Воскресенье марта 17th, 2013,
Posted in КЫРГЫЗЧА, Маселе бар, Мектептин жашоосу
Кыз бала эч нерсеге тендешкис гүл дешет акындарыбыз. Аларды айга, күнгѳ, гүлгѳ теңешет. Андыктан алардын мээримин, назиктигин, камкордугун, сулуулугун каалагандай мактасак да, ыр менен тѳгүп, укмуш кооз сѳздѳрдү арнасак да жарашат. Бирок болочоктогу эне, сүйүктүү жар боло турган айрым кыздарыбыздын кейиштүү кылык-жоруктарынан уялган учурларың да болот. Арийне беш кол тең эмес, арасында сѳз менен сүрѳттѳп айтып бералгыс сулуусу, акылдуусу, зиреги, сѳз жеткис жакшысы да бар, ошого улай эле ата-энесин укпай, улууларды сыйлабай, бешиктен бели чыга электе арак ичип, ооздорунан жаман сѳз чыгып, жада калса баңги заттарды колдонгондор да жок эмес. Бүгүнкү күндѳгү жаш кыздардын кызыккан нерселери мода, жигиттер, достор, интернет, ар кандай вечеринкалар (отуруштар) болуп жатканы маалым.
Далее
Комментарии