
«Данек» гезитинин ачылышы менин дагы бир кесип тууралуу маалымат алышыма, гезиттин ишин ѳздѳштүрүшүмѳ, тажрыйба алышыма ѳбѳлгѳ болду.. Анткени мен буга чейин журналисттин иши ѳтѳ жеңил, алар ѳз уккандарын гана жазып коё берет деп ойлочумун, а негизи бул кесип эмгекти талап кылган түйшүктүү жана жоопкерчиликти талап кылган кесиптердин бири экен. Бир маалыматты башка адамга берүү үчүн мен ойлогондой жѳн гана баяндап коюу менен чектелбейт экенсиң. Ал маалыматтын канчалык деңгээлде туура экендигин далилдеш үчүн кѳп издениш талап кылынаарын билдим
Далее
Комментарии