«Мектеп периси-2013»

Ош шаарында  «Мектеп периси -2013» сынагы  май айынын башында ѳткѳрүлмѳкчү.  Сынак Ош шаардык мэриясынын алдындагы жаштар комитети  тарабынан  даярдалууда.  Аталган комитеттин кызматкери Медербек Абдыманаповдун билдирүүсүнѳ караганда  азыркы мезгилде бул сынакка  Ош шаарындагы 10 мектептин  чүрѳктѳй сулуу, таланттуу, акылдуу жана билимдүү  кыздары ат салышууга даярданышууда. Сынактын катышуучулары   4 шарт  менен мелдешишет.  Калыстар тобу  кыздардын саламдашуусуна, кечки стилине, акыл карачач –бѳлүмүндѳ суроолорго тапкычтык менен жооп берүүсүнѳ, талантына жана  ашканадагы чеберчилигине кѳңүл бурушмакчы. (Бул жерде кыздардын 1 минута ичинде  картошка аарчышына  кѳңүл бурулат).

 

Сайкал Нурбек кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>