Б.Ысабек уулу tagged posts

Космонавт болгусу келген Ураимов Нурислам

 IMG_3853

Ю.А.Гагарин мектебинин 4-а классынын окуучусу Ураимов Нурислам быйыл шаардык олимпиадада Мекен таануу сабагынан  олимпиадага барып,  3- орунду багындырды.  1- класстан бери окуунун мыктысы болуп келе жатканын айтты. Мекен таануу жана математика сабактарына кызыгып. келечекте космонавт болгусу келет.Бош убактысында китеп окуйт таеквандо менен машыгат. Баткенде таеквандо боюнча мелдешке катышып биринчи орунду алган. Бишкеке да таеквандо боюнча мелдешке барып тилекке каршы орун албай калган бирок катышуусу анын чоң жетишкендиги экенин айтты.  Ю.А.Гагаринди  В.В.Терешкованы, С.Шариповду жана башка  көптөгөн  космонавттарды биле турганын, алардын эрдиктерине кызыга турганын белгиледи...

Далее

1-класстан бери мыкты окуган Акбермет

IMG_3855

Ю.А.Гагарин атындагы мектебинин 4-б классынын окуучусу Жумаалы кызы Акбермет болсо кыргыз тили жана адабияты сабагынан шаардык олимпиадада 3- орунду  ээледи. Акбермет  1-класстан бери  жалаң  5 деген бааларга  окуйт Ал да келечете банкир болгусу келээрин айтты. Математика,  кыргыз тили жана адабияты  сабактарына кызыгаарын жашырган жок. Ата энеме жардам берем, үйдө куурма жасаганды биллем, китепти көп окуйм, компютерди билем жана кызыгам, мага сабак берип жаткан баардык мугалимдерди жакшы көрөм,-деди Акбермет...

Далее

Олимпиадада жеңген Жазайым

IMG_3858

Олимпиадада  жеңген Жазайым №17-Ю.А.Гагарин  атындагы  мектебинин 4-а классынын окуучусу.  Замирбек кызы Жазайым быйыл математика сабагынан  олимпиадага катышып 2- орунду ээлеген. Сабакты жакшы окуйт.1-класстан бери окуунун мыктысы болуп окуп келе жатат,  кечекте банкир болгусу келгенин айтты. Бардык сабакка кызыгып, математика сабагына көөбүрөөк кызыгаарын белгилеп кетти. Келечектеги максаттарына жетишүү үчүн китепти көп окуй турганын,жана  инисин да тарбиялап, ата –энесине жардам берээрин да  айтты...

Далее

Фундамент башталгыч класста калыптанат

IMG_3860

Фундамент башталгыч класста калыптанат,-дейт №17 Ю.А.Гагарин атындагы окуу тарбиялык  комплекс гимназия мектебинин башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы Нышанова Шарапат. Биздин мектепте башталгыч класстарда 1-класстан 4-класска чейин  230 окуучу билим-тарбия алышат. Терең билим берүү үчүн балдарга билим берүүдө бизде көп эмгеги сиңген, бардык  сыноолордон өткөн, башка программалар менен иштеген эжекелерибиз сабак беришет. Анан  3-4 жылдан бери биз Германиянын   «Окутуунун активдүү формалары» деген  методу менен   билим берип келатабыз. Биздин бардык эжекелерибиз, мына өзүм баш болуп, ошол программаны окуп, үйрөнүп, анан балдарга билим берип келатабыз, Мунун  жакшы жагы  балдардын билимге умтулуусун  өнүктүрө турган программа болуп эсептелет...

Далее

Жаңы методикалар колдоого алынууда

Сүрөттө Айгүл Жунусова

Сүрөттө Айгүл Жунусова

Бизде мейманда №17 Юрий Алексеевич Гагарин атындагы  окуу-тарбиялоо комплекс мектеп –гимназиясынын  директору, билим берүүнүн мыктысы   Жунусова Айгүл Абдымажитовна.

-Айгүл Абдымажитовна айтсаңыз, билим берүүнүн  жаңы усулдары сиздердин мектепте ишке ашырылып атыптыр, мектебиңиздердин курамында балдар бакчасы бар экен, дагы кандай жаңылыктарыңыздар  бар?

-Биздин мектепте быйылкы 2013-2014-окуу жылында 779 окуучу  билим алууда  жана мектеп алдын...

Далее

№17- Ю.А.Гагарин атындагы окуу тарбиялоо мектеп комплексинин жаңылыктары

Эстафета

№17- Ю.А.Гагарин атындагы окуу тарбиялоо мектеп комплекс гимназиясында 20-февралда 23- февраль ата мекенди коргоо күнүнө карата атайын машыгуу жарайанына байланышкан эстафета болуп өттү. Бул эстафетага 11-а,б,в,  10- класстарынын окуучулары күч сынап таймашышты. Натыйжада 11-в класс биринчи орунду 11- а класс экинчи орунду ал эми 10- а класс үчүнчү орунду алышты. Таймашта гантель көтөрүү, туура марш тебүү, противагаз менен жүгүрүү жана башка таймаштар болду. Сынакты Ош ТВ каналы тартып жатты. Бул программага аскер кызматкерлери полковниктер калыс болуп беришти...

Далее

Елизавета II жөнүндө

280px-Elizabeth_II_greets_NASA_GSFC_employees,_May_8,_2007_edit[1]Елизавета II (толук аты Елизавета Александра Мария) Англия өлкөсүнүн башкаруучуларынан 40-монарх болуп саналат. Елизавета II  французча эркин сүйлөйт жана франциядан келген меймандар менен француз тилинде эркин сүйлөшөт. Ал монарх болгондон бери Кетерберийскдеги алты архиепископ алмашып, Улуу британияга он премьер министр, АКШ га он прездент шайланган. Британиянын азыркы премьер- министри Тони Блер королева бийлик кылып турганда төрөлгөн.(1953- жыл майда) Елизавета 1952-жылы 25 жашында атасы Георгий IY дүйнөдөн кайткандан бери Великобританиянын королевасы. Ушул жылдар ичинде  388 миң сыйлык тапшырып, 540 титул тапшыруу аземине катышкан. Ар бир аптанын шейшембисинде королева өлкөнүн премьер -министри Тони Блерди жеке кабыл алып,  андан өлкөдө болуп жаткан окуялар боюнча отчет алат...

Далее

Көптөгөн көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон түрктөрдүн “Даңазалуу доор” сериалы

                                                                                                 imgpreviewCAGJ27C3

                                                                                               imgpreviewCA85L524

                                                                                                 imgpreviewCAQIZYN9

Азыркы учурда КТРКда көрсөтүлүп жаткан “Даңазалуу доор” сериалы көпчүлүк элдин кызыгуусун жаратып, чоңдор да,  кичинелер да кызыгып көргөн сериалга айланды. Анда эмесе сериалдын тарыхына бир аз кайрыла кетсек...

Далее

Мыкты долбоорлор жаңы календарда

                                                                                               IMG_3352_2

“Мээрим” балдар билим борборунун куурчак театры ийриминин окуучулары эң мыкты 12 долбоор чыккан жаңы календарды күтүп жатышкан. Жаңы календарь”Сорос-Кыргызстан” фонду тарабынан даярдалган.Календарда андан башка мыкты долбоорлордун сүрөттөрү да түшүрүлгөн. “Мээрим” балдар билим борборунун куурчак театры ийрими тарабынан түзүлгөн долбоордун координатору Ысабек уулу Бекназардын долбоордун алкагында катышкан окуучулар менен түшкөн сүрөтү чагылдырылган. Бул долбоор жаштарга тарбиялык мааниси кенен жана мамлекетке пайдасы тийгендиктен улам календарга чыгууга мүмкүнчүлүк алды...

Далее

№48 орто мектептеги жанылыктар

IMG_3234

Ош шаарындагы №48 орто мектебинин директору Нускайым Сулайманованын билдирүүсүнө караганда аталган мектепте Ош шаардык билим берүү башкармасынын айлык иш планында көрсөтүлгөн тарбиялык иштер боюнча директорлордун орун басарларынын семинары болуп өттү.

Семинар «Кылмыштуулуктун алдын алуу» ,-деген темада өтүп, аталган мектептин 4 классында класстык сааттар өткөрүлдү. Мисалы 7-класста акыл ордо сабагы өтсө, 8-класста «Каргыш албай бата ал», 9-класста «Жашоодо максат кое бил», 4-класста «Менин үч бактым-элим, тилим, Мекеним» деген темада өттү...

Далее

Балдарды кубанткан куурчак театры

                                                                                         Бекназар-куурчактар 1

Ош шаарындагы “Мээрим” балдар билим борборунун куурчак театры ийриминин окуучулары    Курманжан Датка мектебине барып өз өнөрлөрүн көрсөтүп  келишти. Бул күн  16 мектепке куурчак театрын коюп келүү үчүн   ийримидин долбоорунун башталышы эле. Курманжан Датка мектебинин окуучулары куурчак театрынын окуучулары коюп берген сахналык көрүнүштөрдү  жана атайын ырларды абдан  жакшы кабыл алышты. Алар куурчактардын кыймылын көрүп аябай кубанышты. Концерт улуттук бий жана балдардын атайын ырдаган ырлары менен коштолду. Концерттик программага 1-2-3-4-класстын окуучулары  класс жетечилери менен катышышты...

Далее

Ю.Гагарин атындагы мектебинде

                                                                                               IMG_1835

Ош шаарындагы Ю.А.Гагарин атындагы окуу -тарбиялоо мектеп комплекс гимназиясында кирип келе жаткан жаңы 2014- жылга  мыкты даярдыктар көрүлүп жатат. Себеби мектеп директору Жунусова Айгүл   жаңы жылга даярдык көрүүнү 11-“А” класска, мектептин эң жогорку гимназия классына тапшырган. Азыр 11-“А” класста эң мыкты даярдыктар көрүлүүдө. Класстын окуучулары жаңы жылдык кеченин сценарийин башынан  акырына чейин өздөрү түзүп чыгышкан. Майрамдык кечеде жомок жана балдардын сүймөнчүктүү  мультфильмдеринин каармандары катышышат...

Далее

Чыңгыз Айтматовго арналган майрамдык кече

                                                                                          IMG_1835

11-декабрда №52- “Кыргыз -түрк достугу таланттуу балдар мектебинде” Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына   арналган адабий көргөзмө музыкалык кече болуп өттү. Кечеге шаардагы белгилүү мектептердин окуучулары жана мугалимдери катышты. Адабий кечеде көп мектептердин окуучулары тарабынан тартылган сүрөттөр  көргөзмөгө  коюлду. Адабий кечеде ар бир мектептин Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын катыштырып дилбаян жазган окуучуларына дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. Адабий кечеге  Ош шаардык билим берүү башкармасынын жооптуу кызматкери  Гүлмира Осекова катышты...

Далее

Өз мектебибиздин тазалыгы өз колубузда

4-Б класстын окуучулары

4-Б класстын окуучулары

IMG_3077

Ош шаарындагы  Киров атындагы мектебинин окуучулары ар жума сайын өз мектебинин тазалыгына  камкордук көрүшөт.  «Өзүбүз билим алган мектептин айланасын таза тутушубуз керек» дешет аталган мектептин окуучулары

                                                             Бекназар Исабек уулу

Далее

Хэллоуин майрамы болуп өттү

Хэл

                                           Хэллоуин 2 сурот

28-октябрда Ош шаарындагы  Ю.А.Гагарин атындагы окуу тарбиялоо мектеп- комплекс- гимназиясында Хэллоуин    майрамы болуп өттү. Бул майрам негизинен Америкада майрамдалат. Бул күнү адамдар жез кемпирдин же каракчынын же болбосо кандайдыр бир каардуу каармандын кийимин кийип алып бири-бирин коркутушат. Алар баалуу буюмдарды сурашат ошол кезде ар бир адам жанынан бир несе чыгарып бериш керек. Ашкабактын да ичин тазалап алып ага көз мурун ооз жасап ичине шамды күйгүзүп коюшат. Майрамдын жөрөлгөсү мына  ушундай. Ю.А.Гагарин мектебинин 11- “а”11-“б” класстарынын жана башка класстардын окуучулары да мына ушундай көрүнүштөрдү көрсөтүштү.

Далее

Ошто Манасчы окуучулар таймашты

фото манас 2

фото манас 3Жакында Ош шаарындагы №17 гимназия мектеп комплексинде  «Манас» программасынын алкагында  шаардагы кыргыз тилдүү мектептердин  окуучулары  арасында  сынак болуп өттү.  Сынакта  окуучулар кылымдарды карытып,  улуттук руханий баалуулуктардын бири болуп келген «Манас» эпосунан  үзүндү айтышып, өздөрүнүн шык, таланттарын  көрсөтүштү.  Сынакка 20 мектептен 25 окуучу катышты.  Сынак үч  турдан туруп, биринчи турда «Манас»  эпосунан, экинчи турда  «Семетей»  эпосунан  үзүндү айтышса, үчүнчү турда  кайсы билет түшсө  ошол билет боюнча үзүндүлөрдү айтышып, сынакта өз күчтөрүн сынашты.

Далее

“Келечекте” кол өнөрчүлүккө көңүл бөлүнгөн

Далее

“Келечекте” англис тили ийрими иштейт

Далее

Комуз ийрими

Далее

Бий ийриминен

Далее