А.Өзүбеков tagged posts

Жаштар комитети тууралуу билесизби?

Ош шаардык жаштар комитети  Ош шаардык  мэриясынын алдында түзүлгѳнүнѳ 2 жыл болду. Азыркы мезгилде жаштар комитетинде 22 адам  эмгектенүүдѳ.  Комитет негизинен 4 багытта  Ош шаарындагы 14-28 жашка чейинки жаштар менен иш алып барат. Биринчиси—мектеп окуучулары, экинчиси-Ош шаарындагы 12 аймактык кеңешинин жаштары. Үчүнчүсү-студенттер. Тѳртүнчүсү кѳчѳ жаштары. Эч жерде иштебеген, эч жерде окубаган, барар жери жок балдар менен иш алып барат. Бул боюнча 9 багыттык программасы бар. Жаштардын билими, жаштардын маданий эс алуусу, жаштардын саясий укуктук аң сезимин  жогорулатуу, жаштардын укугу, жумушсуздук, жаштарга билим берүү жана башка ушу сыяктуу түрдүү багыттар боюнча иш алып барат.

Далее