А.Маматалы уулу tagged posts

Ош шаарынын мектептеринде Алиппе майрамы өттү

IMG_0664

Ош шаарынын мектептеринде жакында 1-класстын окуучулары үчүн Алиппе майрамы өткөрүлдү. Ар бир окуучу бул күндү эч качан унутпаса керек. Мектеп босогосун аттаган бала үчүн Алиппе күнү кубанычтуу майрам да, ошондой эле бир жылдын ичинде алган билиминди сындан өткөрө турган жоопкерчиликтүү да күн. Бул Алиппе күнү биздин «Олимп» мектеп-гимназиясында да өтө шаң менен майрамдалды. Ага 1-класстын окуучулары, ата-энелер, мугалимдер катышышты. Быйылкы жаңы окуу жылында мектеп босогосун атташып, билим алууну Алиппеден башташкан бөбөктөр бир жылдын ичинде алган билимдерин көрсөтө алышты. Алар ырларды көркөм айтышып, ар кандай оюндарга катышышты жана өз өнөрлөрүн тартуулашты...

Далее

Нооруз-көктөм майрамы (Фото баян)

IMG_3800

IMG_3805

IMG_3813

IMG_3815

IMG_3821

IMG_3823

IMG_3826

IMG_3827

IMG_3838

IMG_3843

Ат оюндары

Жаз келди, Нооруз келди!

Ош шаарынын борбордук аянтында 21-март күнү Нооруз майрамына арналган  майрамдык салтанат болуп өттү. Борбордук аянт майрамга арналып жасалгаланган. Майрамга арналган салтанатты Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев  ачып, шаар тургундарын, меймандарды Нооруз майрамы менен куттуктап, шаардыктарга чың ден соолук, бакты, таалай, иштеринде ийгиликтерди каалады. «Нооруз-жаңылануунун жана ынтымактын майрамы. Жаңырган жыл жигердүү, эмгектин жылы болсун,  ар бир үйдө, мекенибизде тынчтык, ынтымак, береке болсун»,-деди. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу  өкүлү Сооронбай Жээнбеков  жаз менен келген жаңы жылда эл, жерибизге  жакшылыктарды, ийгиликтерди  каалай тургандыгын билдирди. Россия Федерациясынын  Оштогу консулу А.В...

Далее

Мыкты окуучулардын сүрөттөрү Ош шаарынын мерчемдүү жайларына илинип турат

IMG_3716

Ош  шаарынын борбордук көчөлөрүндө  шаардагы мектептердин  мыкты 58 окуучусунун сүрөттөрү илинди.  Ош шаардык билим берүү башкармасынын  адиси  Дилбар Самидинованын билдиргенине караганда шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси  менен шаардагы улуттук драма театрынын, Семетей кинотеатрынын, Сулайман Тоонун  жана  «Сымбат»  акционердик коомунун жанына  мектептерде мыкты окуган окуучулардын жана  шаардык олимпиадада жеңишке ээ болгон 9-класстын окуучуларынын сүрөттөрү бажырайып илинип турат. Максат- мыкты  окуучуларга стимул берүү, дагы жакшы окуганга көмөк  берүү,-деди ал...

Далее

Ч.Айтматовдун чыгармалары жана залкардын өмүрү жөнүндө көркөм тасмалар

                   1385366967_1338275336_aitmatov-2

Ош шаарындагы “Олимп” мектеп-гимназиясында жакында атактуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун “Кылым  карыткан бир күн” аттуу чыгармасы боюнча көркөм тасма көрсөтүлдү.

Бул көрсөтүүнү н алдында  окуучуларга мугалимдер Ч.Айтматовдун өмүрү жана  чыгармачылыгы  жөнүндө баяндап беришти. Жакында 12- декабрда бүт дүйнө  эли анын 85-жылдыгын белгилешти. Бул көркөм тасманы баарыбыз кызыгып көрдүк, анткени, ал жазуучунун эң атактуу чыгармасы боюнча тартылган. Фильмдин каарманы Эдигейдин турмушунда Ч.Айтматовдун башынан өткөргөн көп  окуялар  чагылдырылган дешти мугалимдерибиз...

Далее

Жаңы жыл майрамына пиротехниканы кантип тандоо керек?

iskusstvennie_elkiЖаны жыл майрамы салюттарсыз, фейерверктерсиз өтпөйт  эмеспи. Декабрь айынын башталышынан тартып эле базарларда пиротехниканын ар кагдай түрлөрү сатыла баштайт. Бирок, аны сатып алууда жана пайдаланууда коопсуздукту сактабай. жараат алгандар же өрт чыккан учурлар да аз эмес. Ошондуктан, адистердин кеңешин билип алганыбыз оң. Адистер салюттарды, фейерверктерди  сатууга атайын уруксаты бар фирмалардын точка түйүндөрүнөң сатып алууну сунуштайт. Аны алаардан мурун сырткы оролгон кагазынын бүтүндүгүн текшериш керек. Эгерде кагазы айрылып, же ушаланып калса демек анын сакталуу эрежелеринин бузулгандыгынан кабар берет...

Далее

Баткен жаңылыктары

Кызыл-Кыя шаарынын мыкты окуучулары олимпиадада жеңишке жетишишти

Баткен облусунун Кызыл-Кыя  шаардык билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Клара Каримованын билдирүүсүнө караганда Кызыл –Кыя шаарында    12  предмет боюнча мектеп окуучуларынын шаардык олимпиадасы  болуп өттү.  Олимпиадага 700 гө жакын мектеп окуучулары катышты.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 99 упайга татыктуу болуп,  №1 мектептин командасы биринчи орунду жеңип алды. Экинчи орунга  60 упайды ээлеп,  №2 мектептин окуучулары  жетишишти...

Далее

Жаңы жыл күнү коомдук транспорттор түнкү экиге чейин иштейт

 Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен иштөө кызматынын билдирүүсүнө караганда Ош шаарынын вице-мэри Ильяс Ражапов түштүк калаадагы бардык мекеме жана ишканалардын жетекчилери менен 2014-жаңы жылды тосуп алууга даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү.

 Ош шаарынын мэриясынын тапшырмасына ылайык, бардык мекеме-ишканалар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Мындан сырткары, майрам күндөрү электр жарыгы үзгүлтүксүз берилүүсү маалым болду...

Далее

Кара-Суу шаарында мектеп окуучуларынын волейбол боюнча турнири өттү

Ош облусунун Кара-Суу шаарында 7 декабрда мектеп окуучуларынын волейбол боюнча турнири өттү. Кара-Суу Шаардык мэриясынын маалыматына караганда, турнирге 19 мектеп командалары катышышып, алар төрткө бөлүнүп беттешишти.

Алгачкы оюндун жыйынтыгында жарым финалга «Жоош-1», «Кызыл-Суу», «Жоош-2» и «Мады»командалары чыгышты. Финалдык беттешүүдө «Жоош-1» командасы «Кызыл-Сууну” жеңип, адтын медалга ээ болду. Ал эми күмүш медалды  «Жоош-2».командасы утуп алды...

Далее

Азиядагы шаар мамлекет

18502_original_2

Сингапур республикасы-шаар мамлекет. Ал  Малазия менен Индонезиянын ортосунда Түштүк –Чыгыш Азиядагы  аралда жайгашкан. Республиканын территориясы Сингапурдун негизги  аралында жана дагы 62 чакан аралдарда, аралдардын  жээктеринде жайгашкан.

Сингапур Кытайдын  архивдик маалыматтарында III  кылымдардан тарта  жазылган. XIV кылымдарда  ал Темасек деп аталган жана  көп жылдар  маанилүү соода борбору болуп эсептелген, бирок  бир катар мезгилден кийин   начарлап  кеткен...

Далее

Куткаруучулар облустук семинарга катышты

Фото баян

IMG_4043_2

IMG_4052

IMG_4062

IMG_4063

2013-жылдын 10-декабры күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын “Куткаруу кызматынын” куткаруучулары Ош шаарынын Джим көчөсүндө жайгашкан №79 – “Чолпон” орто мектебинде Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана мектепке чейинки мекемелерде окуп жаткан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Агахан фонду өткөргөн балдарды  өзгөчө кырдаалга  даярдоо боюнча облустук семинарга катышышты. Семинарда КРнын ӨКМнин куткаруучулары жаш өспүрүмдөрдү мекенчил, патриот болууга үндөшүп, кырсыктардын алдын алууда жана кырсык учурунда, ошондой эле кырсыктардын кесепеттерин жоюуда өзүн алып жүрүү жана куткаруу аракеттерин үйрөтүштү...

Далее

Устачылык өнөр

Фоторепортаж

IMG_3002

IMG_2998

IMG_2985

IMG_2990

IMG_2992

IMG_3005

IMG_2994

IMG_2995

IMG_2984

Ош  облусунун Алай районундагы Кыркоол айылынын тургуну Абдилазиз Шопоков  көп  жылдардан бери жыгачтан  ар түрдүү  жаныбарларды  жонуп жасап келүүдө.  14 жылдан бери  уста тарабынан жасалган  айбанаттар абдан көп. Өтө чеберчилик менен жасалган жолборс, аюу, ажыдаар, жылаандар, арстан, бугу, бардыгы бар. Келечекте музей  ачсам деген  оюн да жашырган жок.

                                                                                 Азамат Маматалы уулу...

Далее

Америкада окугусу келгендер көп болду

Ош шаарында 26-27 октябрда мектеп окуучуларынын арасында америкалык FLEX программасы боюнча тандоо сынагынын 2 туру өткөрүлдү. Биринчи күнкү  тандоо сынагына шаардагы мектептердин миңге жакын  окуучулары катышышты. Мен дагы классташтарымдын дээрлик көпчүлүгү  менен бул сынакка катыштык.

Далее

Жаңы көчө пайдаланууга берилди

Монуев кочосу Бул  күнү Ош шаарында Монуев атындагы көчөнүн курулушу  бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.   Шаар мэри  көчөнүн ачылуу салтанатында бул көчөнү курууда кандай кыйынчылыктар болгонун, ошого карабастан жол курулуп бүткөрүлгөндүгүн жана шаардын борбордук көчөлөрүндө автоунаалардын тыгынын азайтуу максатында  жолдор дагы кеңейтилип курула тургандыгын белгиледи. Шаар тургундары шаар жетекчисине ыраазылыктарын билдиришти...

Далее

Түштүк борборунда шаар күнүндө эки кабат көпүрөнүн курулушу башталды

копурого капсула салууда

фото день города2

капсула салуудафото день города 11Ушул күнү  таң эртең менен шаардын мэри Мелисбек Мырзакматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир катар депутаттары, шаар коомчулугунун катышуусунда шаардын Навои көчөсүндөгү  борбордук базардын жанындагы эки кабат(эстакаттык)  көпүрөнүн курулушунун башталышынын салтанатында курулуштун алдына  капсула салынды. Шаар жетекчисинин айтымында  бул эки катар көпүрөнүн туурасы 20 метрди, узундугу 354  метрди, көпүрө менен  устун  коюлбаган жолдун курулушунун узундугу  биригип 710 метрди түзөт жана бул жолдон өткөн суу, канализация түтүктөрүнүн  бардыгы алмаштырыла тургандыгына токтолду. Курулуш 2015-жылы бүткөрүлүп пайдаланууга берлмекчи.

Далее

Түштүк борборунун күнү салтанат менен белгиленди

шаар куну 1

шаар куну 2

шаар куну Ош5-октябрь күнү Ош  шаарынын күнү  салтанат менен белгиленди. Шаардын борбордук аянты  кооздолуп, жасалгаланган.  Шаардын күнүнө арналган салтанатка  Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, Ош  шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  бир катар депутаттары катышып,  шаардыктарды майрамы менен куттукташып,  ордолуу Ош шаарынын  тургундарына ынтымак, биримдик жана  кут, береке каалашты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  Ош шаарынын тургударын куттуктоосун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев окуп берди.

Далее

“Олимпте” футбол боюнча мелдеш өттү

Ош шаарындагы  “Олимп” мектеп-гимназиясында быйылкы жылы биринчи жолу футбол  боюнча  мелдеш өттү.  Мелдеш  мектепте биринчи жолу дайындалган  спорт министри тарабынан уюштурулду. Таймашка 7-11 класстардын окуучуларынын командалары катышышты.

Далее

Мой первый опыт в журналистике

Работа в школьной газете Данек» стала моим первым опытом в журналистике. До этого у меня было представление о прессе и о работе журналистов, так как я вырос в семье журналиста. Но  когда я сам начал писать для газеты, познал  все трудности и творческое удовольствие данной профессии.

Далее

Почему все мальчики любят играть в футбол?

                                                                                                                    

А также почему у футбола болельщиков больше, чем у других видов спорта?  Почему мужчины почти всех возрастов с азартом смотрят футбольные матчи?

Футбол – это самый популярный вид спорта. Посмотри на любую страну, и ты не увидишь неиграющих ребят в футбол.

Далее

Мы со старшими коллегами провели субботник на аллее журналистов

                                                                                                                    

5 мая после долгих дождливых дней засияло солнце. С утра была ясная погода, везде зеленая трава и смытая дождем земля.

Как ранее договорились, корреспонденты нашей газеты «Данек» и  взрослые журналисты собрались на аллее журналистов возле Ошского кыргызского драматического театра. В честь Всемирного дня свободы печати здесь решили провести субботник.

Далее

Как мы читаем книгу?

                                                                                                                    

24 апреля мы отмечали Всемирный день книги. В этот день в Оше,  Бишкеке и в других городах и селах прошел Праздник книги «Китепстан». Я тоже с друзьями посетил выставку книг в Ошской областной библиотеке имени Т. Сатылганова. На выставке ознакомились с прекрасными и умными художественными, познавательными книгами на кыргызском, русском и английском языках.

Далее