«Репрессия» кыргыз интелегенциясына балта чапкан

Адилет Ильяз уулу

1937-жыл кыргыз илтелегенциясы кыйраган жыл, бүтүндөй кыргыз элинин келечегине  балта чабылган мезгил. Кыргыз элинин келечеги  үчүн жан үрөгөн кыраандар «эл душманы» деген жалаа менен «улутчул» деп айыпталып, канчалаган мыкты инсандар атылып кеткен. Кыргызстандын эгемен өлкө болушуна чоң салымын кошкон чыгаан уулдары, эл келечеги үчүн  жан аябаган калк каймактары каргыш баскан репрессиядан оо дүйнөгө мезгилсиз сапар алышкан. Эл -жерди алга сүрөй турган, интелегенттер Сталиндик репрессиянын айынан бул ааламдын асманынан жылт этип өчкөн жылдыздай, канкор бийликтин кан жыттанган мылтыгынан окко учушкан. Алар кыргыз мамлекеттүүлүгү   үчүн өз өмүрүн  тобокелдике салган, кайталангыс инсандар эле.

Алардын катарына жыйырманчы кылымдын башындагы элибиздин эркиндиги,мамлекеттүүлүгү үчүн  жан аябай күрөшүп  кызмат кылып, бирок көздөгөн ойлорунун өтөөсүнө чыкпай, каардуу репрессиянын курмандыктары болуп кеткен, кыргыз элинин белгилүү уулдарын кошсок калыстык  болоор. Алардын көч башында эгемендүүлүк деп жан үрөгөн Баялы Исакеев, Жусуп Абдрахманов,Төрөкул   Айтматов, Эркинбек Эсенаманов, Абдыкадыр Орозбеков, Данаке Иманов, Нуркул Кулназаров, Дүйшөнаалы Жабидинов, Абдыкерим Сыдыков, Жайнак Саадаевдер болсо, кыргыз  алиппесин негиздеген Эшенаалы Арабаев, биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстанов жана башка көптөгөн кыргыз интеллигенциясы болгон.  Баса белгилеп кете турган нерсе бул эл уулдарынын түпкүрүндө  эркиндик , мурас маселесинин жаткандыгы. Алар эркиндик идеясы үчүн  өз өмүрлөрүн  арнаган жана аны кийинки муундар үчүн  ыйык мурас катары калтырган.  Ошондо булар атылаарын билген, бирок улут үчүн  идеаларынан баш тарткан эмес. Алар репрессия мезгилинде колу бутун байлап, кордоп жатса да элинин, жеринин кызыкчылыгын саткан эмес. Ошентип Кыргызстандан 40 000 адам бул каргашанын курмандыгы болушту. Бул алаамат  бүтүндөй  кыргыз элинин келечегин талкалаган, калк каймактарын жок кылышып, элдин эртеңине балта чапкан. Каргыш баскан репрессия бүтүндөй  кыргыз жылдыздарын жок кылган.

Эгемендүүлүккө эми кадам таштап жаткан 1991-жылы бир кездерде репрессияга учурап, кандуу жылдарда атылып кеткен 137 адамдын сөөктөрү Чоң-Таштан казылып  алынган убакыттагы окуя ушул күнгө  чейин элдин эсинде го… Кимдир бирөөлөргө  ал окуя алгач сенсация үчүн  кабарлангандай сезилсе да, кийин кыргыздын чыгаан инсандары улуу адамдар Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов,  Баялы Исакеев, Эсенаманов жана башка көрүнүктүү адамдардын аттары далилденип чыкканда каңырыктын түтөгөнүн  айтпаңыз. Кайран адамдар… Ошондогу адамдардын кыжыры, ошондогу каргыш, ошондогу айтылган наалат “репрессия”деп аталган ачуу сөздү бырчалап, талкалап,  тарых барактарына кеткен залкарлардын арбагын кайра тирилткендей болду эле.

Тоталитардык бийликтин кумары үчүн  улуттун канчалаган залкар адамдары гүлгүндөй өмүрүн канкорлорго алдырып ийгени не деген өкүт, не деген кыйроо. Алар болгондо да кыргыз үчүн “каруусун казык, башын токмок” кылып иштешкен, кыргыз үчүн ичкен ашы эмес өмүрүн,  жанын аябаган жылдыздар эле. Алар улуттун чыгаандары гана болушпастан , кыргыз элинин келечеги, үмүтү, тилеги болчу.

Бизге, жаш муундарга келечек, эркиндик арнаган аталар, бүгүнкү биздин жыргал жашообуздун негизи болгон  улуу адамдар эч качан унутулбаш керек. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн  түптөөдө зор эмгек сиңирген кыраандар келечекке идеал бойдон айкөлдүктүн  урааны бойдон калууга тийиш. Алар өз доорунда баркталбай калды, бирок аларды кыргыз эли эч убакта унутпашы керек. Алардын эрдиктерин унутуу бул маңкурттук, сокурлук. Анткени алар ушул эркиндиктин, азаттыктын аталары, кыргыз көчүнүн  баштоочулары. Бул инсандарды ар бир жаш муун, ар окуучу билиши керек. Алар кыргыз элин эл катарына кошуп,  аалымдар  кыргыз алиппесин жаратып, калк сабатын жоюп, мамлекеттүүлүктү   негиздеп, айтор алар Кыргызстанды эркин, сабаттуу, гүлдөгөн өлкөгө  айландырган. Ал адамдар “мен кыргызмын” деген ар бир жараандын жүрөгүндө жашаш керек. Аларды унутуу тарыхый чоң жоготтуу.

                                                        Адилет Ильяз уулу,

                                      №31 Курманжан Датка орто мектебинин  10-Б классынын

                                        окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>