Д.Бекибаева tagged posts

Кыз балага кеп-кеңеш

imgres

ОЛОБО  ЖАСАШТЫ БИЛЕБИЗБИ?

Кыргыздын  сыйлуу меймандарга койгон тамактарынын бири олобо.  Бирок аны бардыгы эле жасай алышпайт. Олобону даамдуу жасаш үчүн төмөндөгүлөрдү эске алуу зарыл:

  1. Кой сойгондо өпкөсүн бүтүн, эч жерине жаракат кетирбей, кекиртеги менен кошо алып, дароо муздак сууга салып, 15-20 минут   чылап коюу керек. Бул өпкөнүн үйлөгөндө жарылып кетпегидей болуп чыңалышына шарт түзөт.
  2. Андан соң кекиртек аркылуу өпкөгө суу куюп, чайкап, кайра төгүп отурасыз...
Далее

Муну билүү кызыктуу

Кар кишинин  алгачкы издери  кайсыл жерде табылган?

Кар киши сурот

Кар киши-бул легендарлуу, адам түспөлдүү –жер шарынын ар кайсы райондорунан кезиккен табышмактуу  жандык. Анын  аты абдан көп. Гималайда аны йети, Түндүк Кавказда аны-каптар, Азербайжанда –гулей –бани, а Монголияда –алмас, АКШда –бигфут, Канадада-сасквоч деп  аташат.

Далее

футбол абдан кызык оюн


№50 П.Ж. Нышанов атындагы мектептин 7-классынын окуучулары футбол алар үчүн абдан кызык оюн экенин белгилешти

Далее

Тамашоу сынагы балдарга абдан жакшы таасир калтырды

Тамашоу сынагы балдарга абдан жакшы таасир калтырды

Далее

№52 орто мектебиндеги Тамашоу сынагы


Ош шаарындагы №52 Ак-Тилек орто мектебиндеги класстар арасында Тамашоу сынагы болуп өттү.

Далее

Тамашоу сынагы

Далее

Американын символу кайда жайгашкан?

АКШда гана эмес дүйнѳ жүзүндѳгү  эң кѳрүнүктүү  скульптураны  Эркиндик статуясын- Нью-Йоркто жана АКШда АКШнын символу,   Эркиндиктин жана демократиянын символу деп аташат. Эркиндик статуясынын толук аталышы «Тынчтыкка жарык  чачуучу Эркиндик»   Нью-Йорк гаванындагы  Бедлоу  аралынан орун алган. Бул арал кийин Эркиндик аралы деп аталган. Бул статуя 1876-жылы АКШнын  кѳз карандысыздыгына  карата кабыл алынган Декларациянын   жүз жылдык мааракесине  карата Француз атуулдарынан белек катары  жасалган. Америка статуянын пьедесталын куруш керек болчу, ал эми Франция статуяны түзүп, коюп бериш керек болчу.

Далее

Акыркы коңгуроо күнү ресторанда банкет ѳткѳрүүгѳ тыюу салынды

Жакында окуу жылы аяктап, «Акыркы коңгуроо» кагылат. Быйылкы окуу жылынын аякташына байланыштуу жакында  Ош шаарындагы  54 мектептин директорлору жана ата-энелер комиттеттеринин ѳкүлдѳрү, укук коргоо органдарынын  ѳкүлдѳрү   катышкан жыйын болуп, ал жыйында  25-май, акыркы коңгуроону ѳткѳрүүнүн тартиби талкууланды . Быйылкы окуу жылында шаардын мектептерин 2 миңден ашык бүтүрүүчүлѳр аякташууда.

 

Далее

Улуу Жеңишке 68 жыл

Нургазиев Мухтар неберелери менен

«Биз дүйнѳгѳ аталардан кеч келип, тээ Батышта адам канын кечпедик…»

Кѳкүрѳгү орден менен медалга толгон бул инсан  биздин ардактуу агабыз, атабыз, согуштун жана эмгектин ардагери, кѳп жылдар бою жетекчилик кызматтарда иштеген  Мухтар Нургазиев  азыр 90дон ашты. Согушка 17 жашында чакырылып, жаштыгына карабай от күйгѳн согушка катышып,  Панфилов дивизиясында  да салгылашкан. Ата Мекенине согуш бүткѳндѳн кийин  1946-жылы  июнь айында кайткан. Согуш талаасында эки ирээт жараланган. Ата Мекендик согушта кѳрсѳткѳн эрдиктери үчүн ага  Ата Мекендик согуштун I-II даражадагы, Кызыл Жылдыз  ордендери, кѳптѳгѳн медалдары ыйгарылган...

Далее

Мектеп окуучуларынын камкордугу

  Улуу Ата Мекендик согуштун  68 жылдыгына карата Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жардам кѳрсѳтүү  боюнча мектептерде агитбригадалар түзүлүүдѳ. Мектеп окуучулары 20-апрелден баштап  ардагерлердин үйүнѳ барышып, аларга кандай жардам керек экендигин сурашып, үйлѳрүн, үйлѳрүнүн тегерегин жыйноого жардамдашышмакчы. Андан сырткары  мектеп жамааттары  ардагерлер үчүн  тамак-аш  топтошуп, жеткирип беришмекчи. Ош шаардык билим берүү башкармасынын жооптуу кызматкери Кутман Анарбаевдин билдирүүсүнѳ караганда  Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан  50  ардагер  камкордукка алынмакчы...

Далее

Боорсок

Боорсок – кыргыздын улуттук даамдарынын бири. Боорсок көбүнчө тойлордо, майрамдарда, аштарда бышырылат. Боорсоктун кеңири тараган түрү – чарчы боорсок. Каймак же майонез, кумшекер, сүт, ачыткы кошуп жумшагыраак кылып камыр жууруп, жылуу ороп 1-2 саатка тыныктырабыз. Жумшак жуурулуп, ачытылган камырдан чактап үзүп алып, жукартып жаят (калыңдыгы 0,5 сантиметрдей), узатасынан тилет (туурасы 3-4 сантиметрдей). Ар бир тилимди кыйгачынан чарчылап кесет, казандагы кайнап жаткан майга аз-аздан салып, депкир менен аралаштырып кызарта бышырат. Бышкан боорсокту сүзүп алып, майын сарыктырып, идишке салат. Тоборсутуш үчүн дасторкондун бетине бир азга жайып коёт.

Далее

Жаныбарлар дүйнѳсү

Гепард

Эң шамдагай жаныбар –гепард. Ал ааламдагы бардык жаныбарларды кубалап жете алат. Саатына жүз чакырымдан ашык чуркай алат. Африканын токойлорунда, Каспий жана Арал деңизинин жээктериде жашашат. Чындыгында алар кѳп санда эмес. Мамлекеттик корукка алынган.

 

Далее

Силер билесиңерби?

Coca-Cola

 Достор, биз баарыбыз  жакшы кѳрүп, ичип жүргѳн Coca-Cola дүйнѳдѳ эң белгилүү газдалган суусундук.  Кымбат жана алдыда болгон бренддердин бири болуп эсептелет, бирок ден соолукка эң зыяндуу ичимдик деп саналат. Эмне себептен? Ден соолукка кандай таасир этет? Эмнелерден жасалат? Эмне себептен кѳпчүлүк адамдар бул суусундукту ичишет?

Далее

Мультфильмдердин пайдасы жана зыяны

Мультфильмдер-ѳсүп келе жаткан баланы тарбиялоочу эң жеткиликтүү курал. Андагы ар бир окуя баланын психологиясына ѳзгѳчѳ таасир берет жана коомду ошол кѳргѳн фильмдер аркылуу кабыл алышат. Мультфильмдеги каармандар жеткинчекке ѳзүн алып жүрүүнүн ар тараптуу багыттарын кѳрсѳтѳт. Ошолор аркылуу жаман менен жакшыны, боорукердик менен ташбоордукту айырмалай алышат.  Бѳбѳк ѳзүн сүйүктүү каарманына окшотот да анын кыймылын, кылган ишин, кылыктарын аткара баштайт. Ошондой эле мультфильм баланын аң сезимине, ой жүгүртүүсүнѳ, дүйнѳ таанымына түздѳн-түз таасирин тийгизет.

Далее