Урматтуу балдар жана кыздар!

Бул гезитти негиздеп жатып,  ал мектеп окуучуларынын кызыктуу жашоосун чагылдырган, мектепте, ѳлкѳдѳ жана жалпы дүйнѳ жүзүндѳ жаш балдар менен кыздарды кызыктырган маалыматтар менен билимди камтыган, жашоодо туура жолду кѳрсѳтѳ алган гезит болсо экен дедик. Гезитти мектеп окуучуларынын арасынан тандалып алынган жаш кабарчылар даярдап турмакчы. Анткени мектеп окуучуларынын дүйнѳсүн, кѳксѳѳсүн, каалоо-тилектерин алардан артык ким билет?! Биз бир гана журналистикадагы кѳп жылдык тажрыйбабызга таянып, ѳз кеп-кеңештерибизди айтып, гезиттин кызыктуу болушуна айрым жардамыбызды гана берип турмакчыбыз.

«Данек» гезитин анын ар бир санын мектеп окуучулары чыдамсыз күткѳн гезит болот деген үмүттѳбүз!

«Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат ТОКОЕВ

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>