Н.Мамасыдыков tagged posts

Келечекке кызмат кыла турган көпүрө

DSC_0443

DSC_0444-1

Көпүрөнүн проекти

Көпүрөнүн проекти

Ош шаарынын Навои көчөсүндө курулушу башталган  бул  көпүрө келечекте  Ош шаарындагы кооз курулуштардын бири болмокчу. Ош шаардык мэриясынын вице-мэри Рустам Мирзаматовдун билдирүүсүнө караганда  азыркы мезгилде  көпүрөнүн  алдындагы  коммуникациялык түтүкчөлөр алмаштырылууда. Түтүкчөлөр алмаштырылып бүтөөрү менен курулуш иштери башталмакчы. Курулушту тендерде Кытайлык  көпүрө куруу боюнча чоң тажрыйбасы бар   компания  утуп алды. Жаңы көпүрөнүн  курулушу  500 миллион сом менен бүткөрүлмөкчү. Азырынча курулуш жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражат жана  атайын эсепке которулган, шаар тургундарынын колдоосу менен түшкөн каражат менен башталууда. Көпүрөнүн курулушун Ош шаарынын тургундары колдошууда...

Далее

Ош шаарында Чынгыз Айтматовго айкел орнотулмакчы

Чынгыз Айтматов

«Улуттар биримдиги» жана «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясынын» депутаттары  Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бирин Чынгыз Айтматовдун атынан атоо демилгесин көтөрүп чыгышты.

  Депутаттар ошондой эле кыргыздын улуу жазуучусуна Ош шаарында эстелик орнотууну сунуш кылышты жана бул  маселени жакын аралыкта өтө турган  депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясында кароону сунушташты.

Быйыл 12-декабрда Чынгыз Айтматов 85 жашка чыкмак...

Далее

Мектептерди адис менен камсыз кылуу

2011-2012-окуу жылында шаардын мектептеринде 3112 педагог таалим тарбия берип жатышат. Шаардагы 15 мугалимге “Кыргыз республикасынын билим берүусүнѳ эмгек сиңирген мугалим“деген ардактуу наам берилген, 455 мугалим жана тарбиячы “Билим берүүнүн мыктысы наамына татыктуу болушкан. 2010-2011-окуу жылында шаардын мектептерине  284 адис зарыл болсо, иш жүзүндѳ 600 адис кабыл алынган.

Далее

Жалпы республикалык тестирлѳѳ

Маектешим Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жооптуу кызматкери  Дилбара Самудинова жалпы республикалык тестирлѳѳгѳ каттоонун жүрүшү боюнча тѳмѳндѳгүлѳргѳ токтолду:

-Бул жылы жалпы республикалык тестирлѳѳнүн ѳтѳ баштаганына  быйыл 11 жыл толот.  Башкача  айтканда жалпы республикалык тестирлѳѳ  2002-жылдан  бери ѳткѳзүлүп келе жатат. Бишкекте «Билимди баалоо жана окутуу усулдары» деген атайын борбор бар.

Далее

Ош шаарында 2 күн суу ѳчүрүлѳт

“Ош шаардык суу канал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси  Дѳѳлѳтбек Кокочоровдун билдирүүсүнѳ караганда Ош шаарында суу  түтүктѳрүн тазалоо-профилактикалык иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу  23-апрелдин  түнүнѳн 25-апрелге чейин ичүүчү таза суу ѳчүрүлмѳкчү.

                                                                 Нурсейит  Мамасыдыков

Далее

Олимпиадада жеңишке жетээриме ишенген эмесмин

Бүгүнкү мейманыбыз Ош шаарындагы  Ю.Гагарин атындагы №17 гимназия мектебинин 11-классынын окуучусу  Даткайым  Ибраева  жакында республикалык олимпиадага катышып, биринчи  орунду жеңип кайтты.

-Даткайым, жеңишиң кут болсун! Олимпиадага каалагандын бардыгы эле катыша албайт эмеспи. Сен кантип катышып калдың, абдан тырышып  окуп жүрѳсүңбү, же кокустукпу?

Далее

«Биз таза шаар үчүн» акциясы

Ош шаарында  жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси менен комитеттин окуу долбоорунун мүчѳлѳрү,  мектеп окуучулары  катышкан «Биз таза шаар үчүн»  акциясы ѳткѳрүлдү.  Аталган комитеттин жооптуу кызматкери Медербек Абдыманаповдун билдирүүсүнѳ караганда  акциянын  катышуучулары ак кепкаларды кийип, шаарды таза сактоо боюнча жарнамаларды кѳтѳрүп бир катар кѳчѳлѳрдү кыдырып жүрүш жасашты.   Андан соң шаардын борбордук  кѳчѳлѳрүнүн биринде таштандыны ыргытып   коюп, чекерээкте карап турушту. Таштандыны карап коюп ѳтүп кеткендер, таштандыга кѳңүл бурбагандар кѳп  болду.  Айрымдары кайрылып, таштанды таштоочу жерге таштандыны  алып барып ыргытышты...

Далее

Өзбек палоосу кандай жасалат?

Даярдалышы: майды туурап, казанга салабыз Май сызгырылганча    күрүчтү жууп, чарага 30 минут муздак сууда кармайбыз. Куйрук май сызгырылганда сызыкты чѳмүч менен сүзүп алабыз. Казандагы койдун майына пиязды кызарганча кууруп алып, андан соң этти салабыз жана  жакшылап куурабыз жана  1 кг сабизди  да салып кууруп алабыз. Андан соң 2,.5 л сууну куюп кайнатабыз, андан кийин сарымсакты салабыз, татымына жараша туз кошобуз.  Арадан 15-20 минут өткөндөн кийин күрүчтү салабыз, сарымсакты ала турабыз. Күрүч кайнап,  суусу тартылып калгандан кийин аштын үстүнѳ ачуу калемпирлерди жана сарымсактарды коюп, зире салып, жарым саат демдеп коебуз. Ашыбыз даяр болуп калды. Ашты табактарга салаардын алдында жакшылап аралаштырабыз. Жакшы демделген аштын күрүчтѳрү чачырап туруш керек. Аштын даярдалыш сыры менен Сузак чайханасынын  ашпозчусу Козубай Калмурзаев  бѳлүштү.

Далее

Табышмактар

Бозоруп кирип, кызарып чыгат.
(нан)

 

Аты менен отун жарасың,
Анда-санда өзүң барасың.
Тапкандар күтө турсун,
Таппагандар Картаны карасын.
(Кара-Балта)

 

Далее

Ош шаардык ички иштер башкармасы республикада биринчи

Кыргызстандын ички иштер министрлигинде «Кесибинин мыктысы», «Мыкты ички иштер   уюму», «Мыкты ардагерлер кеңеши» наамдары боюнча  республикалык сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

Далее

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн камкордук

Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн «Алтын мезгил» коомдук фондунун демилгеси менен «Наристе» балдар борбору ачылды. Балдар борборунун жетекчиси Зебиниссо Эргешованын билдирүүсүнө караганда бул борбордо азыркы мезгилде 25 бала тарбияланууда. Балдар бул жерге күндүз келишип, кечке чейин  борбордо болушат. Түштүктө кулагы укпаган жана психикалык жактан жабыр тарткан балдарды бала бакчалар алышпайт, анан дагы аларды кароочу адистер аз. Бул багытта даярдыгы бар адистер аз болгондуктан, биз ата-энелер менен биргелешип ушул борборду ачканбыз,-дейт Зебиниссо Турсунбаевна.

Далее

Жаңы команданын ийгилиги

Ош шаарындагы №17 Ю.Гагарин атындагы орто мектептин жаңыдан түзүлгѳн футболдук командасы шаардагы 20 мектептин  командаларынын ичинен тѳртүнчү орунга татыктуу болду. Жакында шаардын Манас кичи районунун Нурспорт залында 20 мектептин футболчулары катышкан  мелдеш ѳткѳзүлдү. Мелдеште №17 мектептин командасынын оюнчулары мыкты ойноп, жаңы түзүлгѳнүнѳ карабастан тѳртүнчү орунга татыктуу болушту. Белгилеп кете турган жагдай, команда жакында эле №12 мектептин командасы  менен таймашта 2-3 эсебинде утулуп  калышкан.

Далее