№17- Ю.А.Гагарин атындагы окуу тарбиялоо мектеп комплексинин жаңылыктары

Эстафета

№17- Ю.А.Гагарин атындагы окуу тарбиялоо мектеп комплекс гимназиясында 20-февралда 23- февраль ата мекенди коргоо күнүнө карата атайын машыгуу жарайанына байланышкан эстафета болуп өттү. Бул эстафетага 11-а,б,в,  10- класстарынын окуучулары күч сынап таймашышты. Натыйжада 11-в класс биринчи орунду 11- а класс экинчи орунду ал эми 10- а класс үчүнчү орунду алышты. Таймашта гантель көтөрүү, туура марш тебүү, противагаз менен жүгүрүү жана башка таймаштар болду. Сынакты Ош ТВ каналы тартып жатты. Бул программага аскер кызматкерлери полковниктер калыс болуп беришти.

                                 Сүйүшкөндөр күнү

№17- Ю.А.Гагарин атындагы  мектебинде 14- февраль сүйүшкөндөр күнүнө карата КВН болуп өттү. Бул КВН ге 11-класс жана башка класстардын окуучулары катышышты. КВН де сүйүү күнүнө карата программалар көрсөтүлдү. Шайырлар жана тапкычтардын арасында ырдагандар да болду. Кыз жигиттин ортосундагы материалдык жетишпестиктерди тамашалуу кылып аткарып беришти. КТРК каналында көрсөтүлгөн «Аалам сырлары»  көрсөтүүсүн да тамашага кошушту. Негизинен КВН жакшы өттү.

8-март айымдардын  Эл аралык күнү

Урматтуу Ю.А.Гагарин мектебинин мугалимдери,   сиздерди 8- март келе жаткан аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздерге бакыт, таалай, үй бүлөнүздөргө жаңы жетишкендиктердин болуусун жана чын ден соолук каалайм. Ошондой эле  11-а класстын класс жетекчиси,  тарых мугалими Маматова Чыныгүл эжекени да чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Эжекеге арчадай жаштыкты,  музыкадай шаттыкты,  жашоосунда көп,  көп ийгиликтерди багынтып,  ден-соолукта жүрө берүүсүн каалайм.

Ошондой эле 11- а классынын үлгүлүү окуучу кыздарын да чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Кыздар,  келе жаткан жалпы республикалык тестирлөөнү  ийгиликтүү тапшырып, маанайыңар жаз гүлүндөй  жаркып турсун! Бактылуу келечек каалайм.Сапарыңар байсалдуу болсун!

 

Жер жамалын күн өпкөн,

Жер жайнаган гүл өскөн.

Жаз майрамын эжекелердин

Куттуктаймын жүрөктөн!!!

                                                       Бекназар Ысабек уулу,

 

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>