тарых tagged posts

«Репрессия» кыргыз интелегенциясына балта чапкан

Адилет Ильяз уулу

1937-жыл кыргыз илтелегенциясы кыйраган жыл, бүтүндөй кыргыз элинин келечегине  балта чабылган мезгил. Кыргыз элинин келечеги  үчүн жан үрөгөн кыраандар «эл душманы» деген жалаа менен «улутчул» деп айыпталып, канчалаган мыкты инсандар атылып кеткен. Кыргызстандын эгемен өлкө болушуна чоң салымын кошкон чыгаан уулдары, эл келечеги үчүн  жан аябаган калк каймактары каргыш баскан репрессиядан оо дүйнөгө мезгилсиз сапар алышкан. Эл -жерди алга сүрөй турган, интелегенттер Сталиндик репрессиянын айынан бул ааламдын асманынан жылт этип өчкөн жылдыздай, канкор бийликтин кан жыттанган мылтыгынан окко учушкан. Алар кыргыз мамлекеттүүлүгү   үчүн өз өмүрүн  тобокелдике салган, кайталангыс инсандар эле...

Далее