Урматтуу «Данек» гезитинин эмгек жамааты жана окурмандары!

Биздин шаарда  мектеп окуучуларынын гезитинин жарык кѳрүшү менен чын дилимден куттуктайм. Шаарыбызда мектеп окуучулары үчүн гезит чыга баштаганы, ал гезиттин үч тилде чыгарыла турганы, гезитти биздин шаардагы мектеп окуучулары чыгара тургандыгы албетте кубана турган жагдай. Гезитиңиздер окурмандар арасында кадыр-барктуу, окумдуу гезит болсун!  Гезит кѳп улуттуу  шаарыбыздын элдеринин ынтымагын, достугун  чыңдоодо ѳз салымын кошооруна ишенем. Ушул гезиттен  турмушту калыс чагылдырган,  жагдайга таамай жана так баа бере ала турган, келечекти кѳрѳ билген билимдүү, калеми курч  журналисттер ѳсүп чыгышына тилектешмин. Бул гезиттин жарык кѳрүшү биздин Ош шаарында «Жаштар жана билим жылынын»  жыйынтыгы чыгарылып жаткан мезгилге жана Жаңы жылга туш келиши да  бекеринен эместир дейм. Жагдайдан пайдаланып Ош шаарынын тургундарын, сиздердин гезитиңиздердин окурмандарын жаңырган 2013-жылыңыздар менен куттуктайм. Жаңырган жыл сиздердин үй бүлѳңүздѳргѳ  бакты, таалай, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди алып келсин!

Гезитиңиздерге ийгиликтерди каалайм.
Ош шаарынын мэри  Мелисбек Мырзакматов

One comment to Урматтуу «Данек» гезитинин эмгек жамааты жана окурмандары!

  • Aijan  says:

    салам кыргыз елим

Написать ответ Cancel reply

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>