Илгери бир атагы чыккан ууру болуптур. Анын жалгыз баласы бар экен. Баласы чоңойгондо, атасы чакырып алып: Балам, мени сыйласаң ууру бол, мындан бөлөк жакшы кесип жок, деди. Баласы капаланып: Ата, эгер мени адам кылам десеңиз уурулук кесипти үйрөтпө, андан көрө адал эмгек кылайын, деди. Ууру аябай ачууланды: Атанын жолун жолдобойт деген эмне?.. Атанын тилин албайт имиш!.. Менин сөзүм эки эмес, айтканымдан кайтпайм. Бүгүн түнү төмөнкү айылдагы Жоошбайдын кызыл өгүзүн уурдап кел. Уурдабасаң, көзүмө көрүнбөй, ошондон ары жогол!
Далее
Комментарии