Мугалим мѳмѳлүү дарак

«Мугалим – мѳмѳлүү дарак»,-демекчи, биздин ата-энебизден кийинки  жакын адамыбыз-мугалимибиз. Биз энени кандай урматтап, сыйласак, мугалимди андан артыгыраак сыйлашыбыз керек. Биринчи коңгуроодон кийин бизди жетелеп, ээрчитип биринчи кадам таштаттырган бул-эжекелерибиз. Алар эң мээримдүү, камкор болушат. Биринчи билим  пайдубалыбызды мектептен баштайбыз. Аны мугалим курат. Окуучулар канчалык шоктонбосун, кемчилик кетирбесин алар баарын кечиришет. Сыртынан урушканы менен алар бизге ар дайым жакшылыкты гана каалашат. Менимче бардык мугалимдер урмат-сыйга, алкышка татыктуу.

Мен Юрий Гагарин атындагы мектебинин окуучусумун, биздин мектепте да мектеп десе жүрѳгүн берген мугалимдер абдан кѳп. Алардын  катарында менин сүйүктүү мугалимим- класс жетекчим  Айчүрѳк Закирова. Эжеке ак кѳңүл, боорукер  мугалим. Ал англис тил мугалими. Эжекебиз бизге ѳз баласындай камкордук кѳрүп, жѳжѳлѳрдѳй бапестейт. Окуучулардын арасында албетте кыйын окуучу болот. Айчүрѳк эжеке алар менен да жѳн гана тил табышат. А форма кийбеген тентек болсо: «ай балам азыр форма кийбесең качан киесиң, мектепте окуганда  жаркылдап кийинип келбейсиңби, а чоңойгондо ар кыл кийингенге  үлгүрѳсүң»,-деп кѳп айтат. Эжеке бизге ар дайым кеңештерин, акыл-насааттарын берип турат. Биз аны угуудан тажабайбыз десем болот. Биз жакшы  мугалимдерибизге ыраазылыгыбызды билдирип турушубуз керек,-деп ойлойм. Менин дагы бир сүйүктүү мугалимим англис тили сабагынан берген мугалимим Торуева Кундуз эжеке. Ал бизди 7-класстан 8-класска чейин окуткан. Ушул кыска аралыктын ичинде эжеке бизге кѳп нерселерди үйрѳттү. Кундуз эжеке окуучулар үчүн жан тартып,  кѳптү үйрѳтүүгѳаракет кылат. Эжекебиз бизге «Окугула, силерде деген эң сонун мүмкүнчүлүктѳр бар, аны колдон кое бербегиле. Ошол билим менен сен кѳп иийгиликтерге жетесин»-деп  кеңешин берип турат. Эжекенин эмгеги жана тарбиясы биздин сабатыбызга чоң салымын кошкон десем да болот. Сизге терең ыраазыбыз эжеке!

                                                                       Нуржан Руслан кызы
Ю.Гагарин атындагы мектеп-лицейинин
8 «А» классынын  окуучусу

One comment to Мугалим мѳмѳлүү дарак

  • Эржан Мадакеев  says:

    Жакшы жазылган, бирок одоно каталар көп!

Написать ответ Cancel reply

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>