Сыйлык – сыймык

Ош шаарында дүйнѳлүк руханий бийиктиктин  чокусу, улуттун  сыймыгы, улуу  жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнѳ карата  Ош шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган «Ч.Айтматовдун чыгармалары окуучулардын жан дүйнѳсүндѳ» аттуу кароо-сынактын жыйынтыгы чыгарылды.Сынак 4-декабрда №42 Керме-Тоо орто мектебинде болуп, шаардагы кыргыз тилдүү бардык мектептердин окуучулары катышты.Окуучулар мыкты даярдыктарын, актердук чеберчиликтерин кѳрсѳтѳ алышты.

Кароо-сынактын жыйынтыгы 15-декабрь күнү Султан Ибраимов атындагы кыргыз улуттук драма театрында чыгарылып, жеңүүчүлѳргѳ сыйлыктар тапшырылды.Байгелүү орунга жетишкен мектептер, чыгармачыл мугалимдер, таланттуу окучулар Ош шаардык мэриясынын Ардак Грамоталары, кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

Баш байгеге №34 орто мектептин жамааты татыктуу болуп, Ноутбук менен, I орунду багындарган №31 Курманжан  Датка атындагы  орто мектеп компьютер, II орунга татыктуу болгон №17 Ю.Гагарин атындагы, №18 Навои атындагы орто мектептер  телевизор менен сыйланышты. Ш орунга №39 Алыкулов атындагы, №42 Керме-Тоо жана №30 Алиев атындагы орто мектептердин жамааттары  татыктуу болушуп…DVD менен сыйланышты.

Бекназар  ЫСАБЕК  уулу,
№17  Ю.Гагарин атындагы  орто мектептин
10″А”    классынын  окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>