А.Ильяз уулу tagged posts

Уйку

уйку

Уйку бул— организмдин мезгил-мезгили менен болуп туруучу физиологиялык абалы; ал физиологиялык процесстердин басаңдашы, чөйрөнү н таасирине реакциянын төмөндөшү  менен мү нөздөлөт.  Мында организмдин ишке жөндөмү , айрыкча борбордук нерв системасы калыбына келет. Уйку маалында жогорку нерв системасынын иши басаңдап, булчуңдар бошоңдойт, зат алмашуу төмөндөйт, жү рөктүн иштеши,  дем алуу сейректейт, кан басымы төмөндөйт. Уйкунун мезгилдүүлүгү  организмдин тиричилигинин суткалык биологиялык ритми менен байланыштуу.  Демек мээ менен кошо бардык ички органдар да «эс алат».  Уйку мээ кыртышындагы тормоздолуу процесстеринин пайда болушуна байланыштуу. Организм сергек кезинде нерв клеткаларында белгилү ү  заттардын сарпталышына карата өзгөрү үлөр болуп турат...

Далее

Курманжан Даткада аймактык олимпиада

imagesОш шаарындагы №31 Курманжан Датка  атындагы орто мектебинде  22-декабрь күнү  шаардын Жапалак аймагында  жайгашкан мектептердин окуучулары катышкан  аймактык олимпиада болуп өттү. Олимпиадада шаарыбыздагы №18, №52 жана Алмалык аймагында жайгашкан №25  мектептин алдыңкы окуучулары ат салышты. Олимпиадага эртең мененки жааган карга карабастан өз билимин сыноого койгон окуучулар, аларга  күйөрмандык кылган мугалимдер тынымсыз агылып келип жатышты...

Далее

Жаңы жыл босогодо, даярдыктар кандай?

                                                                                                0012-012-Vozle-elki-Vozle-elki-v-Novyj-god-Vodim-vodim-khorovod

Жаңы жыл майрамы   башка майрамдардан өзүнүн өзгөчө белгилери менен айырмаланат эмеспи...

Далее

Чынгыз Айтматовго арналган акыл ордо таймашы

Adilet-Ilyaz-uulu-224x300

Атактуу сүрөткер,  кыргыз эл баатыры, залкар жазуучу  Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата өлкөбүздө жарыяланган 1 айлыктын негизинде Ордолуу Ош шаарыбыздын орто билим беүү жайларында бир топ маданий-массалык интеллектуалдык иш чаралар өткөрүлдү. Алардын бири “Айтматов ордосу” деп аталган интеллектуалдык акыл ордо таймашы боду.Таймаш негизинен Айтматовдун чыгармалары аркылуу окуучуларды табиятты сүйүүгө, жаратылышты коргоого чакыруу максатын көздөйт.Таймашка шаарыбыздагы №31 Курманжан датка мектебинин “Ак илбирс”тобу жана №48 мектептин “Ак кеме”тобу катышты.Таймаш №14 Алтыбаев мектебинде өткөрүлдү...

Далее

«Репрессия» кыргыз интелегенциясына балта чапкан

Адилет Ильяз уулу

1937-жыл кыргыз илтелегенциясы кыйраган жыл, бүтүндөй кыргыз элинин келечегине  балта чабылган мезгил. Кыргыз элинин келечеги  үчүн жан үрөгөн кыраандар «эл душманы» деген жалаа менен «улутчул» деп айыпталып, канчалаган мыкты инсандар атылып кеткен. Кыргызстандын эгемен өлкө болушуна чоң салымын кошкон чыгаан уулдары, эл келечеги үчүн  жан аябаган калк каймактары каргыш баскан репрессиядан оо дүйнөгө мезгилсиз сапар алышкан. Эл -жерди алга сүрөй турган, интелегенттер Сталиндик репрессиянын айынан бул ааламдын асманынан жылт этип өчкөн жылдыздай, канкор бийликтин кан жыттанган мылтыгынан окко учушкан. Алар кыргыз мамлекеттүүлүгү   үчүн өз өмүрүн  тобокелдике салган, кайталангыс инсандар эле...

Далее

Окутуунун жаңы ыкмаларын пайдалануу мезгилдин талабы

Бактыгул

Окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы орто билим берүү  жайларында жаңы «Старттык эксперимент» усулу менен окутуу жайылтылууда.Бул жаңы ыкманын  өзгөчөлүктөрү жөнүндө  кененирээк маалымат алуу максатында  №31 Курманжан Датка орто мектебинин биология мугалими, «Эл агарттуунун мыктысы» Аттокур кызы Бактыгүл эжейди сөзгө тарттык.

– Эжей, ушул «Старттык эксперимент» ыкмасы жөнүндө кененирээк айтып кетсеңиз?

-Бул ыкма Германияда иштелип чыккан  SEA усулу деп аталат. Азыркы учурда өлкөбүздүн  баардык аймактарында бул ыкманы жайылтуу иштери жүрүп жатат. Бул ыкма иштелип чыкканда ар аймактан тандалган мугалимдер  үчүн  атайын окутуу  курстары ачылган. Азыркы учурда өлкөнүн  бардык облус, шаарларында бул ыкма окутулуп,  жакшы жыйынтык көрсөтүүдө.

Далее

Жоголосуң эне тилди жоготсоң

Өмүр жалган, жалган залкар дүнүйөң,

Кылым жанган, жалган жашооң түбүнөн,

Жалган -эгер мүдүрүлсө кызыл тил,

Кан -жан менен бүткөн  эне тилинен.

Жапыз болуп калаар анда намысың,

Ойлобосоң өз тилиңдин бактысын,

Жоготосуң эне тилди жоготсоң,

Эртеңиңди,келечектин ачкычын.

Карек көрбөй  жыргалды да,  бакытты,

Калаар жүрөк  сезбей чынды, ачыкты,

Унуткарып койсоң эне тилинди,

Сыйлабасаң улуу  көөнө  тарыхты.

Кээси айтат,  уялам дейт сүйлөштөн,...

Далее

Тилибиздин эртеңкиси ойлонтот

Кыргыз туруп кыргыз боло албаган,

Кийиз жүрөк “киргиздерге” таң калам!

Эне тили гүлдөп жаткан,

эне тилде сүйлөп жаткан,

коңшулардан арданам!       (Эсенгул Ибраев)

 Бул ыр саптары акындын каңырыгын түтөтүп, өзөгүн өрттөп, жүлүнүн куйкалап, жүрөктүн  тереңинен жанар тоодой атырылып, эне тил үчүн  жаралган чыгаар. Жогорудагы  керемет ыр саптары акын, мыкты калемгер, Эсенгул Ибраевге таандык. Бул акын эне тилин чанган тилазарларга, өз элин саткан саткындарга, эки жүздүү, адам келбетиндеги айбандарга зээни кейип, өздөн  чыккан душмандарга  бир үзүм тарбия болоор деп, жаратса керек бул чыгарманы. Ооба! Чынында тарыхы тереңге кеткен эне тилибиз бүгүн өтө  кейиштүү абалда турат. Кезинде “Манастай” эпосторду,”Куманбектей”  даңкан жарган дастандарды жараткан көрөңгөлүү  кыргыз тилинин жоголуп бара жатышына ким күнөөлүү?  Заманбы?  Же өзүнүн тарыхын унутуп бара жаткан, маңкурт сымал өз элине душман, өз тилине кайдыгер караган кайран кыргыз элиби? Балким ааламдашуу доорунун терс толкундарыдыр.                  

Далее

Аалам ойчулу-Пифагор

Ош шаарында жарыяланган  1 айлык “МИФ” усулдук бирикмесинин декадасынын негизинде №31 Курманжан Датка атындагы орто мектебинде  математикалык жана физикалык бир катар коомдук маданий иш чаралар ѳткѳрүлдү Алардын  бири- философ, атактуу математик Пифагордун чыгармачылыгына арналган “Пифагор улуу ойчул жана математик” деп аталган  математика кечеси болуп ѳттү. Кечеге шаардагы башка  мектептерден келген бир топ мугалимдер мейман  болушту. Кеченин жүрүшүндѳ түрдүү оюн- зооктор кѳрсѳтүлүп, окуучулардын ой жүгүртүүсүн  баалоочу кызыктуу жарыштар орун алып, жеңүүчүлѳргѳ балуу сыйлыктар тапшырылды жана  да кече түрдүү ыр бийлер менен катар эле спектакл  менен коштолду.

Далее

Атактуу хирург Иса Ахунбаевдин балалыгы

Кѳрүнгѳн  байдын малын багып, эртели кеч кѳл жээгинде балалыгын ѳткѳргѳн   Исанын наристе дүйнѳсүнѳ чагылгандын отундай жарк эткен бир окуя катуу таасир этет. Оо дүйнѳгѳ узаган ооруулу аялдын аянычтуу жүзү, жан чыдатпаган ыйы кѳкүрѳгүндѳ калат. Эмне үчүн адам ооруйт? Эмне үчүн ооруган адам азап тартат,- деп апасын жоктогон балдардын ыйына, чоңдордун кошогуна кѳчѳт сезими эбегейсиз сыздайт. Ошондо жан дүйнѳсүнѳ тилек бүчүр жарат. Балким ошол ууз кыял,  кѳксѳгѳн арман-тилек  кыргыз медицинасынын жылдызы, санжыралуу хирургдун жаралышына     түрткү  берсе керек. Үркүндѳгү кан  жыттанган кыйын күндѳр баланы андан бетер чыйралтып,  максатына   умтулуусуна түрткү берет...

Далее

Атактуу хирург Иса Ахунбаевдин балалыгы

Кѳрүнгѳн  байдын малын багып, эртели кеч кѳл жээгинде балалыгын ѳткѳргѳн   Исанын наристе дүйнѳсүнѳ чагылгандын отундай жарк эткен бир окуя катуу таасир этет. Оо дүйнѳгѳ узаган ооруулу аялдын аянычтуу жүзү, жан чыдатпаган ыйы кѳкүрѳгүндѳ калат. Эмне үчүн адам ооруйт? Эмне үчүн ооруган адам азап тартат,- деп апасын жоктогон балдардын ыйына, чоңдордун кошогуна кѳчѳт сезими эбегейсиз сыздайт. Ошондо жан дүйнѳсүнѳ тилек бүчүр жарат.

Далее

Менин сүйүктүү мугалимим

Мугалим –ѳнѳр ээси үлгү берээр,

Мугалим эрктүү адам баарын жеңээр.

Шакиртин кыйын таптап ѳзүнѳн да,

Адамдык сапаты артык, жоомарт, чебер.

 Чындыгында мугалим ѳтѳ улуу адам, чексиз мактоолорго татыктуу   биринчи тарбиячы, залкар устат, тарбиянын дыйканы.

Далее

«Энелердин көз жашы»

Ош шаарында жаңы курулган эселиктердин дагы бири – 2010-жылдагы июнь окуясында курман болгондордун, дайынсыз жоголгон атуулдардын элесине арналган «Энелердин кѳз жашы»  монументалдык  композициясы шаардык мэриянын оң капталына орнотулган. Анда кандуу окуянын кесепетинен кѳз жаштары тѳгүлгѳн эки улуттун энелери баштарын бири-бирине жѳлѳѳ менен экѳѳнүн кайгы-кубанычы, жүрѳгү, тѳккѳн  жашы да  бир экенин кѳрсѳтүп турат.

Далее

Шаар тазалыгы кимге керек?

                                                                                                    

Ош шаары күндѳн-күнгѳ жашарып, кооз шаарга айланууда. Шаардын мерчемдүү жерлерине эстеликтер курулуп, эс алуу бактары ирээтке келтирилип, кѳчѳлѳр оңдолуп, түстүү оргумалар курулуп, түнкү жарыктар жаркырап, бүгүнкү күндѳ шаар кулпунуп турган мезгили. Бирок шаарыбызда кѳйгѳй жок, телегейи тегиз деп айтуудан алысмын. Кѳйгѳй  кѳп, бирок баарыбыз кааласак чечиле турган кѳйгѳйлѳр. Ошол кѳйгѳйлѳрдүн эң орчундуусу-тазалык.

Далее

Чыңгызды эскерүү

Адам уккан атагыңыз кѳѳнѳрбѳс,
Жазганыңыз, ѳмүрүңүз улуу кѳч.
Сиздей инсан, сиздей залкар калемгер,
Бул жарыкка миң жылда бир тѳрѳлбѳс.

Жаралып бул жарыкка  калем менен,
Жаралып кѳѳнѳрбѳс талант менен.
Дүйнѳгѳ аты чыкты кыргызымдын,
«Кыргызстан» кѳрккѳ келип Чыңгыз менен.

Далее