«Улуттар биримдиги» жана «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясынын» депутаттары Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бирин Чынгыз Айтматовдун атынан атоо демилгесин көтөрүп чыгышты.
Депутаттар ошондой эле кыргыздын улуу жазуучусуна Ош шаарында эстелик орнотууну сунуш кылышты жана бул маселени жакын аралыкта өтө турган депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясында кароону сунушташты.
Быйыл 12-декабрда Чынгыз Айтматов 85 жашка чыкмак...
Далее
Комментарии