Category Мектептин жашоосу

Ош шаарындагы №52 мектептин эмгек жамааты

SAM_4524

Мугалимдик кесип ардактуу да, түмөн түйшүктүү да  кесип

Далее

Жаш манасчылар устаттары менен

DSC_0378

Ош шаарында өткөрүлгөн  Манасчылык өнөр боюнча Гран-принин  ээси, №52 мектептин  8-классынын окуучусу Кубатбек уулу Бекболот жана 1-орундун жеңүүчүсү, 7-класстын окуучусу Кеңешбек уулу Акылбек  манасчылар менен

Далее

Акция

SAM_3630 «Биз таза шаар үчүн» акциясынын катышуучулары, №52 “Кыргыз-Турк достугу” таланттуу балдар мектебинин окуучулары

Далее

Жеңүүчүлөр

DSC00111

Ош шаарында өткөн олимпиадада орус тили  жана адабияты боюнча биринчи  орунду багындырган, 11-класстын окуучусу  Бурханова Нуржамал жана  10-класстын окуучусу Нурлан кызы Бахиана

Далее

Ак калпакчандар жана жаш манасчылар

DSC00028

Ош шаарында  өткөрүлгөн «Ак калпакчандар күнүндө»,  Нооруз майрамында №52 мектептин 200 окуучусу «Кара жорго» бийин бийлеп, 200 окуучу «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтышты.

Далее

Алиппе майрамында

DSC00199

Бакыт деген эмне экенин сезбеген  бул  бактылуу  наристелер Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» таланттуу балдар мектебинин  1-классын  аякташууда

Далее

Мектептин сыймыгы Асель

DSC00119

Республикалык олимпиадада  кыргыз тил адабияты боюнча  биринчи орунду жеңип кайткан №52 «Кыргыз-Түрк достугу» таланттуу балдар мектебинин 11-класстын окуучусу Жалал  кызы Асель

Далее

Жаңы табылгалары жана жаңы идеялары көп жаңы мектеп

№52 мектептин директору Аманова Салтанат Абдылдаевна

Бизде мейманда №52 “Кыргыз-Түрк достугу таланттуу балдар” мектебинин директору Аманова Салтанат Абдуллаевна

-Салтанат Абдуллаевна, айтсаңыз жаркыраган жаңы мектепте билим берүүнүн сапаты кандай? Электр энергиясын, жылуулукту үнөмдөй турган мектепте чын эле жылуулук үнөмдөлөт бекен, жаңы мектеп кышта жылуу элеби?

-Ош шаарындагы №52 Кыргыз-Түрк  достугу атындагы таланттуу балдар мектеби  2012-жылдын 26-ноябрында  окуу процессин баштады. Бул электр энергиясын жана жылуулукту үнөмдөөчү мектеп 850 орунга ылайыкташтырылган...

Далее

Космонавт болгусу келген Ураимов Нурислам

 IMG_3853

Ю.А.Гагарин мектебинин 4-а классынын окуучусу Ураимов Нурислам быйыл шаардык олимпиадада Мекен таануу сабагынан  олимпиадага барып,  3- орунду багындырды.  1- класстан бери окуунун мыктысы болуп келе жатканын айтты. Мекен таануу жана математика сабактарына кызыгып. келечекте космонавт болгусу келет.Бош убактысында китеп окуйт таеквандо менен машыгат. Баткенде таеквандо боюнча мелдешке катышып биринчи орунду алган. Бишкеке да таеквандо боюнча мелдешке барып тилекке каршы орун албай калган бирок катышуусу анын чоң жетишкендиги экенин айтты.  Ю.А.Гагаринди  В.В.Терешкованы, С.Шариповду жана башка  көптөгөн  космонавттарды биле турганын, алардын эрдиктерине кызыга турганын белгиледи...

Далее

1-класстан бери мыкты окуган Акбермет

IMG_3855

Ю.А.Гагарин атындагы мектебинин 4-б классынын окуучусу Жумаалы кызы Акбермет болсо кыргыз тили жана адабияты сабагынан шаардык олимпиадада 3- орунду  ээледи. Акбермет  1-класстан бери  жалаң  5 деген бааларга  окуйт Ал да келечете банкир болгусу келээрин айтты. Математика,  кыргыз тили жана адабияты  сабактарына кызыгаарын жашырган жок. Ата энеме жардам берем, үйдө куурма жасаганды биллем, китепти көп окуйм, компютерди билем жана кызыгам, мага сабак берип жаткан баардык мугалимдерди жакшы көрөм,-деди Акбермет...

Далее

Олимпиадада жеңген Жазайым

IMG_3858

Олимпиадада  жеңген Жазайым №17-Ю.А.Гагарин  атындагы  мектебинин 4-а классынын окуучусу.  Замирбек кызы Жазайым быйыл математика сабагынан  олимпиадага катышып 2- орунду ээлеген. Сабакты жакшы окуйт.1-класстан бери окуунун мыктысы болуп окуп келе жатат,  кечекте банкир болгусу келгенин айтты. Бардык сабакка кызыгып, математика сабагына көөбүрөөк кызыгаарын белгилеп кетти. Келечектеги максаттарына жетишүү үчүн китепти көп окуй турганын,жана  инисин да тарбиялап, ата –энесине жардам берээрин да  айтты...

Далее

Фундамент башталгыч класста калыптанат

IMG_3860

Фундамент башталгыч класста калыптанат,-дейт №17 Ю.А.Гагарин атындагы окуу тарбиялык  комплекс гимназия мектебинин башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы Нышанова Шарапат. Биздин мектепте башталгыч класстарда 1-класстан 4-класска чейин  230 окуучу билим-тарбия алышат. Терең билим берүү үчүн балдарга билим берүүдө бизде көп эмгеги сиңген, бардык  сыноолордон өткөн, башка программалар менен иштеген эжекелерибиз сабак беришет. Анан  3-4 жылдан бери биз Германиянын   «Окутуунун активдүү формалары» деген  методу менен   билим берип келатабыз. Биздин бардык эжекелерибиз, мына өзүм баш болуп, ошол программаны окуп, үйрөнүп, анан балдарга билим берип келатабыз, Мунун  жакшы жагы  балдардын билимге умтулуусун  өнүктүрө турган программа болуп эсептелет...

Далее

Ош шаарынын мектептеринде Алиппе майрамы өттү

IMG_0664

Ош шаарынын мектептеринде жакында 1-класстын окуучулары үчүн Алиппе майрамы өткөрүлдү. Ар бир окуучу бул күндү эч качан унутпаса керек. Мектеп босогосун аттаган бала үчүн Алиппе күнү кубанычтуу майрам да, ошондой эле бир жылдын ичинде алган билиминди сындан өткөрө турган жоопкерчиликтүү да күн. Бул Алиппе күнү биздин «Олимп» мектеп-гимназиясында да өтө шаң менен майрамдалды. Ага 1-класстын окуучулары, ата-энелер, мугалимдер катышышты. Быйылкы жаңы окуу жылында мектеп босогосун атташып, билим алууну Алиппеден башташкан бөбөктөр бир жылдын ичинде алган билимдерин көрсөтө алышты. Алар ырларды көркөм айтышып, ар кандай оюндарга катышышты жана өз өнөрлөрүн тартуулашты...

Далее

Жаңы методикалар колдоого алынууда

Сүрөттө Айгүл Жунусова

Сүрөттө Айгүл Жунусова

Бизде мейманда №17 Юрий Алексеевич Гагарин атындагы  окуу-тарбиялоо комплекс мектеп –гимназиясынын  директору, билим берүүнүн мыктысы   Жунусова Айгүл Абдымажитовна.

-Айгүл Абдымажитовна айтсаңыз, билим берүүнүн  жаңы усулдары сиздердин мектепте ишке ашырылып атыптыр, мектебиңиздердин курамында балдар бакчасы бар экен, дагы кандай жаңылыктарыңыздар  бар?

-Биздин мектепте быйылкы 2013-2014-окуу жылында 779 окуучу  билим алууда  жана мектеп алдын...

Далее

Мектептин эң кичине окуучусу Саламат

IMG_3770

Сүрөттө Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы балдар мектебинин 1-в классынын окуучусу Саламат Рустамова

Далее

№17- Ю.А.Гагарин атындагы окуу тарбиялоо мектеп комплексинин жаңылыктары

Эстафета

№17- Ю.А.Гагарин атындагы окуу тарбиялоо мектеп комплекс гимназиясында 20-февралда 23- февраль ата мекенди коргоо күнүнө карата атайын машыгуу жарайанына байланышкан эстафета болуп өттү. Бул эстафетага 11-а,б,в,  10- класстарынын окуучулары күч сынап таймашышты. Натыйжада 11-в класс биринчи орунду 11- а класс экинчи орунду ал эми 10- а класс үчүнчү орунду алышты. Таймашта гантель көтөрүү, туура марш тебүү, противагаз менен жүгүрүү жана башка таймаштар болду. Сынакты Ош ТВ каналы тартып жатты. Бул программага аскер кызматкерлери полковниктер калыс болуп беришти...

Далее

Бегалы- жылдын мырзасы

Ош шаарындагы  № 11 В.В. Терешкова атындагы жатак мектебинде «Терешкова  мырзалары-2014» сынагы болуп өттү. Сынакка беш класстын  окуучулары катышты. Сынактын жобосу боюнча  сынак атайын даярдалган  сценарийден туруп, саламдашуу, өнөрүң болсо өргө чап, улуттардын бийлери, жеке номерде  ата-энеге, ата журтка арналган патриоттук ырлар, суроо, жооп жана жыйынтыктоо бөлүктөрүнөн турду.

Натыйжада биричи орунга 8-А класстын окуучусу Бегалы Абдисатаров  татыктуу болуп, «2014-жылдын  М...

Далее

Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясы

             Араздашууга жол бербейбиз

Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов атындагы  мектеп гимназиясында  ынтымак, достук маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп келүүдө. Мисалы жакында эле мектептин  тарбия завучу Калыс Акматова жана шаардагы  №2 Карл Маркс атындагы мектебинин соц. педагогу Эркайым Козуева Бишкек шаарында коомдук саясий институттун  алдында уюштурулган «Окуу жайларында  араздашууларды конструктивдүү чечүү»  деген аталыштагы  тренигге катышышып,  сертификат жана баалуу сыйлыктар менен кайтышты. Алар келгенден кийин  тренингде өтүлгөн театика боюнча  кесиптештерине айтып беришип, азыркы мезгилде окуучулар арасында достукту, ынтымакты чыңдоо боюнча көп тармактуу  иштер жүргүзүлүүдө...

Далее

Сармерден сынагы

VLUU L100, M100  / Samsung L100, M100

Ош шаарындагы №11 В. В.Терешкова атындагы жатак мектебинде «Сармерден»  сынагы өткөрүлдү. Сармерден-  кыргыз элиде илгертен айтылып келаткан салттуу таймаш.  Илгери дискотека жана клуб  деген  болгон эмес. Ошондуктан аларда «Сармерден»  айтышып, көңүл ачып, ырдап-бийлеп, өнөрлөрү менен таймашышкан. Ата-бабалардын салтын улап  бизди мектепте «Сармерден»   таймашы 7-8-9-класстар   арасында өткөрүлдү.  Аталган класстардын окуучулары  мыкты даярдыктар менен келишип, ырдап, бийлеп, макал-лакаптарды айтышып, ар бири өз классынын  аброю үчүн күрөшүштү. «Сармерден»  таймашы биздин мектепт е мындан ары дагы улантылмакчы...

Далее

Мыкты окуучулардын сүрөттөрү Ош шаарынын мерчемдүү жайларына илинип турат

IMG_3716

Ош  шаарынын борбордук көчөлөрүндө  шаардагы мектептердин  мыкты 58 окуучусунун сүрөттөрү илинди.  Ош шаардык билим берүү башкармасынын  адиси  Дилбар Самидинованын билдиргенине караганда шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси  менен шаардагы улуттук драма театрынын, Семетей кинотеатрынын, Сулайман Тоонун  жана  «Сымбат»  акционердик коомунун жанына  мектептерде мыкты окуган окуучулардын жана  шаардык олимпиадада жеңишке ээ болгон 9-класстын окуучуларынын сүрөттөрү бажырайып илинип турат. Максат- мыкты  окуучуларга стимул берүү, дагы жакшы окуганга көмөк  берүү,-деди ал...

Далее