С.Нурбек кызы tagged posts

Айыл жана шаар мектептеринде кандай айырма бар?

Фото75

Мен бүгүн  айыл жана шаардын мектептеринде окуп жатышкан окуучулардын билим деңгээлин салыштырып көрүүнү чечтим. Көп  учурларда  кыштактагы мектептердин билим берүүсү төмөн дешет. Бирок кыштактын мектептеринен эле бүтүп,  дүйнө жүзүнө белгилүү болгон инсандар көп экени белгилүү. Анда мен эмне себептен окуучу  кай жердеги, кайсы мектепте окубасын ал адамдын өзүнүн жөндөмүнөн деген  бүтүмгө келгениме  токтолууну чечтим.  Мен бул макаламды толуктоо үчүн айылдан шаарга билим издеп келген Мамасадык уулу  Нуржигит менен маектештим...

Далее

Дасторкон үстүндөгү этика

goods_249_2_thumb[1]Адамдын дасторкон үстүндө өзүн кармап отуруусунан, тамактануу манерасынан, бычак, кашык жана идиштерди туура пайдалана билүүсүнөн адамдын маданиятына баа берип келишкен. Кээ бирөө, тамак ичкенге эмне кирип кетиптир, ар ким өз билгениндей жейт, дешет, ал туура эмес. Чыканакты кенен коюп, үстөлгө өбөктөп жатып алууда, чыканагы тамак-ашка тийип, ошондой эле жанында олтургандарга да тоскоол болушат.

Же чалкалап, отургучка жарым-жартылай ажыратып алганда, көйнөгүнө же ...

Далее

«Ачык эшиктер» күнү

Ж-А ОИИБ-1Жалал-А ОИИБЖ-А-ОИИБ-2

2014-жылдын  24-январында  Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын жаш  өспүрүмдөр  менен  иштөө   инспекциясынын  кызматкерлеринин  демилгеси   менен   уюштурулуп,  «Мекеним  менин-Кыргызстан!»  аттуу  чоң  профилактикалык  иш-чаранын  алкагында  «Биз  биргебиз!»  деген  ураандын  алдында  Жалал-Абад  облусунун  Сузак  районунун  Сафаровка  айылындагы  Жоомарт  Бөкөнбаев  атындагы  жатак  балдар  үйүндө  «Ачык  эшиктер  күнү»  ...

Далее

“Керме-Тоо” мектеби 3-орунда

Фото2370

Сорос фонду жана ФБОИ тарабынан 3 жылдан бери ар түрдүү семинарлар уюштурулуп келе жатат. Семинарлардын  жыйнтыгында катышуучулар үчүн социалдык проблеманы козгогон 5 минуталык видео сюжет тартуу сынагы  жарыяланган. Түштүк аймагы боюнча сынакка катышкан бардык мектептер боюнча   жыйынтык 16- 17- январда “Ош нуру” мейманканасында жарыяланды. Ал жерде жеңүүчүлөр  аныкталып, мыктылар баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.  Жеңүүчүлөрдүн катарында Керме-Тоо  мектеби да 3чү даражадагы диплом менен сыйланып, журналисттин эң жакшы иши, 1- даражадагы мыкты оператор диплому  ыйгарылып,   социалдык көйгөйдү эң жакшы бере алгандыгы  белгиленди.  Керме-Тоо мектебине  “6 жаштагы жаш жеткинчектердин көйгөйү”,- деген темадагы 3 минуттук видео сюжетти  февраль айына чейин  тартуу тапшырмасы берилди...

Далее

«Мектеп президентинин милдеттери ар тараптуу…»

                                                                                              IMG_3347_2

Бүгүн биздин мейманыбыз  «Керме-Тоо» мектеп -гимназиясынын  президенти, аталган мектептин 10-б классынын окуучусу Зулкарнайн Атамалиев

-Зулкарнайн айтсаңыз, мектеп президентинин милдети эмне?

-Мектеп президентинин  милдети ар тараптуу. Президент  мектеп окуучуларынын тартибине, жүрүм-турумуна жооп берет. Эртең менен  мектеп окуучусу кечикпей келдиби? Кечиккен окуучуну жазып алып, «Тикенек» деп аталуучу дубал гезитибизге илебиз. Ар бир класска кирип,  ...

Далее

2014 – Жылкы жылын кантип тосуу керек?

Жылкы жылы келатат

Жылкы жылы келатат

Ар бир адам үчүн Жаңы жыл жылда бир ирээт келүүчү, биз көп убакыт  күткөн кубанычтуу, кооз майрам.   Баарыбыз эле айтпаганыбыз менен ичибизде купуя  андан  сыйкырдуу, кубанычтуу, жарык ирмемдерди күтөбүз. Жаңы жылды кандай тоссоң жыл бою жашооң ошондой өтөт деген сөз баарыбыздын жүрөгүбүздө турат.   Анда биз төмөндө   үйүбүзгө  ийгилик, кут, береке чакыруу  үчүн  2014 –жаңы, жылкы жылын  кантип тосуу керек, жылкы жылында  дасторконго кандай тамак коюлат, кандай кийим кийүү керек деген сыяктуу сунуштарга көңүл буралы...

Далее

Адилет президенттик арча майрамына катышат

 

Ош шаарындагы №48  мектептин 7-классынын мыкты окуучусу  Адылбек уулу Адилет Президенттик арча майрамына  катышып келүүгө даярданууда. Кабарчыбыз Адилет менен маектешти

Далее

«Баланын тишине энеси эрте кам көрүүсү зарыл…»

 

 

Ош шаарындагы №1 тиш дарылоо эмканасынын жогорку даражадагы тиш дарыгери  Бүасия Рысдөлөтова

Далее

«Баланын тишине кам көрүү зарыл…»

Бүасия Рысдөлөтова

Бүасия Рысдөлөтова

Эне кош бойлуу мезгилинен баштап баланын ден соолугуна кам көрүүсү зарыл,- дейт Ош шаарындагы №1 тиш дарылоо эмканасынын жогорку даражадагы тиш дарыгери  Бүасия Рысдөлөтова.  Баланын  ден соолугу чың болуш үчүн кош бойлуу эненин дени сак болуу керек. Кош бойлуу эненин каны аз болбоо керек. Тиштерин да өз убагында дарылатып туруусу керек. Бала төрөлгөндөн кийин акыл-эсине келип, сөз түшүнө баштагандан балдарга эртең менен кечинде тиш жууганды үйрөтүшүбүз керек. Балдар  үчүн атайын паста, щетка тандап берип, алардын туура тамактануусуна кам көрүүбүз абзел.  Балдардын рационунда витаминге бай, кальцийге  бай тамак-аштар болуусун  камсыздаш керек. Кальцийге бай балык азыктарын, сүт азыктарын көбүрөөк берүү зарыл...

Далее

Керме –Тоо гимназия-мектебинин жаңылыктары

 Сайкал2185_2

 Достукту чыңдаган КВН

10-декабрь күнү Керме-Тоо гимназия мектебинде КВН болуп өттү. Шаардагы ар бир мектептен келишкен атайын тапкыч жана шайыр командалар өздөрүнүн таланттарын (бий, ыр, тамашаларын) көрсөтүштү. Атайын түзүлгөн  калыстар тобу жыйынтык чыгарышып,  1-орунду .”Биримдик”  командасына жана көрүүсү начар балдардын мектеп интернатына ыйгарышты.  2-орунду Керме-Тоо  гимназия мектебинин “Смайл” командасы, 3- орунду “Ынтымак” командасы менен №14-Каныбек Алтыбаев атындагы мектебинин  командасы ээледи.  Жеңүүчүлөр баалуу  белектер, атайын грамоталар менен сыйланышты. Ал эми эң жакшы катышуучу деген наамга көзү азиздер мектеп –интернатынан келген 9-классынын окуучусу Оморов Актилек ээ болду...

Далее

Сасык тумоонун алдын алса болобу?

Бизде мейманда  Ош  шаарындагы  №2 үй бүлөлүк медициналык борборунун жугуштуу оорулар  боюнча дарыгери  Бийзаева Айгүл Маматеминовна

IMG_3066_2

-Айгүл Маматеминовна айтыңызчы,  сасык тумоо кандай оору жана кандай учурда жугат?

-Сасык тумоо сууктун түшүшүнөн улам чөйрөдөгү чаң аркылуу, аба аркылуу, оорулуулар жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, бет аарчыны тосуп жөтөлбөй, оозун тоспой жөтөлгөндө, эл көп топтолгон жерлерде, окуучуларга мектепте, көчөлөрдө көбүрөөк жугат. Сасык тумоо курч кармаган оорулардын катарына кирет...

Далее

Мектеп окуучуларынын тамагы

IMG_0569_2

Ош шаарындагы №50 мектеп-гимназиясынын кенже  класстар боюнча  завучу Бактыгүл Жусубалиеванын билдиргенине караганда  аталган мектепте    1-4 –класстардан  507 окуучу мамлекет тарабынан атайын окуучулар үчүн берилген бекер тамак менен тамактанышат.  Шаардагы мектептердин окуучулары үчүн атайын бирдей график түзүлгөн. 17 класстык комплект болсо ар бир окуучуга тамактаныш үчүн 10 минут убакыт берилет. Мисалы дүйшөмбүдө  ар бир окуучуга  150 грамм сүт, 1ден булочка берилсе, шейшембиде 200 грамм компот, печенье, кийинки күнү пряник, коржк берилет.  Бирок кечке эле пряник, булочка, печенье берсең балдар бул тамакты жегилери келбей калган учурлар болот. Айрым балдар сүттү жаман көрүшөт...

Далее

«Себаттын» үч кызы

Аманила кызы Зубайда_2

Маектешим Аманила кызы Зубайда «Себат»  кыздар лицейинин 11-А классында окуйт.

-Зубайда 2012-2013-жылы республикалык олимпиадага катышып байгелүү кайтыпсың, кубандыңбы?

-Албетте, кубандым да! Өзүм Чоң-Алай районунда туулуп өскөм. Бул жерде мен 7-класстан бери окуп келатам, былтыркы окуу жылында республикалык олимпиадага кыргыз тили жана адабиятынан катышып,  2-орунга жетиштим.

-Кандай окуйсуң?

-Жакшы окуйм.

-Лицейде окуш сага эмне себептен жагат?...

Далее

Керме-Тоо мектебинин жаңылыктары

Көптү үйрөткөн семинар

12-13-14-ноябръ күндөрү Керме-Тоо орто мектебинин  тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Мамырова Айнура, соц. педагог Мамразак кызы Жылдыз, жаш өспүрүмдөрдүн  ишин жетектөөчү Бакирова Каникей жана парламенттин активдүү 4 окуучусу “Сорос -Кыргызстан” фонду тарабынан уюштурулган семинарга катышып келишти. Белгилеп кетүүчү жагдай,  “Сорос-Кыргызстан” фонду мектеп үчүн техникалык каражаттарды берген. Ал эми   семинардын негизги багыты –телевидиниеде  техникалык жабдыктарды  кантип колдонууну,  ийрим,  басма сөз, тренингдерди,тегерек стол өткөрүү боюнча түшүнүк берүү болду. Окуучулар, эжекелер көптөгөн  кызыктуу маалыматтарды билип келишип,  окуучуларга үйрөтүшүүдө...

Далее

Чучук кантип жасалат?

чучук

Кыргыздын  сый тамактарынын бири чучук. Бирок чучук жасаганды  кыздар эмес  байбичелердин көбү билишпейт. Бүгүн биз чучук кантип жасалааарын айтып берели.

1.Пияз менен сарымсакты майдалап туурайсыз.

2. Казыны ичке, узун болуп тууралган этти туздап, ага сарымсак менен пиязды кошуп, бир нече убакыт тыныктырып коесуз. Мындай калыбында бир күн кечке турса эң сонун маринаддалган болот.

3. Жумшарып калган эт менен казыга калемпир, мурч, зире кошосуз...

Далее

Япондордун сакурасы

сакура 3

сакура 4

Япониянын илгерки легендасында гүлдөп турган сакураны  суктанып тиктеген адамдын ден соолугу чың болот, өмүрүңдү узартат, жүз жашка чейин жашайсың деп айтылат.

 Сакуранын гүлүнүн  кооздугуна   дүйнө жүзүндө эч бир гүл  тең келе албайт деп эсептешет япондуктар.

 Японияда  гүлдөп турган сакуранын алдында  ыр жазуу салтка айланганын бардыгыбыз эле билбейбиз. Сакура Японияда ыйык дарак катары эсептелет жана анын аурасы поэзия жаратууда таасирин тийгизет деп эсептелет...

Далее

«Данектен» пайдалуу кеңештер

lemon

Лимонду  ачкарын суу менен ичүү керек

 Төмөндө адистер лимонду суу менен ичүүнүн пайдалуулугунун  себептерин айтышат: биринчиден лимон иммундук системаны бекемдейт. Лимон С витаминине жана калийге бай. Ал мээнин жана нерв системаларынын жакшы иштешине өбөлгө түзөт жана кан басымын жакшыртат. Андан сырткары лимон чарчоодон сактайт жана ишке болгон жөндөмүңүздү көбөйтөт.

 

Далее

Кыздар үчүн кеңештер

Өрдөк быжы

 

Өрдөк быжы

1. Картошка , пиязды аарчып, төрт бурчтук формада майдалап туурайсыз.

2. Бөйрөк май менен ич майды майдалап туурайсыз. Аларды тууралган жашылчаларга кошуп, туз, мурч кошуп аралаштырасыз.

3.Койдун ичегилерин: мөөн менен жумурду жакшылап жууйсуз да, алардын ичине толтуруп фарштан саласыз. Жумур-өрдөк, мөөн- жумурткаалары болот. Жумурга фаршты салганда өзү эле өрдөктүн формасына келип калат. Ал эми мөөнгө фаршты салгандан кийин муун-муун кылып ар кайсы жеринен жип менен бууп коесуз да, бышканда байланган жерлеринен кесип, жиптерин алып саласыз...

Далее

Кыздар үчүн кеп-кеңеш

Жылан жоргом

Жоргом жасо2 022

ЖЫЛАН   ЖӨРГӨМ

 Кыргыз элинин сыйлуу мейманы келгенде дасторкондун көркүн ача турган тамагынын бири- жөргөм. Азыркы мезгилде жөргөмдү ар түрдүү жасап, кооздоп жүрүшөт. Быйылкы жылда  Жылан жөргөмдөр дасторкондун көркүн ачып келүүдө.

Жылан жөргөм кантип жасалат?

Далее

Ош шаарында жол акысы кымбаттады

                                                                                                                    IMG_2912

Ош шаардык мэриясынын алдындагы жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин   жетекчиси Шайлообек Атазовдун айтымында  жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттордо жол акысынын кымбаттаганы жана Навои көчөсүндө жаңы көпүрөнүн курулушу башталгандыгына байланыштуу маршруттардын  өзгөргөндүгү   боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жол акысын көтөрүү боюнча мас...

Далее