«География аянтчасы»

(долбоор)

П.Ж.Нышанов атындагы мектеп гимназиясынын 11-классынын окуучусу Каныкей Жеңишбек кызы, география мугалими Орозоева Айжан эжеке, ОшМУдан география илимдеринин доктору, кафедра башчысы Алайчиев Эрнис агай менен биргеликте долбоор жазганбыз. Ал долбоордун темасы «Географиялык аянтча»,-деп аталат. Ош шаарында  канчалаган мектептер, университеттер бар, бирок алардын эч биринде да «географиялык  аянтча» жок. Ѳзүбүз  билгенден Ак Тилек шаарчасында жаңыдан №52 мектеби ачылды. Ал жерде бардык  шарты бар, бирок географиялык аянтча жок.

Биз ошондуктан долбоор жазып, анын негизинде географиялык аянтчаны ишке ашырууну туура таптык. Бул иш чара 2012-жылдын ноябрь айында түзүлүп баштаган, биз керектүү каражаттарын  таап, кете турган шаймандарды  тактап, изилдеп,  канча акча кете тургандыгын жазып, 2013-жылдын январь айында  мэрияга сунуштадык. Бул иш чара каралып чыгып, мэрия тарабынан бизге  26 миң сом бѳлүнүп  берилди. Бул акча жетпегендиктен бизге мектеп директору Н.Б.Башиева, мектеп завучу Г.Ражаповна, мектептин уюштуруучусу К. Акматова, географ мугалими А.Орозоева эжекелер демѳѳрчүлүк кылышып, «География аянтчасы» учурда курулуп жатат. Фундамент куюлуп бүтүп, курулуш башталды.

                                                                  Каныкей Жеңишбек кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>