Жаңы табылгалары жана жаңы идеялары көп жаңы мектеп

№52 мектептин директору Аманова Салтанат Абдылдаевна

Бизде мейманда №52 “Кыргыз-Түрк достугу таланттуу балдар” мектебинин директору Аманова Салтанат Абдуллаевна

-Салтанат Абдуллаевна, айтсаңыз жаркыраган жаңы мектепте билим берүүнүн сапаты кандай? Электр энергиясын, жылуулукту үнөмдөй турган мектепте чын эле жылуулук үнөмдөлөт бекен, жаңы мектеп кышта жылуу элеби?

-Ош шаарындагы №52 Кыргыз-Түрк  достугу атындагы таланттуу балдар мектеби  2012-жылдын 26-ноябрында  окуу процессин баштады. Бул электр энергиясын жана жылуулукту үнөмдөөчү мектеп 850 орунга ылайыкташтырылган. Бул  мектепти куруу Түрк элинин  ТИКА программасы боюнча ишке ашты дагы, анын координатору Хака Мергюнь башынан аягына чейин бул мектептин курулушунда туруп, мектептин жалпы курулушу, ошондой эле ичиндеги эмеректеринен бери тендер аркылуу төлөп беришкен. Ошентип, бул  мектеп бир гана Кыргызстан боюнча эмес,  Орто Азиядагы  энерго эффективдүү курулган мектептердин биринчиси болуп саналат. ПРООНдун Евразия боюнча  координатору келип, бардык энерго эффективдүү курулган  курулуштардын ичинен эң мыкты  деген белгини мектебибиздин кире беришине илип кетишкен. Бардык тарабынан инженерлер келип текшерүүдөн өткөрүштү. Чынында энергияны үнөмдөөчү  курулуштарды жайылтуу Кыргызстанда  эң зарыл маселелердин бири экенине биз өзүбүз  күбө болуп жатабыз. Анткени 2 жыл кыштадык. Кыш ичинде класстарыбыз жылуу, ар бир терезе, эшик, полдун жылуулугу, баары  ушул жылуулукту үнөмдөөгө багытталган. Бул мектептеги түзүлгөн  100 пайыздагы шартты биз эң жакшы пайдаланыш үчүн атайын шаардык билим берүү башкармалыгынан суранып, кошумча 4 штат ачтырганбыз. Булар  инженер –программист, себеби мектептин  жылуулугу  ар бир класстын өзүнө тиешелүү кнопка менен башкарылат. Мисалы ар бир класста эртең менен келип, саат 8де  18-20 градус жылуу болсун деп коюп кетсең, ошол градуска жылып калат. Ошондуктан  ошол компьютерди мыкты билген,  башкарып турган  программист -инженер алып, ошондой штат ачып алганбыз.   Ошондой эле сантехник,электрикти дагы өзүнчө штат кылып ачтырып алдык. Бардык жылуулук системасы электр энергиясы менен болгондуктан, электрик керек экен. Мындан сырткары дагы биз кошумча чакырып иштеткен адамдарыбыз бар.Биздин мектептин  чатырында жайгашкан агрегаттарыбыз бар. Темир агрегаттар аркылуу күндүн энергиясы менен суулар ысытылат. Күндүн энергиясы менен ысытылган суу биздеги ашкана менен спорт залына берилет. Спорт залында атайын кыздар  жана балдар үчүн жууна турган душтар бар кабиналары менен. Ошолордун бардыгы, 100 тонналык аристон бар, ошолордун бардыгы күндүн энергиясы менен ысыйт. Демек бул дагы курулуштагы абдан жаңы  методика экен, муну балдар бакчаларына дагы жайылтса болот. Азыркы мезгилде бизде 1290 бала окуйт жана 64 мугалим иштейт. Мектеп өзү 850 орунга эсептелинген.

Жалпы мектептин Уставы түзүлгөндө Кыргызстан боюнча  эң  мыкты деп эсептелген мектеп-лицейлер, мектеп-гимназиялардын  иш тажрыйбалары менен таанышып туруп анан Уставды түзүп чыкканмын. Уставды түзөөрдөн мурун биздин тажрыйбалуу мугалимдерибизге администрация мүчөлөрүнө   коюлуп, алардын сунуш-пикири менен Устав бекитилген. Биздин мектептин Уставындагы эң негизги  билимдин сапатын көтөрүүчү  багыттарыбыз-бул мектептеги предметтерде  окутулуучу окуу китептердин аталышы. Окуу программасына сунушталган  китептерге катуу талап менен карайбыз. Кайсыл  авторлордун китептери окутулат? Ошондой эле мугалимдер тарабынан түзүлгөн  окуу-методикалык комплекстер. Ар бир мугалимде окуу –методикалык комплекстер сөзсүз түзүлүшүн окуу бөлүмү боюнча  директордун орун басары катуу  көзөмөлгө алат, анткени качан гана мугалим өзүнүн окуу программасын мыкты билгенде натыйжа болот. Бир жылдык окуу программасын тыкан түзгөн, программасындагы адабияттар кандай, кайсы адабияттар колдонулат? Кошумча  кандай методикалык колдонмолор бар, ошолорду билиш керек. Мындан сырткары окуу методикалык комплекстин ичине  ар бир өтүлө турган сабактын иштелмелери киргизилет. Андан кийин мониторинг. Мектепте 2 жылдан бери ар бир 2 жумада  балдар  мониторинг тапшырышат. Мониторинг-бул билим сапатын көтөрүүдөгү билимди баалоонун  эң негизги критерийи болуп эсептелет. Качан бала өзүнүн билими канчага татыктуу экенин билбесе  анын кийинки сабакка кызыгуусу жоголот. Ошондуктан биз мониторингди киргизгенбиз, Бул Уставда бар, атайын жобо менен иштелип чыккан. Мониторингде түзүлгөн суроолор дагы  Кыргызстандын 20 жылга  өнүгүүсүнө түзүлгөн куриклумду жетекчиликке алат. Ошол куриклумда  сабак кандай өтүлүш керек, баалоонун критерийлери кандай болуш керек, суроолор кандай болуш керек, ошолордун бардыгы эске алынып туруп түзүлгөн. Анан мониторингден сырткары бизде чейректин акырындагы  аралык мониторингдер деп коебуз, ошол мониторингдердин жыйынтыгынан кийин биз чейректе кадимки советтер союзунун мезгилиндегидей традициялык экзамендер менен алабыз. Анткени  окутуунун жаңы технологиясы десе эле стеоротип пайда болду, сабакты проектор, телевизор колдонуп өтсө эле бул жаңы технология деп эсептешет. Бул туура эмес, инновациялык сабак деген качан сабак өзүнүн максатына жетсе, же болбосо  биздин мектептеги эң негизги өзгөчөлүк, бул мугалимдин компотенттүүлүгүнө караганда дагы окуучунун  өндүрүштө колдоно алса гана биз  максатыбыз ишке ашты деп эсептейбиз. Ошондуктан баланын жөндөмдүүлүгүнүн үстүндө иштөө негизги орунда турат. Анан инновациялык технология изилдөө, DVD, бардык медиа каражаттар бизде бар, шарттар түзүлгөн. Бирок ошол медиа каражаттарды инновациялык технология  деген туура эмес. Мугалим өзүнүн методикалык жактан таланты болуш керек. Балага болгон сүйүүнү, балага болгон мамилени биринчи орунга коюубуз керек. Аманашвилинин “Мугалимдин бир эле жаман  көз карашынан көңүлү калган окуучу экинчи мугалимге ачылбайт”, деп айткан сөзү бар. Ошондуктан кандай гана бала болбосун, биринчи жакшы мамиле кылуусу зарыл. Гумандуу мамиле кылсаң гана бала ачылат, анан баланын талантын тартып чыкса болот. Ошондуктан мугалимдик этикага абдан катуу көңүл бурабыз. Балдарга колун кезеп, жаман сүйлөгөн мугалимдер иштен кетет. Андан кийин  Совет доорунан калган жакшы методдорду биз эч качан жокко чыгарбайбыз.  Классикалык экзамен бизде чейрек сайын  алынат. Бардык предметтерден экзамен тапшырышат. Комиссия түзүлөт, комиссиянын алдында ар бир окуучу билет алып, билет системасында экзамен тапшырышат. Андан сырткары бир жыл ичинде окуучу 8 жолу мониторинг тапшырып, билиминин деңгээлин билип турат. Экзаменге окуучу абдан катуу даярданат. Бул абдан жакшы жыйынтык берет экен. Бизде түшкө чейин сабак, түштөн кийин ийримдер иштейт. Жуманын үч күнү предметтик ийримдер, үч күн маданий-эстетикалык жана спорттук ийримдер иштейт. Ал ийримдердин бардыгына биз компотенттүү, дипломдуу, мыкты адистерди чакырганбыз. Алардан биз жыйынтык сурап турабыз. Жалпы алып келгенде мектептин идеологиясы ушундай түзүлгөн. Биздин мектеп кыргыз тилиндеги мектеп болгондуктан, мамлекеттик тил биринчи орунда, окуучу  мамлекеттик тилде сабаттуу сүйлөй билиш керек, сабаттуу жаза билиш керек. Ошондой эле улуттук салтын, улуттук наркын, улуттук маданиятын, улуттук мүнөздү биринчи орунга коюш керек, ошону менен бирге аны дүйнөлүк маданият менен айкалыштыра билиш керек. Ошондо гана ички маданияты бийик, ар тараптуу балдар тарбияланат. Биздин негизги максатыбыз-математика менен англис тилин жаттап алган роботторду тарбиялаш эмес, кайсы предметтен болсо да мыкты түшүнүгү бар адисти тарбиялоо. Ошондой эле биздин мектеп башка мектептерден өзгөчөлөнүп, Кыргызстанда биринчи жолу-илимий изилдөө багытындагы мектеп. Мектепте тереңдетилген 4 багыт  бар, химия, биология, математика жана англис тили. Тереңдетилген предметтер боюнча тема алып, балдар жетекчилери менен тактайт дагы, 2 ай бою илимий изилдөө ишин жүргүзүп, май айында белгиленген күнү атайын комиссия менен илимий иштерин коргошот. Мектепте 2 жыл ичинде ийгиликтерибиз өтө жакшы. Бул ийгиликтердин бардыгы мектеп жамаатынын өтө мыкты тандалып алынгандыгынын, жамааттын ынтымагынын, бири-бирине жардам берип иштегендигинин натыйжасы деп эсептейм. Биз мектептерден мыкты окуган балдарды терип алган жокпус, кептин баары тандалып алынганда эмес экен. Кеп мугалим иштеш керек экенин биз далилдедик. Азыр мен биздин мектепте балдардын билим деңгээли жогору деп айта алам.

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>