П.Ж.Нышанов атындагы гимназия мектебинен жанылыктар

     Корол и королева

   Жаз сынагы

Ош шаарындагы №50.П.Ж.Нышанов атындагы  мектеп-гимназиясында 8-9-класстар арасында «Король жана Королева» атуу сынак  болуп өттү. Сынакта  ыр-бий жана окуучулардын чыгармачылык иштери көрсөтүлүп, ошондой эле суроо жооп иретинде болду. Бул сынакка 9-альфа классы жалпысынан активдүү катышкандыгы үчүн 1-орунду ээлеп, сынактын  Королу 9-альфа классынын окуучусу Салимов Зайырбек жана королевасы  Токторова Нуриза болуп, диплом жана баалуу  сыйлыктарга ээ болушту. Бул жеңишке жетишүүгө  жардамын көрсөткөн  класс жетекчиси Орозоева Айжан Дыйкановнанын салымы чоң.

                                Регионалдык олимпиаданын жыйынтыгы

Ош шаарынын мектеп окуучулары арасында регионалдык олимпиаданын 3-баскычы болуп өттү. Бул олимпиадага Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов мектеп-гимназиясынын география мугалими Орозоева Айжан Дыйкановна даярдаган  11-а классынын окуучусу  Кожомуратов Бексултан жана 10-а классынын окуучусу  Камали кызы Алина катышып,  2-орундарды ээлешти. Ошондой эле орус тили жана адабияты мугалими Адеева Майрам Карабековна даярдаган 11-в классынын окуучусу Ибраимов Тилек 3-орунду багынтты.Бул да болсо мектептин жетишкендиктерин бири.

Абдикалил кызы Дарыя

 Ош шаарындагы №50 П.Ж.Нышанов атындагы  мектеп

гимназиясынын 9-альфа классынын окуучусу.

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>