Category Сынактар

П.Ж.Нышанов атындагы гимназия мектебинен жанылыктар

     Корол и королева

   Жаз сынагы

Ош шаарындагы №50.П.Ж.Нышанов атындагы  мектеп-гимназиясында 8-9-класстар арасында «Король жана Королева» атуу сынак  болуп өттү. Сынакта  ыр-бий жана окуучулардын чыгармачылык иштери көрсөтүлүп, ошондой эле суроо жооп иретинде болду. Бул сынакка 9-альфа классы жалпысынан активдүү катышкандыгы үчүн 1-орунду ээлеп, сынактын  Королу 9-альфа классынын окуучусу Салимов Зайырбек жана королевасы  Токторова Нуриза болуп, диплом жана баалуу  сыйлыктарга ээ болушту. Бул жеңишке жетишүүгө  жардамын көрсөткөн  класс жетекчиси Орозоева Айжан Дыйкановнанын салымы чоң...

Далее

“Керме-Тоо” мектеби 3-орунда

Фото2370

Сорос фонду жана ФБОИ тарабынан 3 жылдан бери ар түрдүү семинарлар уюштурулуп келе жатат. Семинарлардын  жыйнтыгында катышуучулар үчүн социалдык проблеманы козгогон 5 минуталык видео сюжет тартуу сынагы  жарыяланган. Түштүк аймагы боюнча сынакка катышкан бардык мектептер боюнча   жыйынтык 16- 17- январда “Ош нуру” мейманканасында жарыяланды. Ал жерде жеңүүчүлөр  аныкталып, мыктылар баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.  Жеңүүчүлөрдүн катарында Керме-Тоо  мектеби да 3чү даражадагы диплом менен сыйланып, журналисттин эң жакшы иши, 1- даражадагы мыкты оператор диплому  ыйгарылып,   социалдык көйгөйдү эң жакшы бере алгандыгы  белгиленди.  Керме-Тоо мектебине  “6 жаштагы жаш жеткинчектердин көйгөйү”,- деген темадагы 3 минуттук видео сюжетти  февраль айына чейин  тартуу тапшырмасы берилди...

Далее

Терешкова биринчи

IMG_3218

                                                                                                 IMG_3219

                                                                                                IMG_3223

                                                                                                    IMG_3224

Ош шаарындагы Таш Мияшев атындагы китепканасында  залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата  шаардагы үч мектептин окуучулары катышкан  сынак болуп өттү.  Сынакка  №17 Ю.Гагарин атындагы, №16 Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы жана №11 В.Терешкова атындагы мектептердин окуучулары    ат салышты...

Далее

Сыйлыгыңыздар кут болсун!

Адина Каримова

Адина Каримова

Нурилло Абдурашид уулу

Нурилло Абдурашид уулу

Ош шаарында өткөн мектеп окуучуларынын Ч.Айтматовдун  чыгармаларына арналган «Ааламдын Айтматову» дил баяндар сынагында  «Данек» гезитинин кабарчылары, №31 Курманжан Датка атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Адина Каримова,  №23 И.В.Панфилов атындагы гимназия мектебинин 10-классынын окуучусу Нурилло Абдурашид  уулу жеңишке жетишишип,  Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын Ардак  Грамотасы жана баалуу белектер менен сыйланышты...

Далее

Электр энергиясын үнөмдөө боюнча Эл аралык конференция

№52 мектептин президенти, 10-А класстын мыкты окуучусу Кыялбек Исламов

№52 мектептин президенти, 10-А класстын мыкты окуучусу

Таймаш катуу болду

Таймаш катуу болду

таймашта сыналгандар

таймашта сыналгандар

калыстар тобу катуу сынашты

калыстар тобу катуу сынашты

конференциянын катышуучулары менен

конференциянын катышуучулары менен

кубанычтары  коюндарына батпай

кубанычтары коюндарына батпай

Сыйлыкка келген китептер

Сыйлыкка келген китептер
Балдар тарткан сүрөттөр

Балдар тарткан сүрөттөр

 Сүрөт сүйлөйт

Сүрөт сүйлөйт

Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы талантуу балдар мектебинде 12-ноябрь күнү  электр энергиясын үнөмдөөчү курулуштар боюнча эл аралык конференция болуп өттү...

Далее

Ошто Манасчы окуучулар таймашты

фото манас 2

фото манас 3Жакында Ош шаарындагы №17 гимназия мектеп комплексинде  «Манас» программасынын алкагында  шаардагы кыргыз тилдүү мектептердин  окуучулары  арасында  сынак болуп өттү.  Сынакта  окуучулар кылымдарды карытып,  улуттук руханий баалуулуктардын бири болуп келген «Манас» эпосунан  үзүндү айтышып, өздөрүнүн шык, таланттарын  көрсөтүштү.  Сынакка 20 мектептен 25 окуучу катышты.  Сынак үч  турдан туруп, биринчи турда «Манас»  эпосунан, экинчи турда  «Семетей»  эпосунан  үзүндү айтышса, үчүнчү турда  кайсы билет түшсө  ошол билет боюнча үзүндүлөрдү айтышып, сынакта өз күчтөрүн сынашты.

Далее

«Тамашоу» таймашында мыкты командалар тандалды

IMG_2882

IMG_2884

IMG_2877

IMG_2880

Ош  шаарындагы Ак-Тилек  кичи районундагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» аттуу таланттуу балдар мектебинде  жакында «Тамашоу» сынагы болуп өттү.

Далее

№52 орто мектебиндеги Тамашоу сынагы


Ош шаарындагы №52 Ак-Тилек орто мектебиндеги класстар арасында Тамашоу сынагы болуп өттү.

Далее

Мектеп окуучулары «FLEX» программасынын алкагында АКШга кайрадан бекер бара алышат

АКШга бекер барып бир жыл америкалык курдаштар менен окугуң келеби? Мындай мүмкүнчүлүктү «FLEX» программасы берет. Ал кезектеги катышуучуларды аныктай баштады.

«FLEX» программасы орто мектептердин окуучуларына АКШнын жалпы билим берүү мектептеринде бир  жыл бою билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул программа аркылуу АКШнын Конгресси өз жардамын КМШ (СНГ) өлкөлөрүнүн бардыгына сунуш кылат, алардын арасында: Азербайжан, Армения, Беларус, Грузия, Казахстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикистан, Түркменистан, Украина жана Өзбекистан мамлекеттери бар...

Далее

Бала менен акылман

Бир күнү  акылман арабага түшүп келе жатыптыр. Ал арабасын токтото калып эңкейип караса, жолдо кичинекей бала шаар жасап ойноп жатат. Акылман: -Балам, арабага жол бербейсиңби?-деди. Бала  акылмандын баш-аягына карап туруп:-Чоң ата, мен шаар салып жатпаймынбы. Шаар арабага жол бербейт. Араба шаарды айланып ѳтүшү керек го,-дейт. Акылман абдан таң калат.

Далее

«Шамдагай жигит, шайыр кыз»

12 –апрель күнү  П.Ж. Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынын 9-класстарынын арасында «Шамдагай жигит, шайыр кыз» деген аталышта  сынак болуп ѳттү. Бул сынакта 6 команда ат салышып, биринен –бири калбай ырдап, күлүп суроолорго жооп берип жатышты. Жыйынтыкка келгенде эң алдыга озуп чыккан 9-α  классы биринчиликти алды.

                                                                             Каныкей Жеңишбек

 Нышанов атындагы № 50 мектеп-гимназ...

Далее

«Мектеп периси-2013»

Ош шаарында  «Мектеп периси -2013» сынагы  май айынын башында ѳткѳрүлмѳкчү.  Сынак Ош шаардык мэриясынын алдындагы жаштар комитети  тарабынан  даярдалууда.  Аталган комитеттин кызматкери Медербек Абдыманаповдун билдирүүсүнѳ караганда  азыркы мезгилде бул сынакка  Ош шаарындагы 10 мектептин  чүрѳктѳй сулуу, таланттуу, акылдуу жана билимдүү  кыздары ат салышууга даярданышууда. Сынактын катышуучулары   4 шарт  менен мелдешишет.  Калыстар тобу  кыздардын саламдашуусуна, кечки стилине, акыл карачач –бѳлүмүндѳ суроолорго тапкычтык менен жооп берүүсүнѳ, талантына жана  ашканадагы чеберчилигине кѳңүл бурушмакчы. (Бул жерде кыздардын 1 минута ичинде  картошка аарчышына  кѳңүл бурулат)...

Далее

Жол эрежеси боюнча сынактын жеңүүчүлѳрү

Далее

Мыкты жомокторго сынак

«Данек» гезити окуучулар арасында мыкты жомокко сынак жарыялайт. Сынактын жыйынтыгы май айынын акырында чыгарылат.

Сурап-билүү үчүн телефон: 03222 2-49-04

Далее

Ош шаарындагы чыгармачыл окуучулардын сынагында 5 жеңүүчү аныкталды

Ош шаарындагы чыгармачыл окуучулардын сынагы жыйынтыкталып, калыстар 5 жеңүүчүнү аныкташты. Сынак быйыл жарыяланган Эмгекчилердин жылына карата шаардагы мектептердин 9-11 класстардын окуучуларынын арасында өткөрүлгөн.

Далее

Ош шаарында «Мисс Ош – 2013» сынагы өткөрүлдү

«Мисс-Ош-2013»  сынагында  13 кыз  таймашты.  Таймаштын  5 шартын аткаруу үчүн кыздар абдан аракеттеништи.   Адегенде кыздар ѳздѳрүн –ѳздѳрү тааныштырышты, андан соң  улуттук кийимдерди,  үлпөт көйнөктѳрүн кийип чыгышты. Эң кызыктуусу алардын суроо-жооп боюнча таймашышы  болду.

Далее

СПИД жѳнүндѳ кичинекейлерге туура түшүндүрсѳк

Ар жылы «1-декабрь СПИД менен күрөшүү күнүнө карата биздин мектепте сынак ѳткѳрүлѳт. Быйылкы жылы дагы СПИД, анын алдын алуу максатында сынак уюштурулуп, класстар арасында командалар таймашты. Сынакка 8-11-класстардын окуучулары катышышты. Сынактын максаты СПИД оорусу жѳнүндѳ түшүнүк берүу жана анын алдын алуу болчу.  Бардык класстардын окуучулары сынакка даярдалган программа боюнча даярданышыптыр. Программада саламдашуу, инцинировка, суроо-жооп бар эле.   

Далее

Сыйлык – сыймык

Ош шаарында дүйнѳлүк руханий бийиктиктин  чокусу, улуттун  сыймыгы, улуу  жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнѳ карата  Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган «Ч.Айтматовдун чыгармалары окуучулардын жан дүйнѳсүндѳ» аттуу кароо-сынактын жыйынтыгы чыгарылды.Сынак 4-декабрда №42 Керме-Тоо орто мектебинде болуп, шаардагы кыргыз тилдүү бардык мектептердин окуучулары катышты.Окуучулар мыкты даярдыктарын, актердук чеберчиликтерин кѳрсѳтѳ алышты.

Далее