ОЛОБО ЖАСАШТЫ БИЛЕБИЗБИ?
Кыргыздын сыйлуу меймандарга койгон тамактарынын бири олобо. Бирок аны бардыгы эле жасай алышпайт. Олобону даамдуу жасаш үчүн төмөндөгүлөрдү эске алуу зарыл:
- Кой сойгондо өпкөсүн бүтүн, эч жерине жаракат кетирбей, кекиртеги менен кошо алып, дароо муздак сууга салып, 15-20 минут чылап коюу керек. Бул өпкөнүн үйлөгөндө жарылып кетпегидей болуп чыңалышына шарт түзөт.
- Андан соң кекиртек аркылуу өпкөгө суу куюп, чайкап, кайра төгүп отурасыз...
Комментарии