Category Кызыктуу

Уйку

уйку

Уйку бул— организмдин мезгил-мезгили менен болуп туруучу физиологиялык абалы; ал физиологиялык процесстердин басаңдашы, чөйрөнү н таасирине реакциянын төмөндөшү  менен мү нөздөлөт.  Мында организмдин ишке жөндөмү , айрыкча борбордук нерв системасы калыбына келет. Уйку маалында жогорку нерв системасынын иши басаңдап, булчуңдар бошоңдойт, зат алмашуу төмөндөйт, жү рөктүн иштеши,  дем алуу сейректейт, кан басымы төмөндөйт. Уйкунун мезгилдүүлүгү  организмдин тиричилигинин суткалык биологиялык ритми менен байланыштуу.  Демек мээ менен кошо бардык ички органдар да «эс алат».  Уйку мээ кыртышындагы тормоздолуу процесстеринин пайда болушуна байланыштуу. Организм сергек кезинде нерв клеткаларында белгилү ү  заттардын сарпталышына карата өзгөрү үлөр болуп турат...

Далее

Москвадагы кыргыз балдар

Газетабыздын өткөн санында  Москвада жашаган кыргыздардын  балдары менен болгон маегибизди  окурмандарга  тартуулаган элек.  Бүгүн ата-энеси  көп жылдардан бери Москвада  жашап, иштеп,  өздөрү  орус тилиндеги мектепте окуп жүргөн  бир туугандар  Бактыбек  уулу  Жакшылык жана  Миргел  менен болгон маегибизди сиздерге сунуштамакчыбыз.

-Жакшылык, кыргызча сүйлөшө аласыңбы?

-Сүйлөшөм, бирок орточо.

-Быйыл айылга бардыңбы?

-Эмне дейсиз деди,...

Далее

Салттуу ЖМКлардын сайтынын популярдуулугун өстүрүү

“Журналисттер” коомдук бирикмеси ушул жылдын март айында Ош жана Бишкек шаарларында “Салттуу ЖМКлардын сайтынын популярдуулугун өстүрүү боюнча” тренинг өткөрөт. Тренинг конвергенттик ЖМКларды түзүү, салттуу ЖМКлардын сайтын колдонуучулардын санын өстүрүү, ЖМК менен сайт бирдиктүү организмдей иштеши үчүн эмне кылуу керектиги туурасында болот. Окууну конвергенттик ЖМКны иштетүүдө чоң тажрыйбасы бар мыкты адистер өткөрөт.

Катыш...

Далее

Дасторкон үстүндөгү этика

goods_249_2_thumb[1]Адамдын дасторкон үстүндө өзүн кармап отуруусунан, тамактануу манерасынан, бычак, кашык жана идиштерди туура пайдалана билүүсүнөн адамдын маданиятына баа берип келишкен. Кээ бирөө, тамак ичкенге эмне кирип кетиптир, ар ким өз билгениндей жейт, дешет, ал туура эмес. Чыканакты кенен коюп, үстөлгө өбөктөп жатып алууда, чыканагы тамак-ашка тийип, ошондой эле жанында олтургандарга да тоскоол болушат.

Же чалкалап, отургучка жарым-жартылай ажыратып алганда, көйнөгүнө же ...

Далее

Елизавета II жөнүндө

280px-Elizabeth_II_greets_NASA_GSFC_employees,_May_8,_2007_edit[1]Елизавета II (толук аты Елизавета Александра Мария) Англия өлкөсүнүн башкаруучуларынан 40-монарх болуп саналат. Елизавета II  французча эркин сүйлөйт жана франциядан келген меймандар менен француз тилинде эркин сүйлөшөт. Ал монарх болгондон бери Кетерберийскдеги алты архиепископ алмашып, Улуу британияга он премьер министр, АКШ га он прездент шайланган. Британиянын азыркы премьер- министри Тони Блер королева бийлик кылып турганда төрөлгөн.(1953- жыл майда) Елизавета 1952-жылы 25 жашында атасы Георгий IY дүйнөдөн кайткандан бери Великобританиянын королевасы. Ушул жылдар ичинде  388 миң сыйлык тапшырып, 540 титул тапшыруу аземине катышкан. Ар бир аптанын шейшембисинде королева өлкөнүн премьер -министри Тони Блерди жеке кабыл алып,  андан өлкөдө болуп жаткан окуялар боюнча отчет алат...

Далее

Кыргызстанда өсүүчү дары өсүмдүктөр

 каз таман Дары өсүмдүктөр — медицинада, ветеринарияда ооруну дарылоо, алдын алуу максатында колдонулат. Алардын дарылык касиети составындагы алкалоиддер, гликозиддер, витаминдер жана башка заттардын болушуна негизделген. Дары заттар кээ бир өсүмдүктөрдүн бүчүрүндө, жалбырагында же сабагында; айрымдарынын гүлүндө же мөмөсүндө, тамырында же кабыгында жана башка органдарында топтолот. Ошондуктан өсүмдүктөрдүн керектүү бөлүгүн гана жыйнап алуу керек. Активдүү заттар түрдүү органдарда ар башка убакытта жыйналгандыктан,  дары  өсүмдүктөрдүн  чогултуу мезгили чоң мааниге ээ. Тамыр-сабак, тамыр, түймөктөр эрте жазда жана күзүндө казылып, жууп кургатылат. Бүчүрү ачылып кете электе чогултуу керек. Кабыкты жазында катып кете электе сыйрып алган оң...

Далее

Кызыктуу фактылар

Кытайда адам организми телефонго заряд катары колдонулушу мүмкүн. Күтүлгөндөй, келечекте смартфондор зарядды адамдын жүрөк согушунан толтуруп алат. Ал үчүн телефонго кичинекей электростанция орнотулмакчы.Ал телефонго энергияны өткөрүп турат. Мындай ыкма жаныбарларда колдонулду.

АКШда атактуу Marlboro тамекисинин “ковбою” өпкө оорусунан каза тапты. Актер жана модель Эрик Лоусон 73 жашта болчу. Анын көз жумушуна көп чылым чегүүдөн пайда болгон өпкө оорусу себеп болду...

Далее

Көптөгөн көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон түрктөрдүн “Даңазалуу доор” сериалы

                                                                                                 imgpreviewCAGJ27C3

                                                                                               imgpreviewCA85L524

                                                                                                 imgpreviewCAQIZYN9

Азыркы учурда КТРКда көрсөтүлүп жаткан “Даңазалуу доор” сериалы көпчүлүк элдин кызыгуусун жаратып, чоңдор да,  кичинелер да кызыгып көргөн сериалга айланды. Анда эмесе сериалдын тарыхына бир аз кайрыла кетсек...

Далее

Азайып бараткан ак турналар

                                                                                              Aerial Ballet

                                                                                                  Ак турналар

Турналардын бул түрү  көптөгөн мезгилге чейин сейрек белгилүү болуп келген. Бирок  1973-жылы турналарды коргоо эл аралык фонду түзүлгөндөн кийин орнитологдор ак турналардын (стерхтердин) жок болуп кетүү коркунучунда  турганын  айтып чыгышкан. Ошондон кийин алар Кызыл китепке киргизилип, абдан дыкат изилдене баштаган.Адистер азыркы мезгилде  3000ге жакын ак турналар бар деп эсептешет...

Далее

Чынгыз Айтматов 85 жашта

№7 Н.Нариманов атындагы гимназия мектебинин 6-классынын окуучусу Зубанова Алина

Далее

Азиядагы шаар мамлекет

18502_original_2

Сингапур республикасы-шаар мамлекет. Ал  Малазия менен Индонезиянын ортосунда Түштүк –Чыгыш Азиядагы  аралда жайгашкан. Республиканын территориясы Сингапурдун негизги  аралында жана дагы 62 чакан аралдарда, аралдардын  жээктеринде жайгашкан.

Сингапур Кытайдын  архивдик маалыматтарында III  кылымдардан тарта  жазылган. XIV кылымдарда  ал Темасек деп аталган жана  көп жылдар  маанилүү соода борбору болуп эсептелген, бирок  бир катар мезгилден кийин   начарлап  кеткен...

Далее

Нобелев сыйлыгы кайсыл жерде, кимдерге тапшырылат

Альфред Нобель

Альфред Нобель                           

Стокгольм

Стокгольм

Нобелев сыйлыгы- эң мыкты  илимий изилдөөлөр үчүн, революциялык табылгалар үчүн, маданиятка же  коомдун өнүгүшүнө кошкон ири салымы үчүн ыйгарыла турган  эл аралык  кадыр-барктуу сыйлыктардын бири.

Нобелев сыйлыгы  Альфред Нобелдин жазып калтырган мурас кагазына  ылайык негизделген. Мураста ал  сыйлыкты дүйнө жүзү боюнча беш илимий багыт боюнча гана ыйгарууга каражат бөлүү мурасы  жазылган. Алардын катарында адабият, физика, химия, физиология жана медицина белгиленген...

Далее

Окутуунун жаңы ыкмаларын пайдалануу мезгилдин талабы

Бактыгул

Окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы орто билим берүү  жайларында жаңы «Старттык эксперимент» усулу менен окутуу жайылтылууда.Бул жаңы ыкманын  өзгөчөлүктөрү жөнүндө  кененирээк маалымат алуу максатында  №31 Курманжан Датка орто мектебинин биология мугалими, «Эл агарттуунун мыктысы» Аттокур кызы Бактыгүл эжейди сөзгө тарттык.

– Эжей, ушул «Старттык эксперимент» ыкмасы жөнүндө кененирээк айтып кетсеңиз?

-Бул ыкма Германияда иштелип чыккан  SEA усулу деп аталат. Азыркы учурда өлкөбүздүн  баардык аймактарында бул ыкманы жайылтуу иштери жүрүп жатат. Бул ыкма иштелип чыкканда ар аймактан тандалган мугалимдер  үчүн  атайын окутуу  курстары ачылган. Азыркы учурда өлкөнүн  бардык облус, шаарларында бул ыкма окутулуп,  жакшы жыйынтык көрсөтүүдө.

Далее

Келечекке кызмат кыла турган көпүрө

DSC_0443

DSC_0444-1

Көпүрөнүн проекти

Көпүрөнүн проекти

Ош шаарынын Навои көчөсүндө курулушу башталган  бул  көпүрө келечекте  Ош шаарындагы кооз курулуштардын бири болмокчу. Ош шаардык мэриясынын вице-мэри Рустам Мирзаматовдун билдирүүсүнө караганда  азыркы мезгилде  көпүрөнүн  алдындагы  коммуникациялык түтүкчөлөр алмаштырылууда. Түтүкчөлөр алмаштырылып бүтөөрү менен курулуш иштери башталмакчы. Курулушту тендерде Кытайлык  көпүрө куруу боюнча чоң тажрыйбасы бар   компания  утуп алды. Жаңы көпүрөнүн  курулушу  500 миллион сом менен бүткөрүлмөкчү. Азырынча курулуш жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражат жана  атайын эсепке которулган, шаар тургундарынын колдоосу менен түшкөн каражат менен башталууда. Көпүрөнүн курулушун Ош шаарынын тургундары колдошууда...

Далее

Япондордун сакурасы

сакура 3

сакура 4

Япониянын илгерки легендасында гүлдөп турган сакураны  суктанып тиктеген адамдын ден соолугу чың болот, өмүрүңдү узартат, жүз жашка чейин жашайсың деп айтылат.

 Сакуранын гүлүнүн  кооздугуна   дүйнө жүзүндө эч бир гүл  тең келе албайт деп эсептешет япондуктар.

 Японияда  гүлдөп турган сакуранын алдында  ыр жазуу салтка айланганын бардыгыбыз эле билбейбиз. Сакура Японияда ыйык дарак катары эсептелет жана анын аурасы поэзия жаратууда таасирин тийгизет деп эсептелет...

Далее

Дүйнө жүзүнө белгилүү кубулуп туруучу хамелеон тоо кайда жайгашкан

Кубулуп туруучу тоо

Кубулуп туруучу тоо

тоо3

тоо

Австралияын борборунда,  Алис-Спринс шаарынан 450 км. алыстыкта жайгашкан,  дүйнө жүзүндөгү эң чоң  кумдан турган монолит.  Эң чоң кызыл Айерс Рок,  же Улуру, аны аборигендер ушундай аташат, Австралиянын белгилүү символдорунун бири. Кызгылтым сарыдан күрөң тартып турган сүйрү формадагы аска  жерден 350 метр бийик көтөрүлүп турат. Дагы үчтөн эки бөлүгү жерге жашырылып турат.  Улурунун узундугу 3,6 км, туурасы 2,9 км, жашы  680 млн. жылды түзөт. 

Далее

Ош шаарында

инфографика

Далее

Кыздар үчүн кеп-кеңеш

Жылан жоргом

Жоргом жасо2 022

ЖЫЛАН   ЖӨРГӨМ

 Кыргыз элинин сыйлуу мейманы келгенде дасторкондун көркүн ача турган тамагынын бири- жөргөм. Азыркы мезгилде жөргөмдү ар түрдүү жасап, кооздоп жүрүшөт. Быйылкы жылда  Жылан жөргөмдөр дасторкондун көркүн ачып келүүдө.

Жылан жөргөм кантип жасалат?

Далее

Кыз балага кеп-кеңеш

imgres

ОЛОБО  ЖАСАШТЫ БИЛЕБИЗБИ?

Кыргыздын  сыйлуу меймандарга койгон тамактарынын бири олобо.  Бирок аны бардыгы эле жасай алышпайт. Олобону даамдуу жасаш үчүн төмөндөгүлөрдү эске алуу зарыл:

  1. Кой сойгондо өпкөсүн бүтүн, эч жерине жаракат кетирбей, кекиртеги менен кошо алып, дароо муздак сууга салып, 15-20 минут   чылап коюу керек. Бул өпкөнүн үйлөгөндө жарылып кетпегидей болуп чыңалышына шарт түзөт.
  2. Андан соң кекиртек аркылуу өпкөгө суу куюп, чайкап, кайра төгүп отурасыз...
Далее

Муну билүү кызыктуу

Кар кишинин  алгачкы издери  кайсыл жерде табылган?

Кар киши сурот

Кар киши-бул легендарлуу, адам түспөлдүү –жер шарынын ар кайсы райондорунан кезиккен табышмактуу  жандык. Анын  аты абдан көп. Гималайда аны йети, Түндүк Кавказда аны-каптар, Азербайжанда –гулей –бани, а Монголияда –алмас, АКШда –бигфут, Канадада-сасквоч деп  аташат.

Далее