Дасторкон үстүндөгү этика

goods_249_2_thumb[1]Адамдын дасторкон үстүндө өзүн кармап отуруусунан, тамактануу манерасынан, бычак, кашык жана идиштерди туура пайдалана билүүсүнөн адамдын маданиятына баа берип келишкен. Кээ бирөө, тамак ичкенге эмне кирип кетиптир, ар ким өз билгениндей жейт, дешет, ал туура эмес. Чыканакты кенен коюп, үстөлгө өбөктөп жатып алууда, чыканагы тамак-ашка тийип, ошондой эле жанында олтургандарга да тоскоол болушат.

Же чалкалап, отургучка жарым-жартылай ажыратып алганда, көйнөгүнө же шымына жеген тамагы чачырап турат. Ошентип, бычак, аш айры, кашык кармоо эрежеси эмне үчүн атамзамандан бери сакталып калган?

Албетте үстөл үстүндөгү адам кыймылын шайкеш бөлүштүрүү  үчүн, маселен сол колуңузда аш айры, оң колуңузда бычак,-демек ошого байланыштуу өзүңүз да түзүрөөк отурасыз жана кол бош болбогондуктан нанды да анча чоң эмес бөлүктөн колдоносуз. Нанга май сүйкөгөндө, аны өз тарелкаңыздын чекесине коюп, сол колуңуз менен кармап, оң колуңуздагы бычак менен сүйкөңүз.

Бычак менен  аш айрынын милдеттери эки башка. Бычак айрыга жардам гана берип, сайган тамакты түртүп, же  кесип берет. Бирок идиштеги катуу ашты кийин айры менен сайып жеш үчүн, толугу менен майдалап салуу туура эмес. Уламкысын улам чакандап кесип жесең дурус.

Суюк тамак ичкенде, албетте кашык менен ичебиз. Кашыкты оң колго, бармакты үстүнө келтирип кармайт, кашыктын учунан эмес, жанынан ууртайбыз, ошондо шорулдаган үн чыкпайт. Ичип бүткөн  соң кашыкты идишке салып, бир аз ары жылдырып коет. Тамакты жеп бүткөндөн кийин, айры менен бычакты өз тарелкаңызга жанаша, ал эми дагы бир башка идиш колдонуш керек болсо кайчылаш коюп коесуз. Бул биринчиден жеп бүткөнүңүздүн белгиси, экинчиден алар дасторконго же жерге кулап түшпөйт.

Балыкты бычак менен кеспейт, айры менен жейт. Бычак сөөктөрүн бөлгөнгө гана жардам берет.Даярдалган суу жоолук менен тизени жаап, оозду жана колду атайын коюлган кагазга аарчыган түзүк. Чай же кофени аралаштырган кашыкты пиаланын  ичине калтырбаңыз, ичүүгө тоскоол болот. Ошондой эле ооз толо тамак турганда ал суюктуктан кошо ууртаган туура эмес.

Канттын кыпчыгычы болбосо, кол менен алат, лимонду болсо кичинекей өз кашыгы менен алып салат. Улуттук тамактан бешбармак менен палоону кол менен жегенди жакшы көрүшөт. Ошентсе да жапыз табакка кашыктарды коюп койгон дурус, ар ким өзүнүн керегинче кашык менен салып алат да, жуулган таза колу менен четинен жей берет. Себеби табака жалпы кол салганда кээ бир адамдардын ирээнжип жей албай калган учурлары көп кездешет. Жалпы тамактан сузуп алаарда ар ким өз алдынан гана алыш керек, кошуна тарапта жаткан этти, же башка даамдуу бөлүктү бери кулатып алуу туура эмес. Тамакты шашылбай, төкпөй, тыкан жегенге үйрөнүңүз. Бул сиздин тарбяиңыздан, маданиятыңыздан, этикаңыздан кабар берип турат.

                                                                         Сайкал Нурбек кызы

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>