыркы Иран күн календарына ылайык фарфардын айынын биринчи күнүнө туура келген. Бул Григориан (биздин календарь) боюнча 21-22-23-мартка туш келет. Ноорузду мусулман майрамы дегендер жаңылышат. Себеби фарсы тилинде сүйлөгөн элдер Ноорузду Ислам дининен мурда эле майрамдап келишкен. Биздин эрадан мурунку 1000 жылда жазылган Авестада эне – кут деген аял түспөлүндөгү түшүмдүүлүктүн пири яхудилерден, еврейлерден күнөөлөрү үчүн кечирим суроону талап кылат.

Далее

Кѳнѳчѳк кийген түлкү (жомок)

Илгери бир кемпир-чал болуптур, алардын жалгыз кара ую бар экен. Чал-кемпир  уюнун сүтүн ичип, каймагынан каттама жасап жеп күн кѳрүшчү. Кемпир табакка жыйнаган каймагын тактанын алдына койчу. Муну бир шум түлкү байкап калып, күн алыс келип жеп кетчү болот. Кемпир аны мышыгынан кѳрүп, эми каймакты оозу тар кѳнѳчѳккѳ куят.

Далее

Эмне үчүн түлкү түнкүсүн учуп калган?

 Үкүлөрдүн эмне үчүн түнкүсүн учуп калгандыгы жөнүндө ар кандай уламыштар бар. Ошолордун бирөө мындай экен. Албетте, бул окуя мьшдан көп кьлымдар мурда болгон. Күндөрдүн биринде ойдо-тоодо жашаган куштар өздөрүнүн курултайына жыйылышты. Анда өздөрү жашаган жерден башка чөбү, от, суусу мол жерди издеп табууну чечишти. Курултайда куштардын төрөсү  Бүркүт аларга кайрылып, минтип айтты:  Андай жерди табууга кимди жиберебиз? Кеңешке келгендер чурулдашты:  Учкул эмеспи, Ылаачын барсын! Сак эмеспи, Сагызган барсын!  Алп эмеспи, Таз Жору барсын! Бирок булар жараган жок. Акыры тырмактуу десе тырмактуу, тумшуктуу десе тумшуктуу, күчтүү десе күчтүү дешип, Үкүнү жибермек болушту. Үкүнү үч ай бою жакшылап багышты. Анан жолго салышты. Ал тоо-талааны кыдырып, ашуу бел ашып учуп отурду. Бир нече айдан кийин кайра келди. Аны тосуп чыккандарга:  «Жакшы жерди тапкан жокмун»,-  деп жооп берди.

Далее

Мен күткөн чымчык

Сабак аяктап, баарыбыз үй-үйгө тарадык. Кээси мектепте ойноп калышты. А мен болсо  үйгө шашып жөнөдүм. Асман чайыттай ачык, жаздын жыты келип,   байчечекейлер кылтыйып чыга баштады. Чырылдап чымчыктар ар тараптан учуп келишет да, кубулжуп сайрашат. Мен мектептен келип  апама жардам бердим. Апам экөөбүз ушунчалык берилүү  менен гүл  эгип, атам болсо жаңы алынып келинген көчөттөрдү эгип жатты.

Далее

Сүрѳтчү пил

Жаратылыш ар түрдүү жаныбарларга бай эмеспи. Андыктан алардын ичинде кичинеси-чоңу, акылдуусу-акылсызы, жырткычы-сүйкүмдүүсү жана башка түрлѳрү бар. Кээ бир жаныбарлардын адам баласына тийгизген таасири зор.

 Урматуу окурман, бул сѳздүн учугун улай  бир ѳзгѳчѳ Пая аттуу пил жѳнүндѳ айта кетейин. Ал жаныбар Таиланддын Эдинбурк шаарында  жашайт. Паянын ѳзгѳчѳлүгү- ал сүрѳт тартат.Туристтердин кѳз алдында ѳз портретин жана ар түрдүү  дарактарды, гүлдѳрдү тумшугу менен тарта алат. Бул үчүн туристтер 15 доллар тѳлѳшѳт. Анын тарткан сүрѳтү  АКШда ѳткѳн кайрымдуулук  аукционунда миллион долларга  сатылган...

Далее

Шаардын кѳркүнѳ кѳрк кошкон дагы бир оргума

А.Масалиев кѳчѳсү аркылуу Курманжан Датка кичи районуна бараткандагы  айлампа жолдо 2012-жылы жаңы оргума  ачылды. Оргума заманбап үлгүдѳ курулуп, кѳргѳндү кайдигер калтырбайт. Ленин кѳчѳсү менен  А. Масалиев атындагы кѳчѳнү туташтырган кѳпүрѳдѳн ѳткѳн айлампадагы бул оргума шаардагы дагы бир кооз  жайга айланды.

                                                                                                                                                                                              ...

Далее

Ааламдын алтынчы керемети – Родос аралындагы Гелиостун монументи

Родос аралындагы  Гелиостун

монументи

Ааламдын  алтынчы  керемети  аталган Родостук  коңгуроо илгерки  гректердин  күн  кудайы   аталган  Гелиостун Грециядагы  Эгей  деңизинин  жанындагы аралда жайгашкан  гиганттык  статуясы.    Александр Макдонскийдин  мыкты  державасы  кулагандан  кийин Родосту  Птоломей  ѳз   башкаруусуна  алат. Биздин  заманга  чейин 305-жылы Сириянын  бийлеп  тууручусунун  уулу Деметрий Полиоркет аралды  кѳп  убакыт  курчоого  алган,  бирок  жыйынтык  бербегенден  кийин чегинет  да   Родосту  таштап  кетет.   Полиоркет  кеткенден  кийин  анын  калган  куралдарын  сатып  Родостун калкы Гелиостун  урматына   статуя тургузууну  чечишет, Гелиос  Родос  эли  үчүн  жѳн  эле күн кудайы  эмес,  ошол  Родос  аралын  жаратуучусу   болгон.

Далее

Өзбек палоосу кандай жасалат?

Даярдалышы: майды туурап, казанга салабыз Май сызгырылганча    күрүчтү жууп, чарага 30 минут муздак сууда кармайбыз. Куйрук май сызгырылганда сызыкты чѳмүч менен сүзүп алабыз. Казандагы койдун майына пиязды кызарганча кууруп алып, андан соң этти салабыз жана  жакшылап куурабыз жана  1 кг сабизди  да салып кууруп алабыз. Андан соң 2,.5 л сууну куюп кайнатабыз, андан кийин сарымсакты салабыз, татымына жараша туз кошобуз.  Арадан 15-20 минут өткөндөн кийин күрүчтү салабыз, сарымсакты ала турабыз. Күрүч кайнап,  суусу тартылып калгандан кийин аштын үстүнѳ ачуу калемпирлерди жана сарымсактарды коюп, зире салып, жарым саат демдеп коебуз. Ашыбыз даяр болуп калды. Ашты табактарга салаардын алдында жакшылап аралаштырабыз. Жакшы демделген аштын күрүчтѳрү чачырап туруш керек. Аштын даярдалыш сыры менен Сузак чайханасынын  ашпозчусу Козубай Калмурзаев  бѳлүштү.

Далее

Жети кереметтин бешинчиси – Галикарнастагы Мавзолей

Жети кереметтин бешинчиси  Галикарнастагы Мавзолей болгон.  Галикарнас Грециянын Кария хандыгындагы  эң кооз жана эң бай  борбор шаары болгон. Ак мрамордон курулган храмдар, хандын сарайы, театрдын имараты, гүлдѳгѳн эс алуу бактары шаарга кооздук тартуулап турган.  Мовзолей биздин заманга чейин VI кылымда Кариянын  ханы Мавсолго арналып, анын кѳзү тирүүсүндѳ  биздин заманга чейин 353-жылы курулуп башталган. Мовзолей Мавсолдун ѳлүмүнѳн кийин аялы Артемисия тарабынан бүткѳн. Аны куруу үчүн атайын гректердин улуу архитекторлору Сатирди жана Пифеяны, скульпторлордун да кѳрүнүктүүлѳрүн тандап гректердин Леохара, Скопаса, Бриаксида жана Тимофей чакырылган. Леохар менен Скопас буга чейин Артемиданын храмын кооздодо да катышышкан. Курулуш жүргѳн учурда Артемисия  ѳзү баш болуп турган. Мовзолейдин так кайсы жылы курулуп бүткѳндүгү тууралуу эч кандай маалымат жок. Мовзолей Плинийдин айтып берүүсү боюнча бийиктиги 46 метрге жеткен.

Далее

Биз окуган мектеп

Биздин мектеп наамын алып жүргѳн Уркуя Салиева 1910-жылдын 17-февралында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Тактек айылында туулган.   Ал ошол кездеги аялдын орду үйдѳ, казан- аякта,-деген  эски кѳз карашка  карабастан эски заман менен күрѳшүп, жакшы жашоону орнотууга бүткүл күч- аракетин жумшап, колхозду башкарып турган.  1934-жылы 3-февралда Уркуя Салиева ѳмүрлүк жолдошу экѳѳ тең душмандар тарабынан  ѳлтүрүлгѳн.

Далее

Белек берүү адеби

Майрамдарда, туулган күндѳ бирѳѳдѳн белек алуу, белек берүү да жакшы жѳрѳлгѳ. Бул илгертен келе жаткан салт. Белекти адамдын жаш курагына ылайык тандоо керек. Эң негизгиси белек ошол адамдын кѳңүлүн кѳтѳрүп, ага кубаныч тартууласын. Бирѳѳдѳн белек алганда анын баасына эмес, кооздугуна кѳңүл бур. Кымбат баадагы белек тартуулоо сага туура келбейт. Анткени сен ата-энеңдин акчасына сатып аласың да. Аларды кыйнап коюшуң ыктымал. Ошон үчүн кооз, ѳзүңдүн эмгегиң менен жасалган буюмду берсең абдан ылайыктуу болот. Белек берүү сѳзсүз түрдѳ жагымдуу сѳздѳр, жакшы каалоолор менен коштолгону жакшы. Белек менен кошо эң кымбат  каалоо сѳздѳрүңдү кагазга түшүрүп эстелик үчүн бер. Жакшы сѳз да жагымдуу белек болот...

Далее

Алымбек Датка эс алуу жайы

 Оштун так ортосунда, Сулайман тоосунун түбүнѳн орун алган Алымбек Датка этнографиялык борбору бүгүнкү күнү калаабыздын жүзү. Бул жердеги заманбап типтеги музыкалык  түстүү оргума, эс алуучулар үчүн түзүлгѳн ыңгайлуу шарттар, түнкү жаркыраган чырактар кѳңүл кѳтѳрѳт. Калаадагы жогорку деңгээлдеги майрамдар, үйлѳнүү кечелери сыяктуу иш чаралардын кѳбү  ушул жерде ѳтѳт.  Бир кездеги чалды-куйду, бытыраган  жай азыр шаар бийлиги тарабынан ирээтке келтирилип, түстүү  оргума курулуп, кыдырата отургучтар коюлуп,  жаштардын сүйүктүү эс алуу жайына айландырылган...

Далее

Барс-Бек кагандын монументалдык комплекси

Барс-Бек каган

Барс-Бек-кагандын монументалдык комплекси

 Ошто жаңы курулган келишимдүү  айкелдердин бири -2012-жылы   Ош шаарынын күнүнѳ карата  курулуп бүтүп, 5-октябрь күнү ачылган   Барс-Бек-каган монументалдык комплекси.  Барс-Бек-кагандын айкели шаардагы Кулатов кичи районунда, Г.Айтиев жана Б.Осмонов атындагы кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде, Араван, Ноокат автожолунда  курулду. Монументалдык комплекстин курулушуна шаардык бюджеттен 11 млн. сом каражат бѳлүндү. Аталган комплекстин долбоору  скульптор Равшан Маматкулов тарабынан иштелип чыгып курулду...

Далее

Артемиданын храмы

Дүйнѳнүн  7 кереметинин тѳртүнчүсү

Артемиданын  храмы Турция мамлекетинин  азыркы  Сельчук  шаарында жайгашкан. Храм  Артемида аттуу аялга  арналып  биздин  заманга  чейин 435-жылы жалаң    мрамордон курулган. Гректердин  легендасына  караганда  Артемида  баарына  кам  кѳргѳн   аял   болгон. Ал токойдогу  ѳсүмдүктѳрдѳн  адам  затына  чейин  кам  кѳргѳн.  Легендага  ишенчү  болсок  анда  Артемиданын  колунда  ѳсүмдүктѳр  менен гүлдѳр  бой алышкан. Артемида  улуу Апаллондун  эгизи  болгон. Тарыхта храмдын архитектору    Херсифрон  болгондугу айтылат. Храмды   Лидиянын   ханы  Крёз курган.

Далее