Category Майрам

Нооруз-көктөм майрамы (Фото баян)

IMG_3800

IMG_3805

IMG_3813

IMG_3815

IMG_3821

IMG_3823

IMG_3826

IMG_3827

IMG_3838

IMG_3843

Ат оюндары

Жаз келди, Нооруз келди!

Ош шаарынын борбордук аянтында 21-март күнү Нооруз майрамына арналган  майрамдык салтанат болуп өттү. Борбордук аянт майрамга арналып жасалгаланган. Майрамга арналган салтанатты Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев  ачып, шаар тургундарын, меймандарды Нооруз майрамы менен куттуктап, шаардыктарга чың ден соолук, бакты, таалай, иштеринде ийгиликтерди каалады. «Нооруз-жаңылануунун жана ынтымактын майрамы. Жаңырган жыл жигердүү, эмгектин жылы болсун,  ар бир үйдө, мекенибизде тынчтык, ынтымак, береке болсун»,-деди. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу  өкүлү Сооронбай Жээнбеков  жаз менен келген жаңы жылда эл, жерибизге  жакшылыктарды, ийгиликтерди  каалай тургандыгын билдирди. Россия Федерациясынын  Оштогу консулу А.В...

Далее

Оштун жаштары менен Алматы шаарынын жаштары кызматташат

молодеж Казахстана

молодеж Казахстана 2

Ош шаарынын күнүнө карата  шаарга  Казах  Республикасынын жаштарынан турган делегация келди. Ошол эле күнү Ош шаардык мэриясынын алдындагы жаштар комитети менен  Алмата шаарынын жаштар комитетинин ортосунда кызматташуу боюнча  меморандумга кол коюлду.

Казахстандан келген делегацияны Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов кабыл алып, булл жолугушуу Кыргызстан менен Казахстандын жаштарынын ортосундагы  кызматташууга көпүрө болуп кала турганын билдирди.   «Мындан ары биз Алматынын жаштары менен тыгыз байланышта болобуз, скайп аркылуу семинарларды өткөрүп турабыз...

Далее

Ош шаарынын күнүндө

спорт аянтчасынын ачылышы

 

балдар аянтыБалдар үчүн спорттук аянтчалар

Шаар күнүнө карата Ошто бир катар обьектилер курулуп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Ушул күнү шаардын бардык кичи райондорунда майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. «Туран» жана «Керме Тоо» аймактык кеңештериндеги балдар үчүн спорттук аянттардын курулуп бүткөрүлүп пайдаланууга берилиши аталган райондордун тургундарын кубанычка бөлөдү. Шаардын вице-мэри Рустам Мирзаматов аталган райондордун тургундарын майрамдары менен куттуктады.

Далее

Түштүк борборунда шаар күнүндө эки кабат көпүрөнүн курулушу башталды

копурого капсула салууда

фото день города2

капсула салуудафото день города 11Ушул күнү  таң эртең менен шаардын мэри Мелисбек Мырзакматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир катар депутаттары, шаар коомчулугунун катышуусунда шаардын Навои көчөсүндөгү  борбордук базардын жанындагы эки кабат(эстакаттык)  көпүрөнүн курулушунун башталышынын салтанатында курулуштун алдына  капсула салынды. Шаар жетекчисинин айтымында  бул эки катар көпүрөнүн туурасы 20 метрди, узундугу 354  метрди, көпүрө менен  устун  коюлбаган жолдун курулушунун узундугу  биригип 710 метрди түзөт жана бул жолдон өткөн суу, канализация түтүктөрүнүн  бардыгы алмаштырыла тургандыгына токтолду. Курулуш 2015-жылы бүткөрүлүп пайдаланууга берлмекчи.

Далее

Түштүк борборунун күнү салтанат менен белгиленди

шаар куну 1

шаар куну 2

шаар куну Ош5-октябрь күнү Ош  шаарынын күнү  салтанат менен белгиленди. Шаардын борбордук аянты  кооздолуп, жасалгаланган.  Шаардын күнүнө арналган салтанатка  Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, Ош  шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  бир катар депутаттары катышып,  шаардыктарды майрамы менен куттукташып,  ордолуу Ош шаарынын  тургундарына ынтымак, биримдик жана  кут, береке каалашты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  Ош шаарынын тургударын куттуктоосун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев окуп берди.

Далее

Улуу Жеңишке 68 жыл

Нургазиев Мухтар неберелери менен

«Биз дүйнѳгѳ аталардан кеч келип, тээ Батышта адам канын кечпедик…»

Кѳкүрѳгү орден менен медалга толгон бул инсан  биздин ардактуу агабыз, атабыз, согуштун жана эмгектин ардагери, кѳп жылдар бою жетекчилик кызматтарда иштеген  Мухтар Нургазиев  азыр 90дон ашты. Согушка 17 жашында чакырылып, жаштыгына карабай от күйгѳн согушка катышып,  Панфилов дивизиясында  да салгылашкан. Ата Мекенине согуш бүткѳндѳн кийин  1946-жылы  июнь айында кайткан. Согуш талаасында эки ирээт жараланган. Ата Мекендик согушта кѳрсѳткѳн эрдиктери үчүн ага  Ата Мекендик согуштун I-II даражадагы, Кызыл Жылдыз  ордендери, кѳптѳгѳн медалдары ыйгарылган...

Далее

Сүмөлөк

Сүмөлөктүн келип чыгышы жөнүндө ар кандай уламалар айтылат. Алсак, алардын биринде: “Илгери өткөн заманда, жаркыраган жаздын алгачкы айында калкты ачарчылык каптайт. Эл ичинде өлүм-житим көп болот. Элдин айласы куруп, самандай сапырылат. Эл тентийт. Тамак сурап чыркыраган балдардын үндөрү басылбайт. Энелеринин айлалары кетип, аргалары түгөнөт. Мындай учурда адамдан амал качып кутулбайт тура. Мээрман энелер бир ойго келишип, ар кимиси колдорунда болгон тамак-аштарын ортого чыгарышат. Бирөөсү бир чымчым унун, экинчиси бир кашык майын, үчүнчүсү бир ууч талканын, дагы бирөөлөрү үч-төрт өрүктүн кагын ж.б чогултушат.

Далее

Нооруз майрамыңыздар менен!

Жаздын жаркырап кирип келиши менен   майрамдар башталат, алар  8-март аялдардын эл аралык майрамы, андан соң 21-март «Нооруз» майрамы, 9-май Жеңиш күнү дагы   кѳптѳгѳн майрамдарыбыз бар.  Биз жаз айларын майрамдарга бай десек   жаңылышпайбыз.

Далее

Өзбек палоосу кандай жасалат?

Даярдалышы: майды туурап, казанга салабыз Май сызгырылганча    күрүчтү жууп, чарага 30 минут муздак сууда кармайбыз. Куйрук май сызгырылганда сызыкты чѳмүч менен сүзүп алабыз. Казандагы койдун майына пиязды кызарганча кууруп алып, андан соң этти салабыз жана  жакшылап куурабыз жана  1 кг сабизди  да салып кууруп алабыз. Андан соң 2,.5 л сууну куюп кайнатабыз, андан кийин сарымсакты салабыз, татымына жараша туз кошобуз.  Арадан 15-20 минут өткөндөн кийин күрүчтү салабыз, сарымсакты ала турабыз. Күрүч кайнап,  суусу тартылып калгандан кийин аштын үстүнѳ ачуу калемпирлерди жана сарымсактарды коюп, зире салып, жарым саат демдеп коебуз. Ашыбыз даяр болуп калды. Ашты табактарга салаардын алдында жакшылап аралаштырабыз. Жакшы демделген аштын күрүчтѳрү чачырап туруш керек. Аштын даярдалыш сыры менен Сузак чайханасынын  ашпозчусу Козубай Калмурзаев  бѳлүштү.

Далее

Ош шаарынын Мэринин арча майрамына кимдер катышат?

2012-жылдын 27-декабрында Келечек балдардын чыгармачылык борборунда, «Балаты-2013» аттуу Ош шаарынын мэриннн  балаты майрамы ѳткѳрүлмѳкчү.  Ош шаардык мэриясынын социалдык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы Гүлмира Каратаеванын билдиргенине караганда  майрамга Ош шаарында жашаган, аз камсыз болгон үй бүлѳлѳрдүн балдары, 2010-жылдагы июнь окуясында  каза болгон, дайынсыз жоголгон жарандардын балдары, ден соолугу, мүмкүнчүлүгү  чектелген үй бүлѳлѳрдүн балдары болуп, бардыгы 240 бала мэр тарабынан ѳткѳрүлгѳн Жаңы жылдык балаты майрамына катышмакчы.

Далее