Н.Байыш уулу tagged posts

Эмне үчүн түлкү түнкүсүн учуп калган?

 Үкүлөрдүн эмне үчүн түнкүсүн учуп калгандыгы жөнүндө ар кандай уламыштар бар. Ошолордун бирөө мындай экен. Албетте, бул окуя мьшдан көп кьлымдар мурда болгон. Күндөрдүн биринде ойдо-тоодо жашаган куштар өздөрүнүн курултайына жыйылышты. Анда өздөрү жашаган жерден башка чөбү, от, суусу мол жерди издеп табууну чечишти. Курултайда куштардын төрөсү  Бүркүт аларга кайрылып, минтип айтты:  Андай жерди табууга кимди жиберебиз? Кеңешке келгендер чурулдашты:  Учкул эмеспи, Ылаачын барсын! Сак эмеспи, Сагызган барсын!  Алп эмеспи, Таз Жору барсын! Бирок булар жараган жок. Акыры тырмактуу десе тырмактуу, тумшуктуу десе тумшуктуу, күчтүү десе күчтүү дешип, Үкүнү жибермек болушту. Үкүнү үч ай бою жакшылап багышты. Анан жолго салышты. Ал тоо-талааны кыдырып, ашуу бел ашып учуп отурду. Бир нече айдан кийин кайра келди. Аны тосуп чыккандарга:  «Жакшы жерди тапкан жокмун»,-  деп жооп берди.

Далее

36 окуучу республикалык олимпиадага катышмакчы

Ош шаардык билим берүү башкармасынын кызматкери Кутман Анарбаевдин билдирүүсүнѳ караганда  Ош шаарында  олимпиаданын  тѳртүнчү туру аяктап, анда биринчиликке чыккан  36 окуучу республикалык олимпиадага катышууга  мүмкүнчүлүк алышты. Олимпиада 4 тур менен ѳтүп, 10 предмет боюнча акыркы аймактык турга 162 окуучу катышышты.

Далее